Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде артка кетти

Сүрөттүн булагы, screenshot
"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча жарыяланган жаңы рейтингинде Кыргызстан эки баскычка ылдыйлап, 144-орундан 146-орунга жайгашты.
Эл аралык уюмдун баяндамасында Борбор Азияда медиага болгон басым күчөп, өкмөт салттуу жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөөнү улантып, өз таасирин жеке медиага жайылтууга аракет кылып жатканы белгиленген.
Рейтингде Казакстан 149, Өзбекстан 147, Тажикстан 155, ал эми Түркмөнстан 173-орунда турат.
Баяндаманын Кыргызстан камтылган бөлүгүндө өлкөдө бир катар басылмалар жабылып, айрымдары экстермисттик деп табылганы белгиленген.
Авторлор Кыргызстанда бийлик цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алганын кошумчалаган.
"Президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) жалган маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам Конституцияга жана эл аралык келишимдерге каршы келет. 2025-жылдын августунда ал медиалар үчүн катуу талаптарды киргизген жаңы мыйзамга да кол койгон. Бул мыйзам медиаларды милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө мажбурлайт жана соттун чечими менен аларды токтотууга же жабууга жол берет", - деп жазылган баяндамада.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жетиштүү түрдө корголгонун дайыма айтып келет. Президент Садыр Жапаров 29-январда "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда "сөз эркиндиги да, демократия да бар" экенин, жарандар "өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип" жатканын, социалдык тармактарда да, маалымат каражаттарында да "каалаганын каалагандай эле айтып жатканын" белгилеген.
RSF уюму бул ирет баяндамада камтылган 180 өлкөнүн жарымында басма сөз эркинидигин абалы оор деп сыпатталганы, орточо упай мынчалык төмөн болбогону айтылган.
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Молдова 31-орунга жайгашып, "жетишерлик жакшы" деп бааланган жалгыз өлкө аталган.
Баяндамада Орусия жана Беларус журналисттер үчүн эң ири абакка айланганы айтылган.
































