Окумуштуулар адамдын жасалма ДНКсын жаратууга киришти

Ушул күнгө чейин бул багытта изилдөө жүргүзүүгө катуу тыюу салынып келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Паллаб Гош
    • Role, Би-Би-Синин илимий кабарчысы
    • Author, Гуиндаф Хьюз
    • Role, Илимий видеограф

Кембридж окумуштуулары илимий изилдөө тарыхында болуп көрбөгөндөй долбоорго белсенди. Анын алкагында адамдын ДНКсынын структуралык компоненттерин түп-тамырынан баштап, атом-атомдон курап, баштапкы химиялык элементтерден чогултууну көздөөдө.

Ушул күнгө чейин бул багытта изилдөө жүргүзүүгө катуу тыюу салынып келген. Анткени адамдын геномун оңдоо акыры "дизайнерлик наристелердин" (алдын ала программаланган мүнөздөмөлөрү менен) жаралышына алып келет деген кооптонуулар бар эле.

Эми азыр британиялык Wellcome Trust ири медициналык кайрымдуулук уюму аталган долбоорго алгачкы 10 миллион фунт стерлинг (болжол менен 13,7 миллион доллар) бөлдү. Мындай кадамын уюмдун өкүлдөрү бүгүнкү күнгө чейин айыккыс генетикалык оорулардын азабын жеңилдетип, аларга каршы атайын дарыларды издөөнү кыйла тездетет деп түшүндүрдү.

Долбоордун жетектөөчү изилдөөчүлөрүнүн бири, Кембридждеги MRC Молекулярдык биология лабораториясынын өкүлү Жулиан Сейлдин айтымында, бул изилдөө биология тармагында чоң ачылышты жасап, илимий чөйрөнү жаңы бир тепкичке жогорулатат.

"Гендер менен каалаган нерсени жасоого болот – эч кандай чектөөсүз. Пациенттин абалын карыган сайын жакшыртып, натыйжада дарттарын азайтып, дени сак карылыкты камсыз кылуучу дарылоо ыкмалары жөнүндө айтылууда", – деп түшүндүрдү ал.

"Бул ыкма менен биз белгилүү бир ооруга туруштук берген клеткаларды кантип түзүүнү үйрөнгүбүз келет, алар ткандардын жана органдардын жабыркаган жерлерин алмаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Мисалы, боор, жүрөк, ал тургай иммундук системага дагы", – деп кошумчалады Сейл.

Бирок бул ишти сындагандар дагы жок эмес. Алардын айтымында, аталган изилдөө генетикалык жактан жеткилең адамдарды жаратууну көздөгөн абийирсиз изилдөөчүлөргө жол ачат деп кооптонушат.

"Бардык окумуштуулар бир гана пайдалуу ачылыштарды жасоого умтулаары, талашсыз. Бирок ошол эле учурда илимий чөйрөнү туура эмес багытта, согуш жүргүзүү үчүн да колдонулушу мүмкүн", – деди Beyond GM демилге тобунун жетекчиси Пэт Томас.

Би-Би-Си бул изилдөөнүн чоо-жайын "Адам геному" аттуу ири долбоорунун аякташынын 25 жылдыгына карата баяндайт. Анда адамдын ДНК молекуласынын ырааттуулугу толугу менен чечмеленип, Wellcome фонду тарабынан дагы каржыланган.

ДНК түзүмү боюнча төрт кичинекей блокторунан эле турат

Сүрөттүн булагы, BBC News

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биздин организмдин ар бир клеткасында керектүү генетикалык маалыматты камтыган ДНК молекуласы бар.

ДНК түзүмү боюнча төрт кичинекей блокторунан эле турат. Алар салттуу түрдө латын тамгалары менен A, G, C жана T деп белгиленип, ар кандай комбинацияларда миллиондогон жана миллиарддаган жолу кайталанат.

Таң калыштуусу, дал ушундай жөнөкөй жол менен клеткада бизди ким экенибизди ачыктаган бардык генетикалык маалыматтар сакталган.

"Адам геному" долбоору окумуштууларга генетикалык чынжырдын бөлүктөрүн штрихкод сыяктуу окууга мүмкүндүк берди. "Адамдын синтетикалык геному" деп аталган жаңы иш биологияны илим катары жаңы деңгээлге жогорулатып, изилдөөчүлөргө ДНК молекуласын окуу менен гана чектелбестен, анын фрагменттерин, ал эми келечекте, балким, бүтүндөй молекуланы кайра жаратууга жол ачат.

Биринчи кезекте окумуштуулар адамдын ДНКсынын чоңураак бөлүктөрүн, атүгүл синтетикалык хромосомаларды жасалма жол менен жасаганды үйрөнүшү керек. Алардын арасында биздин өсүп-өнүгүүбүздү, ткандардын калыбына келишин камсыздаган жана организмдин жалпы тиричилигин колдогон гендер камтылган.

Андан соң аларды ар кандай эксперименттер аркылуу изилдөөгө киришсе болот. Анын натыйжасында, ДНК чынжырындагы тигил же бул гендин биздин организмди кандай иштетип жатканын көрсөтөт.

Сенгер институтун жетектеген Мэтью Херлз көп оорулар кайсы бир гендин туура эмес иштешинен келип чыгаарын, ошондуктан жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр дарылоонун жаңы ыкмаларын сунуштай алаарын белгиледи.

"Түп-тамырынан баштап ДНК молекуласын түзүүнү үйрөнсөк, биз генетикалык коддун чындыгында кантип иштээрин текшере алабыз. Аны менен катар көптөгөн генетикалык теориялар тастыкталмак же жокко чыгарылмак. Анткени бүгүнкү күндө мындай иш тирүү организмдердин ДНК чынжырына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен гана жасалууда", – деп түшүндүрөт профессор.

Мындай ыкма жасалма жол менен бир нерсе жаратууга жол бербейт

Сүрөттүн булагы, BBC News

Аталган долбоордун алкагындагы изилдөө иштери атайын пробиркаларда жана Петри идиштеринде гана жүргүзүлөт. Мындай ыкма жасалма жол менен бир нерсе жаратууга жол бербейт.

Долбоордун түпкү максаты медициналык багыттарды гана көздөсө, бул технологияны ак ниетсиз окумуштуулар тарабанынан туура эмес багытта колдонуусуна эч нерсе тоскоол боло албайт.

Мындай жол менен биологиялык курал же робот-адамдарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берээрин Эдинбург университетинин генетиги, жасалма адам хромосомаларын түзүү ыкмасын иштеп чыккан профессор Билл Эрншоу билдирди.

"Жин бөтөлкөдөн чыгып кетти. Биз, албетте, азыр бир катар чектөөлөрдү киргизе алмакпыз, бирок тиешелүү жабдууларга мүмкүнчүлүгү бар уюм ушуга окшогон нерсени синтездөөгө киришсе, аларды токтотуу жолу жокко эсе", – деп Эрншоу Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

Ал арада Beyond GM демилге тобунун жетекчиси, профессор Пэт Томас медициналык компаниялар бул технологияны кандай максатта колдонушат деп кабатырланууда.

"Эгерде биз жасалма жол менен органдарды, атүгүл жасалма адамдарды жарата алсак, алар кимге таандык болот? Жана бул эксперименттердин жүрүшүндө алынган маалыматтар кимге таандык болот?", – деген суроо узаткан.

Технологияны туура эмес багытта пайдалануу коркунучун эске алып, Wellcome уюму бул долбоорду эмне үчүн каржылоого киришкенине коомчулукка түшүндүрүүгө аргасыз болду.

Бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл алган жана акча бөлүүгө макулдук берген доктор Том Коллинздин айтымында, ал бардык "жакшы" жана "жаман" жактарын кылдаттык менен таразалаган.

"Биз бул жаатта эч бир аракет кылбай жүрө берсек, анын наркы канчага туурарын талдадык. Эртели-кечпи бул технология изилденет. Бул ишти канчалык эрте баштасак, биз жок дегенде аны мүмкүн болушунча жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле этикалык жана моралдык маселелерге мүмкүн болушунча эртерээк туш болобуз", – деп түшүндүрдү окумуштуу Би-Би-Сиге.

Бул илимий изилдөөлөр менен катарлай социалдык сурамжылоо программасы дагы ишке ашырылат. Аны Кент университетинен социологу, профессор Джой Чжан жетектейт.

"Эксперттердин, социологдордун жана карапайым калктын бул технологияга кандай көз карашта экенин, алардын андан кандай пайда аларын билгибиз келет. Аларда балким кандайдыр бир кооптонуулар бардык, ошону дагы аныктагыбыз келет", – деди ал. (КВ)