You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина, Северодонецк: "Биз бир атсак, алар он жолу атууда"
Квентин Соммервил
Би-Би-Си, Лисичанск, Украина
Россиянын аскери Северодонецк шаарына кирип, бүт Донбассты ээлеп алуунун аракетин көрүүдө. Луганск областтык администрациянын башчысы Сергей Гайдай Лисичанск, Северодонецк жана Рубежныйдын англомерациясында атышуулар абдан катуу жүрүп жаткандыктан, курмандыктарды эсептөө такыр мүмкүн эмес деп билдирди. Россия бул жерде алсыратуунун эмес, бүтүндөй кыргын согушун салып жатат.
Бир нече күн мурда эле мен Лисичанскиде бир үйдүн үстүнөн Северодонецкини кантип бомбалап жана аткылап жатышканына байкоо салдым эле. Ар бир мүнөт сайын бирден снаряд жарылып турду. Шаар күйүп атты.
Лисичанскиде болсо киши деле калбай баратат. Көчөдөн анда-санда бир жан көрсөн көрдүң, болбосо жок. Артиллериялык соккулар – бул реалдуу жана кайра-кайра болуп аткан коркунуч. Талкаланып, араң турган имараттардан быркыраган майда чаң жайкы желге сапырылат.
Украинаны бүт басып ала албай, орус аскерлери эми бардык күчтү Донецк менен Луганскиден турган Донбасска коюшту. Эгер Северодонецк менен Лисичанск тизе бүксө, анда бүтүндөй Луганск областы оккупацияда калат. Россия азыр жөн эле алсыратып багынтып алуунун эмес, кыргын согушун салууда.
Украинанын Луганск областынын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Сергей Гайдай Северодонецкиде эң негизги инфраструктура кыйрап бүткөнүн айтты. Ал мурдарак украин аскерине Лисичанскиден кетүүгө туура келет деп жаткан эле.
Англомерацияга Рубежный, Северодонецк жана Лисичанск шаарлары кирет. Рубежныйдагы кыйроолор орус артиллериясынын кыйраткыч мүнөзүн даана көрсөтөт. Лисичанскиден караганда жашыл фондо кара так пайда болуп, чакан шаар жер үстүндөгү шамы жалп өчтү.
Рубежныйдын алынышы Путиндин аскерлеринин стратегиясында маанилүү бурулуш. Согуштун биринчи айларындагыдай бронетанкалык техниканын, танкалардын жана жөө аскерлердин чубалжыган колоннасы жок, азыр артиллерия гана дүңгүрөтүп кыйсыпыр салып атат. Рубежныйда күнүгө бир жарым миң снаряд жарылып турду.
Украин командирлеринин айтымында, коргоочуларга Батыштын эң жаңы куралдары абдан керек болуп жатат. Ансыз душманды токтотуу оңой болбойт.
Донбасс Украинанын бүт чыгышынан башталып – түндүктөгү Северодонецкиден түштүктөгү Мариупол турган Азов деңизинин жээгине чейин кетет.
Мариупол жакында эле көпкө созулган салгылашулардан кийин «Азовсталь» заводу камоого алынганда гана каратып алынып, орус армиясынын бул согуштагы эң олуттуу жетишкендиктеринин бири болуп калды.
Президент Владимир Зеленский өткөн аптада Украина бул региондо күнүгө элүүдөн жүзгө чейин аскерин жоготуп жатканын билдирди.
Лисичанскиде мен өлкөнүн Улуттук гвардиясынын чалгын бөлүмүнүн катардагы жоокери Владимир менен таанышып калдым. Анын айтымында, орус аскерлери кырдаалга ыңгайлаша баштады, алар башында качырып кирип барып, тумшукка жеп жатса, азыр жөө аскер ала албагандын баарын жер менен жексен кылууда.
Донбасстагы украин аскери колуна жаңы курал кармагандар эмес, алардын көбү Россия колдогон жикчилдер менен кармашып жүргөн, бир топ тажрыйбасы бар.
Бирок бул согушта аларга жөн эле куралдуу кошуун эмес, эбегейсиз аскер жана техника ресурсу бар регулярдуу армия каршы турат. Донбасстагы колдонулуп жаткан Россиянын куралдары эң тажрыйбалуу жоокерлердин да оозун ачырууда. (КС)