Германия тарыхты артка таштап, согушка камына турган болду
Сара Рейнсфорд, Би-Би-Синин кабарчысы,
Мюнстер - Берлин

Согуштун чеги делген линияда турган ракета коё берүүчү түзүм күүлдөп, кочкул түстөнгөн коюу чаңды абага бүрктү. Ракета асманга карай атып чыгаарына саналуу көз ирмем калганда бештен артты көздөй санак жүрөт дагы, "аткыла" деген буйрук берилет.
Жарылуу жана дүң-даң эткен катуу добуш бул машыгууларды коштоп, дээрлик тынчыбай турат. Мюнстер деген коңшу айылдагылар муну уга берип, бышы кулак болуп калган немедей ага анчейин деле көңүл бурушпайт.
Бирок жакында бул жерде азыркыдан да катуу күрүгүү түшүп калат.
Парламент коргонууга каражатты көбөйтүп, узак жылдар бою катуу сакталып келген "карыз моюнчасы" эрежесин жумшарткан соң Германиянын куралдуу күчтөрү, Бундесвер коргонууга чыгымдарды масштабдуу көбөйткөнгө уруксат алды.
Бундесвердин башкы кол башчысы, генерал Карстен Бройер анын мекемесине каражаттарды көбөйтүү абдан зарыл экенин Би-Би-Сиге билдирди. Ал Орусиянын агрессиясы Украина менен эле чектелип калбайт деп болжойт.
"Бизди Орусия кооптондурат. Бизди Путин кооптондурат. Биз муну токтотуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек",- дейт генерал Карстен Бройер.
Ал НАТО ыктымалдуу кол салууга даяр турушу керек деп эсептейт. Анын сөзүнө караганда, төрт жылдан кийин ушундай чечим кабыл алынып калышы мүмкүн.
"Иштин баары мага канча убакыт керек дегенде эмес, кептин баары Путин бизге даярданууга канча убакыт берет дегенде турат. Биз канчалык эрте даярдансак, ошончолук жакшы",- деп коргонуу мекемесинин башчысы ачык эле айтууда.

Бурулуш учуру
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын Украинага толук кандуу басып кириши Германиянын ой толгоосун түп тамырынан бери өзгөртүп койду.
Тарыхта Германия Европадагы агрессордун ролунда болгонун толук аңдап, ошондон бери карай ондогон жыл бою Германиядагылар аскердик кубатты колдонбоого тарбияланып келишти.
"Биз эки дүйнөлүк согушту баштадык. Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл өткөнүнө карабай, немистер конфликттерден алыс турушу керек деген ой көптөгөн кишинин дагы деле ДНКсына чейин сиңип кеткен",- дейт Берлиндеги Маршал фондунан Маркус Цинер.
Керек десе азыр деле бир тобу милитаризм катары караса болот деп баарына этияттык менен карашат. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү болсо такай өп-чап каржылоонун "өнөкөт" абалында турат.
"Биз чындап эле туура жолдо бара жатабызбы? Биз коркунучту туура баалап жатабызбы деген этияттоолор байкалат", - дейт Цинер.
Орусияга тиешелүү маселеде Германия өзгөчө кадам кылды.
Польша, Балтика өлкөлөрү болгон Эстония, Латвия, Литва сыяктуу мамлекеттер Орусия менен жакындашуу кооптуу экенин билдирип, коргонуу тармактарына каражатты көбөйтүп жаткан мезгилде мурунку канцлер Ангела Меркелдин тушунда Германия экономикалык алакалардын күчүнө ишенип туруп алды.
Германия ушинтип "осмос жараяны" аркылуу демократиялаштырып жатабыз дегендей түр көрсөтүп келди. Бирок ошол эле учурда Орусия каржыны алып, Украинага баарыбир кол салды.
2022-жылдын февралында болуп өткөн окуядан солк этип кеткен Олаф Шольц улуттук приоритет маселесиндеги координалдуу бурулуш ("Zeitenwende") тууралуу билдирген.
Ал ошол тушта өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чыңдап жана "Путин сыяктуу согуш отун алоолонткусу келгендерди" ооздуктап туруу үчүн эбегейсиз 100 миллиард евро каражат бөлгөн. Бирок генерал Бройер ал каражат дагы жетишсиз болуп калганын айтып берди.
"Биз аны менен кем-карчыбызды бир аз жаап алдык, бирок реалдуу кырдаал жаман бойдон калган",- деп эстеди ал.
Ал муну менен Орусиянын аскердик корду толуктоо жана Украина менен согушундагы керек-жарагына деп бөлгөн чоң суммадагы каражаттарын салыштырды.
Ошондой эле генерал Орусия жүргүзүп жаткан согуштун гибриддик мүнөзүнө көңүл бурду. Кибер чабуулдар, саботаж жана ошондой эле Германиянын аскердик объекттеринин үстүнөн учкан таанылбаган дрондор маселесине дагы токтолду.
Буга Владимир Путиндин агрессивдүү риторикасын кошсоңор, чындап эле коркунучтуу аралашманы көрөсүңөр, дейт генерал Бройер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Батыштан айырмаланып Орусия шаблондор менен ойлонбойт. Бул согуш дагы эмес, тынч учур дагы эмес. Бул континуум. Келгиле гибриддик согуштан баштайлы, андан соң эскалацияга өтөбүз, андан соң чегинебиз. Мени дал ушул маселе ойлонууга мажбурлайт. Биз чындап эле чоң коркунучка кептелдик",- дейт Бройер.
Ал Германия ыкчам аракеттерди көрүшү керек деген ойду бекем карманат.
"Өп-чап абал"
Куралдуу күчтөрдүн азыркы абалына берилген баа абдан оор. Бул жакында эле парламентте тааныштырылып, Германиянын коргонуу мекемесинин башчысы жасаган баяндамага негизделген маалымат. Баяндамада Бундесверде "баары өп-чап" деп корутундуланган.
Баяндаманын автору, Бундестагдын коргонуу маселелери боюнча комиссары Ева Хөгль курал-жарактардын абдан тартыштыгынан баштап, аскерлердин санынын аздыгына, казармалардын сыйымдуулугуна чейинки тартыштыктарды билдирген. Анын эсеби боюнча, оңдоп-түздөө жумуштарына эле 67 млрд. евро керектелет.
Карызга ала турган каражаттарга коюлган чектөөлөрдү алып салуу теориялык жактан аскер тармагы чектөөсүз ала алат дегенди түшүндүрөт. Топтолуп калган көптөгөн көйгөйдү чече баштоо үчүн аскер тармагын каржылоонун "туруктуу линиясы" болушу керек, дейт генерал Бройер.
Тарыхий кадамды Олаф Шольцтон кийин кызматка келет деп күтүлүп жаткан Фридрих Мерц шашылыш жасаганы айрымдарды таң калтырды. Ал бул сунушту парламент февралдагы шайлоодон кийин мына-мына тарайт деп жаткан учурда киргизген эле.
Курамына Орусияга ыктаган ашынган оңчулдар жана антимилитаристтик маанайдагы солчулдардан кирген парламент, коргонууга көп каражат бөлөлү деген мындай сунушту кош көңүл карап коюушу да мүмкүн эле.
Ошентсе дагы "Германиянын 2022-жылы билдирген "бурулуш" саясаты ушул жылы жаңы импульс алды.
YouGov жакында эле жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгондой, немистердин 79 пайызы мурдагыдай эле Владимир Путин Европа дүйнөсүнө жана коопсуздугуна "өтө эле" же "кыйла эле" кооптуу деп эсептешет.
Эми сурамжылоого катышкандардын 74 пайызы Дональд Трамп жөнүндө дагы ошондой ойду айтышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул сурамжылоо Мюнхендеги коопсуздук конференциясы өтүп, анда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс сүйлөгөндөн кийин өткөрүлдү. АКШнын вице-президенти ал конференцияда Европа жана анын баалуулуктары жөнүндө терс пикирин айткан эле.
"Бул көрүнүш, Америка Кошмо Штаттарында бир нерсе кардиналдуу өзгөрүп жатат дегендин айдан ачык сигналы эле",- дейт Маркус Цинер.
"Биз АКШ кайсы жол менен кайда бара тургандыгын билбейбиз. Бирок биздин коопсуздугубуз тууралуу кеп болгондо, биз мурункудай эле 100 пайыз АКШга таянсак болот дегенге болбой калгандыгын даана билебиз", - дейт эксперт.












