"Талибан" аялдар жазган китептерге тыюу салды

Ооганстандагы китепканада отурган эркек кишилер

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооган университеттерине аялдар жазган китептерди окуу программасынан алып салуу тууралуу тапшырма берилди.

"Талибан" өкмөтү Ооганстандагы университеттердин окутуу системасынан аялдар жазган китептерди алып салды. Мындан сырткары адам укуктары жана сексуалдык ыдык тууралуу дарстарды да мыйзамсыз деп тапты.

"Шариятка жана талибдердин саясатына каршы келет" деген жүйө менен "кооптуу" деп табылган 680 эмгектин арасында аялдардын 140ка жакын китеби, анын ичинде "Химиялык лабораториядагы коопсуздук" деген сыяктуу китептер да бар.

Университеттерге 18 предметти окутууга мындан ары уруксат берилбей турганы айтылды. Талибдердин расмий өкүлү алар "шарият принциптерине жана системанын саясатына каршы келет" деп билдирди.

Бул талибдер төрт жыл мурда бийликке кайтып келгенден бери киргизген бир катар чектөөлөрдүн соңкусу болуп калды.

Ушул аптада эле талибдердин жогорку лидеринин буйругу менен кеминде 10 провинцияда оптикалык интернетке тыюу салынган.

«Талибандын» мындай эрежелери Ооганстандагы жашоо-турмуштун көптөгөн аспектилерине кедергисин тийгизсе да аялдар менен кыздарга өзгөчө катуу сокку урулду. Аларга алтынчы класстан өйдө билим алууга тыюу салынды. 2024-жылдын аягында акушердик курстар да тымызын жабылды.

Азыр жада калса университеттерде аялдар жөнүндөгү предметтер да бутага алынууда. Тыюу салынган 18 предметтин алтоосу аялдарга, анын ичинде «гендер жана өнүгүү», «аялдардын коммуникациядагы ролу» жана «аялдар социологиясы» аттуу сабактарга тиешелүү.

«Талибан» өкмөтү ооган маданиятын жана ислам мыйзамдарын өздөрү кандай чечмелесе, ошонун алкагында аялдардын укуктарын сыйлай турганын билдирип жүрөт.

Ооганстандагы кырдаал