"Өзгөчө кырдаалга негиз жок". Бишкекти кыйнаган кыш менен ыш

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын баш калаасы соңку күндөрү абасы булганыч шаарлардын дүйнөлүк тизмесинде биринчи орундан түшпөй келатат. Ал ортодо шаардагы экологиялык кейиштүү абалды Жогорку Кеңеште кезектеги ирет талкуулап, мамлекеттик органдардын абалды оңдоого даярдыгы жогун ашкере кылды.

Бишкек ыш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Парламенттеги жыйында депутаттар баш калаада абанын булганыч маселесин көтөрүп, өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз барбы деп сурашты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эдилбек Кулматов ага негиз жок деп билдирди:

“Себеби, Кыргызгидрометтин Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы үч райондо 50 датчиги бар. Алар көрсөткөндөй абадагы зыяндуу бөлүкчөлөрдүн нормасы 9-9,5 эсе көп болгон. Ал эми тиешелүү токтомго ылайык нормадан 50 эсе ашканда гана өзгөчө кырдаалдар киргизилет”,– деди.

Ошол эле убакта депутат Исхак Масалиев анын үйүндөгү датчик нормадан отуз эсе көптү көрсөтүп жатканын айтты. Министрдин орун басары каттоодон өткөн стандарт приборлордун көрсөткүчү гана эске алынарын айтты. Ошентип өкмөт өзүнүн датчиги менен, шаардыктар өзүнүн датчигинин маалыматына таянып жашап жатат.

Анткен менен министрдин орун басары абанын булганышы нормадан тогуз эседен көп болгондо адамдардын ден-соолугуна зыян болорун танган жок. Бирок андай зыянды эсептеп чыкканга Саламаттык сактоо жана Экология министрликтеринин дагы даярдыгы жок болуп чыкты.

Бишкектин экологиясын жакшыртуу үчүн даярдык иштери жок болгон үчүн экология жана өзгөчө кырдаал министрлерин кызматтан кетирүү жөнүндө депутаттардан сунуштар айтылды.

Кыргызстандын баш калаасындагы абанын булганышы көп жылдан бери жүрөк өйүгөн маселе болуп келатат. Кышында от жагуу сезону башталганда Бишкектин абасы ышка толуп, шаардыктар тумчугуп калат.

Бишкектин абасын булгаган негизги факторлордун бири электр жылуулук борбору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин абасын булгаган негизги факторлордун бири электр жылуулук борбору

Бишкектин 40% көмүр жагат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шаардын абасын булгап жаткан негизги факторлордун бири болуп кышында жагылган көмүр эсептелет. Биринчи кезекте бул миңдеген тонна көмүр жаккан Бишкек жылуулук борбору жана шаардагы жеке менчик үйлөр, шаарды курчаган жаңы конуштар, алардын баары көмүр жагат.

Бишкек шаарын курчаган 47 жаңы конуш бар, аларда 70 миңге жакын эл жашайт. Дүйнөлүк банктын изилдөөсү боюнча шаардын калкынын 40% кышында көмүр менен үйүн жылытат.

Бишкек шаардык экология башкармасынын башчысы Нурлан Шаршеев Би-Би-Сиге берген маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун үй чарбалары жаккан көмүрдөн абага чыккан булгоочу заттардын көлөмү өткөн жылы 1717 тоннаны түздү. Анын ичинде өнөр жай жана өндүрүш объектилеринен булгоочу заттардын чыгышы жылына 1189,7 тонна болду.

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасындагы 53 от казандын ичинен 23 отун көмүр менен иштейт. Алардан чыккан булгоочу заттар жылына 579 тонна болот. Бишкек ЖЭБде 2021-жылы болжол менен 11 000 т. көмүр жагылды. Андан абага бүркүлгөн булгоочу заттар 23 761 тоннаны түздү.

Буга кошул-ташыл машина дөңгөлөктөрүн, тигүүчү фабрикалардын калдыктарын жана башка таштандыларды өрттөө дагы абаны булгап жатат дейт изилдөө жүргүзгөн адистер.

“Кышында көмүр жаккан үчүн ушундай болуп жатат деп аргумент кылышат. Бирок от жакпаган учурда деле сары болуп турат. Демек, бул машинелер, чаң, ошолор эле таштандыларды өрттөөнүн натыйжасы”,-дейт Бишкектин экологиясын изилдеп келаткан профессор Рахат Сабырбеков.

Автоунаалардын 93% эски - чыгарган газы нормадан жогору

Бир миллиондон ашык автоунаанын үчтөн бир бөлүгү Бишкекте, көбү эскилиги жеткен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир миллиондон ашык автоунаанын үчтөн бир бөлүгү Бишкекте, көбү арзан алынып келинген эскилиги жеткен машиналар.

Кыргызстанда бир миллион 100 миң автоунаа болсо, анын үчтөн бири баш калаа Бишкекте. Эгерде 2012 - жылы 146 миң автоунаа болсо, 2021-жылы алардын саны 406 835 болду. Анын ичинен 380 946 (93,6 %) моралдык жана физикалык жактан эскирген унаалар, иштөө мөөнөтү 15 жылдан эчак ашкандар. Ошол себептүү зыяндуу газды чыгаруу деңгээли жогору.

Ал аз келгенсип, күнүнө миңдеген машиналар шаарга чыгыштан да, батыштан да кирет. 2021-жылы автотранспорттон аба бүркүлгөн зыяндуу заттардын көлөмү 240 миң 959 тонна түздү.

Мыйзам боюнча абаны нормадан ашыкча көп булгаган транспортту алып келүүгө, пайдаланууга тыюу салынат. Бирок сырттан келип аткан автомашиналардын баарын текшерүүгө экологдордун чамасы чак.

"ИИМ менен планыбыз бар. Рейддерге чыгып, машиналарды текшерип атабыз. Бирок колубузда аппарат азыррак болуп атат, ошону көбөйтүшүбүз керек",-дейт Жаратылыш ресурстары, экология министрлигинин шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев.

Эксперттер биринчи кезекте шаарда коомдук транспортту өнүктүрүү, аны электрге көчүрүү, жашылдандыруу, экологияга зыяндуу транспортко салыкты көбөйтүү, ошондой эле зыяны аз отунду алып кирүүгө салыктан жеңилдик берүү, жеке сектордогу жылытуу системаларын өркүндөтүү, эл ичинде түшүндүрүү иштерин күчөтүү сыяктуу чараларды сунушташууда.

“Биринчиден коомдук транспортту өнүктүрүп, аны электр транспортко алмаштыруу керек. Биздин изилдөө боюнча, электроавтобустар кымбат болгону менен эксплуатациялык чыгымдары аз. Газ же бензин менен жүргөн транспортко салыштырмалуу бир канча эсе арзан. Бирок баштапкы баасы арзан, ошого байланыштуу албай атышат. Негизги стратегия жок болуп атат электр транспортко массалык түрдө өткөнгө”,-деди Азамат Акелеев, БУУнун долбоорунун эксперти.

 Бийлик электромобилдерди алып келүүгө бажы салыгын алып салганы жакшы кадам болду. Бирок бул жетишсиз, шаарда электромобилдерди тейлөөнүн инфарструктурасын куруу керек.

“Ракка алып келген газдар машинеден чыгат. Аны эч ким ченебейт. Ошондуктан жыл сайын эле бизде респиратордук, рак оорулары жылдан жылга көбөйүп келатат. Мунун түз байланышы бар, машинелердин саны менен ошол оорулардын көбөйүшүндө”,-дейт профессор Рахат Сабырбеков.

“Атмоcфералык абаны коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жарандар ден соолугуна булганыч заттардын зыяны тийгенде ал үчүн кенемте алууга акылуу. Бирок мындай арыз-доомат менен кимдир бирөө сотко кайрылган учур боло элек.