Камчыбек Ташиевге эки айып тагылганы кабарланды

Сүрөттүн булагы, Official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге эки берене менен айып тагылганы кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жана "Кактус.Медиа" басылмасы Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловго шилтеме кылып жазышты.
Маалыматка ылайык, Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") беренесинин негизинде айып тагылды.
УКМКнын мурдагы башчысына өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Айткулов кошумчалагандай, Ташиев коюлган айыптарды четке кагат.
Шаршембинин кечинде жергиликтүү басылмалар Ташиев, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев экинчи күн катары менен Ички иштер министрлигине суракка чакырылганын жазышкан.
Тургунбек улуу менен Зулушев кандай негизде суракка чакырылганы азырынча так белгисиз. Ички иштер министрлиги бул тууралуу толук маалымат бере элек.
Бир күн мурда да алар ИИМде сурак берип чыкканы белгилүү болгон.
29-апрелде Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастап, сотто акталарына ишенерин билдирген. Ташиевдин мындай билдирүүсүн анын тарапташтарынын бири, "Регион" телеканалынын башчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбукка жарыялаган.
"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм", - деди Камчыбек Ташиев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул билдирүү 29-апрель күнү эртең менен Ташиевге карата кылмыш иши козголгону тууралуу кабарлар тарагандан кийин жасалган. Расмий органдар Ташиевге кайсы берене боюнча жана кандай жагдайда иш козголгону тууралуу маалымат бере элек.
27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.
Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.
Анткени кат жарыялангандан бир күндөн соң, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Айрымдар бул окуяларга президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп баа беришкен.
57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Мандатын тапшырган депутаттардын арасында парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана депутат Курманкул Зулушев да бар.
































