Иран-Ормуз: Тарыхтагы деңиз блокадаларынан кандай натыйжа чыккан?

Алдыңкы планда тынч көгүлтүр суунун үстү менен ылдам жүрүп бара жаткан чакан кайгуул кайыгы көрүнөт. Анын ичинде көзгө урунган ачык кызгылт сары түстөгү куткаруучу кемселдерди кийген бир нече адам бар, кайыктын алдыңкы бөлүгүндө курал орнотулган. Арткы жагында Ирандын желеги желбиреп турат. Алыстан суунун ичинде оор басып турган чоң кара түстөгү кеме көрүнөт, анын палубасынан сары крандар көтөрүлүп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Би-Би-Синин Перс кызматы
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

АКШ-Израилдин Иран менен согушунда Ормуз кысыгы алдыңкы планга чыкты. Иран бул кысыкты бөгөттөп, мунай ташыган танкерлердин жолун тороп келет. Тегеран кысыкты кыска мөөнөткө ачканы менен жалпысынан аймак Иран күчтөрүнүн көзөмөлүндө кала берүүдө. АКШ болсо Ирандын портторун блокадага алып, тынчтык келишими түзүлмөйүнчө мындай чектөө улана берерин билдирип жатат. Тарыхта бул сыяктуу деңиз блокадалары канчалык ийгиликтүү болгон?

АКШнын деңиз блокадасы согуш маалындагы эски мажбурлоо ыкмаларын көпчүлүктүн эсине салды. Деңиз жолдорун жабуу экономиканы алсыратуу, сооданы үзгүлтүккө учуратуу жана каршы тарапты багытын өзгөртүүгө же багынып берүүгө мажбурлоо сыяктуу максаттарды көздөйт.

Тарых көрсөткөндөй, мындай чаралар кысым көрсөтүүдө натыйжалуу болушу мүмкүн. Бирок алардын кеңири таасири бир жактуу эмес. Кээ бир учурларда, айрыкча дүйнөлүк эки согуш маалында, деңиз блокадалары кайсы бир өлкөнүн согушту улантуу мүмкүнчүлүгүн алсыратууда олуттуу роль ойногон.

Башка учурлар, анын ичинде Газа менен Йеменди блокадалоо узак мөөнөттүү саясий жыйынтык бербестен гуманитардык кризистерди тереңдеткен.

АКШнын Ирандын портторуна коюлган деңиз блокадасын көрсөткөн Би-Би-Си графикасы. Ирандын порттору баса белгиленген. Айланадагы өлкөлөр боз түскө боёлгон. Деңиз аймактары картада белгиленген.

Биринчи дүйнөлүк согуш: Британиянын Германияга каршы деңиз блокадасы

Төрт аял жана бир эркек таштанды үймөгүн таяк же күрөктөр менен эңкейип казып жатышат. Аялдардын бири керектүү нерселерди чогултуу үчүн челекти кармап турат.

Сүрөттүн булагы, Historica Graphica Collection / Heritage Images / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Берлиндин тургундары таштандыларды аңтарып жатышат. Тарыхчылар ошол жаңжал учурунда жүз миңдеген немис жарандары ачарчылыктан каза болгонун айтышат.

Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы Германияга каршы деңиз блокадасы (1914–1919) көбүнчө «алыстан жүргүзүлгөн блокаданын» классикалык мисалы катары көрсөтүлөт. Германиянын портторун түздөн-түз жаап салуунун ордуна, Британия Түндүк деңиздеги үстөмдүгүнө таянып, деңиздеги кыймылды көзөмөлдөп турган.

Королдук деңиз флоту кемелерди текшерип, нейтралдуу өлкөлөргө басым жасаган. Натыйжада Германия дүйнөлүк соодадан иш жүзүндө обочолонгон. Убакыт өткөн сайын тыюу салынган товарлардын тизмеси аскердик жабдуулардан тышкары азык-түлүк менен жер семирткичтерди да камтый баштаган.

Алгач Германия нейтралдуу мамлекеттер менен соода жана ички ыңгайлашуу чаралары аркылуу блокаданын таасирин жумшарта алган. Бирок согуш узакка созулган сайын импорт кескин азайып, негизги ресурстардын жетишсиздиги айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшүнүн кыскарышына алып келген.

Социалдык кесепеттери өзгөчө оор болгон. 1916-жылга карата азык-түлүк тартыштыгы кризиске айланган. «Шалгам кышы» деп аталган учур кыйынчылыктын символуна айланган. Тарыхчылардын баамында, ачарчылык жана ага байланыштуу оорулардан жүз миңдеген жайкын тургун каза тапкан.

Блокада Германиянын жеңилишин шарттаган жалгыз себеп болбосо да, тарыхчылар аны өлкөнүн согушту улантуу мүмкүнчүлүгүн алсыраткан негизги факторлордун бири катары кеңири таанышат.

Экинчи дүйнөлүк согуш: Союздаштардын Жапонияга каршы блокадасы

АКШнын согуш кемелери жана десанттык кайыктары жээк бойлой токтоп турат. Ар бир кеменин баш жагына үч же төрт цифра жазылган. Деңиздин ары жагында дагы көп сандаган кемелер көрүнөт. Жээкте жоокерлер менен аскердик унаалар бар, жээкке жакын жерге жабдуулар үйүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Galerie Bilderwelt / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын басып кирген күчтөрү жана кемелери Жапониянын Окинава аралынын жээгинде, 1945-жылдын апрель айы.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жапония деңиздеги камсыздоо жолдоруна көз каранды болгондуктан блокаданын кесепетин көбүрөөк тарткан. Ал арал мамлекет болгондуктан мунайды, чийки затты жана азык-түлүктү импорттоо, ошондой эле Тынч океандын ар кыл аймактарындагы аскер күчтөрүн туруктуу камсыз кылуу үчүн деңиз каттамдарына таянган.

1943-жылдан тартып АКШнын суу астындагы кемелери жапон соода кайыктарын барган сайын активдүү бутага ала баштаган. Кийинчерээк абадан мина коюу операциялары, айрыкча «Ачка калтыруу операциясы», негизги деңиз жолдорунун ишин ого бетер үзгүлтүккө учураткан.

Согуштун акыркы жылдарында Жапониянын соода флоту дээрлик толугу менен жок кылынган. Согуштан кийинки эсептөөлөр бул кыйроо Жапониянын уруш маалындагы экономикасынын кыйрашында негизги фактор болгонун көрсөтөт.

Германиядан айырмаланып, Жапонияда мындай кысымды жеңилдете турган кургактыктагы жолдору болгон эмес.

Анын багынып бериши бир нече факторлордун жыйынтыгы болгонуна карабастан (анын ичинде атомдук бомбалоолор жана Советтер Союзунун согушка кошулушу) деңиз аркылуу камсыздоо жолдорунун бөгөттөлүшү чечүүчү роль ойногон.

1962-жылдагы Кубага каршы«деңиз карантини»

АКШнын P2V Neptune үлгүсүндөгү кайгуул учагы деңизде бара жаткан жүк кемесинин жанында учуп баратат. Узун кеме бийик мачтасы бар жана анын мурду айланта кара түстөгү тилке менен боёлгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1962-жылы Кубадагы ракеталык кризис учурунда АКШнын Neptune үлгүсүндөгү кайгуул учагы советтик жүк кемесинин жанында учуп баратат.

Кубадагы ракета кризиси маалында деңиз аркылуу кысым көрсөтүүнүн башкача мисалы орун алган. АКШ өз аракетин атайылап блокада деп атаган жок. Анын ордуна юридикалык кесепеттерден качуу үчүн «карантин» деген терминди колдонгон.

Президент Жон Кеннединин тушунда АКШнын деңиз күчтөрү советтик аскердик жабдуулардын Кубага жетишине жол бербөө үчүн аймакка жөнөтүлгөн.

Максат чектелүү жана так болгон: ракеталарды мындан ары жайгаштырууну токтотуу жана Москва менен сүйлөшүүлөр үчүн басым рычагын түзүү.

Операция бир айга жетпеген убакытка созулуп, негизинен карама-каршылыкты ооздуктоо функциясын аткарган. Кагылышуудан кооптонгон айрым советтик кемелер артка кайтып кетишкен.

Тынымсыз дипломатия менен айкалышкан бул тиреш советтик ракеталардын Кубадан, ал эми жашыруун түрдө АКШнын ракеталарынын Түркиядан чыгарылышы менен аяктаган. Өзүнүн расмий максатынын негизинде бааланганда «карантин» кеңири түрдө натыйжалуу болгон деп эсептелет.

Иракка карата Бириккен Улуттар Уюмунун деңиз санкциялары

Портто балдар сүзүп жүрүшөт, ал эми башкалары «Al Mansur» деген ат алтын тамгалар менен жазылган, дат басып кеткен чоң кеменин жанындагы жээкте турушат. Порттун четтерине автоунаалардын эски дөңгөлөктөрү илинип турат.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2003-жылдагы Ирактын Басра порту. 1991-жылдагы согуштан жана узакка созулган санкциялардан кийин өлкөдөгү жалгыз терең суу порту кароосуз калган кемелер токтогон жайга айланган.

1990-жылы Ирак Кувейтке басып киргенден кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Багдадга кеңири санкцияларды киргизген. Алардын ичинде деңиз аркылуу жүргөн каттамдарды көзөмөлдөө жана чектөө чаралары да бар эле.

1990-жылдардан 2000-жылдардын башына чейин күчүндө болгон бул көзөмөл чаралары Иракты экономикалык жактан обочолонтуп, эл аралык талаптарды аткарууга мажбурлоону көздөгөн аракеттердин маанилүү бөлүгүнө айланган.

Ирактын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонуна карабастан деңиздеги көзөмөл чаралары мунай экспортун азайтууда роль ойногон. Бирок кургактыктагы багыттар санкцияларды айланып өтүүгө мүмкүндүк берип, блокаданын таасирин басаңдатып турган.

Иш жүзүндө бул чаралар кеңири санкциялар жана аскердик кысым менен айкалышканда эң натыйжалуу болгон.

Мурдагы Югославияга каршы деңиз аркылуу ишке ашырылган санкциялар

1992-жылдын 30-апрелинде Адриатика деңизинде алты боз түстөгү согуш кемеси сап түзүп сүзүп бара жатат. Алар жаркыраган көгүлтүр деңизде Лангмюр циркуляциясы деп аталган ак издерди калтырып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1992-жылдагы НАТОнун көп улуттуу деңиз күчтөрү. Биргелешкен күчтөр Бириккен Улуттар Уюмунун Сербия менен Черногорияга каршы деңиз санкцияларын ишке ашырышкан.

Балкандагы согуштар маалында Югославия Федеративдик Республикасына каршы Бириккен Улуттар Уюмунун санкциялары НАТОнун жана Европа Биримдигинин биргелешкен операциялары аркылуу деңизде ишке ашырылган.

1992–1996-жылдары Адриатика деңизинде миңдеген кемелер текшерилип, жүздөгөнү багытын өзгөрткөн же токтотулган. Географиялык аймактын салыштырмалуу чакан болушу көзөмөлдү жүргүзүүнү жеңилдеткен.

Бул операциялар эрежелерди бузгандардын чыгымын көбөйтүү аркылуу санкциялардын натыйжалуулугун күчөткөн. Бирок алар өз алдынча жаңжалды токтото алган эмес.

Маселенин жөнгө салынышы үчүн аскердик жана дипломатиялык басымдын кеңири айкалышы талап кылынган.

Газаны блокадалоо

Сары жана жашыл түскө боёлгон чакан беш даана жыгач моторлуу кайык ошол эле түстөгү чоң балыкчы кайыктын жанында турат. Алар кызыл, ак жана жашыл түстөгү палестиналык желектерди желбиретип жатышат. Чакан кайыктардын үстүндө же ичинде бир-экиден эркек киши турат же отурат. Чоң кайыктын ичинде бир нече адам бар. Алыстан, деңиздин ары жагында, бийик морлор жана өнөр жай курулуштары көрүнөт.

Сүрөттүн булагы, Majdi Fathi / NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы Газа тилкесине коюлган Израилдин деңиз блокадасын бузууга аракет кылгандардын арасындагы палестиналык балыкчы кайыктары.

2007-жылдан бери күчүндө турган Газага коюлган блокада каттамдарга, соодага жана ресурстарга коюлган кеңири чектөөлөр тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.

Анын деңиздеги бөлүгү 2009-жылдан тартып күчөтүлгөн. Анын алкагында деңизге жетүү жолдору бөгөттөлгөн. Израил бул чаралар курал-жарак аткезчилигинин алдын алуу үчүн зарыл экенин айтат. Гуманитардык уюмдар болсо чектөөлөр Газадагы экономикага жана жашоо шарттарына олуттуу зыян келтиргенин билдиришет.

Блокаданын укуктук макамы талаштуу бойдон калууда. БУУнун Эл аралык соту 2024-жылкы консультативдик корутундусунда палестин аймактарындагы абал боюнча тынчсыздануулар уланып жатканын белгилеген.

Чектөөлөр көп жылдардан бери уланып жатканы менен блокада аймактагы кайталанган зомбулукту токтото алган жок. Блокада кысымды сактап турганы менен туруктуу коопсуз абалга же саясий чечимге жол ачкан жок.

Йеменге каршы Саудия жетектеген блокада

Расмий документтерди кармап, платформаны көздөй кол сунуп жаткан эркектер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Йемен оор гуманитардык кризистерди баштан кечирди.

2015-жылдан бери Саудия жетектеген коалиция Йемендин портторуна жана аба мейкиндигине чектөөлөрдү киргизип келет. Максат — хусит күчтөрүнө курал-жарак агымын чектөө.

Йемен импортко катуу көз каранды болгондуктан бул чаралар жайкын тургундарга түздөн-түз таасирин тийгизген. Бириккен Улуттар Уюму ачарчылык коркунучу, күйүүчү май тартыштыгы жана саламаттыкты сактоо системаларындагы кыйынчылыктар тууралуу бир нече ирет эскертип келди.

Текшерүү механизмдери коопсуздук маселелери менен гуманитардык муктаждыктардын ортосундагы тең салмакты сактоого багытталган. Бирок кечигүүлөрдөн улам товар агымы үзгүлтүккө учураган.

Блокада хуситтерге болгон басымды күчөткөнү менен чечүүчү жыйынтыкка алып келген эмес. Тескерисинче, ал узакка созулган гуманитардык кризиске салым кошуп, эл аралык коомчулуктун туруктуу сын-пикирин жараткан.