Аннексияланган Севастополдун экс-губернатору Лондондо бошотулду. Анын британ паспорту бар болуп чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лондондогу Саутуарк районунун королдук соту мурунку орус аткаминери Дмитрий Овсянниковду күрөө менен бошотту. Ал Орусия аннекциялап алган Крымда, 2016-2019 жылдары Севастополдун губернатору болгон.
Сот залынан Би-Би-Си Орус кызматынын кабарчысы Григор Анетисян билдиргендей, соттук угуу учурунда Овсянниковдун орусиялык гана эмес британиялык паспорту дагы бар экендиги аныкталды.
Жыйынга катышкан Овсянников Лондондо 22-январда камакка алынган. Ал санкциялык режимди бузган жана арам акчаларды адалдаган деп айыпталууда. Ишти АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна окшоштурулуп түзүлгөн британиялык Улуттук кылмыш агенти (NCA) козгогон.
Кепилдиктин шарттары боюнча, Овсянниковдун орусиялык жана британиялык паспорттору укук коргоо кызматкерлеринде калат, ал эми өзү 21:00-05:00 чейин коменданттык саатты электрондук билерик менен үйдө сакташы керек. Ошондой эле ал күнүгө полицияга өзү тууралуу кабарлап турууга милдеттүү болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Times гезити NCAга шилтеме кылып жазгандай, мурдагы орус аткаминеринин (ал 2020-жылы мамлекеттик кызматтан кеткен) HBOS финансылык тобунун банктарынын бириндеги эсебинде 65 миң фунт стерлинг (болжол менен 82,5 миң доллар) болгон. Андан тышкары андан 77,5 миң фунт стерлинг (болжол менен 98,5 миң доллар) накталай акча алынган.
Экс-чиновниктин соту 2025-жылдын март айында болот.
Омскиде туулуп-өскөн Овсянников орус өкмөтүндө көп убакыт иштеген. Ал оккупацияланган Крымда иштегенге чейин жана андан кийин соңку кызматы - өнөр жай жана соода министринин орун басары болгон.
2020-жылы ал Ижевск аэропортунда чатакка аралашып, кызматкерлер аны сөгүнгөн жана документтерди көрсөтүүдөн баш тарткан деп айыпташкан. Андан кийин Овсянников кечирим сурап, отставкага кетүүгө макул болгон.
Аннексияланган Крымдагы иши үчүн ал Евробиримдик, АКШ, Британия жана башка өлкөлөрдүн санкцияларына кабылган.
2022-жылы Овсянников сот аркылуу европалык санкцияларды алып салууга жетишти. Евросот чиновник кызматтан кеткенден кийин бийлик менен байланышта болгон эмес жана "Украинага дестабилдештирүүчү таасири" жок деп тапты. Бирок ал Британиянын санкция тизмесинде калган.
Овсянников британ жарандыгын кантип жана качан алганы айтылган эмес.
Британ басма сөзүнүн айтымында, Овсянников тарыхта Улуу Британияда Орусияга каршы санкцияларды бузган деп айыпталган биринчи адам.
Британияда орусиянын байлары каткан каражаттар барбы?

2022-жылы жарыяланган маалыматтарда бул тууралуу да маалыматтар камтылган. Орусиядагы жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн бай адамдар менен компаниялар Британиянын каржылык жана кыймылсыз мүлк базарларына мыйзамдуу түрдө инвестиция салышат.
Бирок Transparency International аттуу антикоррупциялык уюм аныктап чыккандай, Британияда 5 миллиарддан ашуун фунт стерлингди чапчыган мүлк “күмөндүү байлыкка” сатылып алынган жана анын бештен бири Орусиядан келген.
Ички иштер министрлигинин отчетунда айтылгандай, Британияда “Орусиядан келген же Орусияга байланышы бар мыйзамсыз каражаттын олуттуу көлөмү” байкалууда. Каражат шаан-шөкөттүү кыймылсыз мүлк, автомашина жана билим алуу үчүн жумшалып, кээде маданий мекемелерге кайрымдуулук иретинде берилип келет. Бул адамдарга “өзүнүн аброюн тазалоого” мүмкүнчүлүк түзөт. (NO)












