Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын "тарыхта кала турган" беш жыйынтыгы

Мюнхен жыйынынан соң Парижде чукул жыйын өтө турган болду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мюнхен жыйынынан соң Парижде чукул жыйын өтө турган болду

Дүйнөлүк маалымат каражаттары жана аналитиктер коопсуздук маселелери боюнча жыл сайын өтүүчү Мюнхен глобалдык конференциясынын мүмкүн болгон кесепеттерин талдап жатат.

Би-Би-Синин эл аралык иштер боюнча кабарчысы Люси Дюсет дагы аталган конференцияга катышып, ал аяктай электе эле эксперттер бир ооздон бул тарыхый жыйын болду деп атап жатышканын билдирди. Алар эл аралык кызматташтыктын жаңы доору башталды деген бирдиктүү пикирди жүйөө келтирип жатышат.

"Мурдагы "трансатлантикалык өнөктөштүк" — АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы бекем союз иштебей калганы айдан ачык болуп калды" деп жазды ал. — Соңку бир нече күндө көптөгөн европалык лидер Трамптын командасы менен алака түзүүнүн эң эле жаман деп этияттанып келген кооптонууларына ынангандай болду".

Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү аянтчасында силерге такыр эле орун табылбайт дегенди ачык эле текст менен билдиришти.

Анысы аз келгенсип жакынкы күндөрү болот деп күтүлүп жаткан АКШ менен Орусия делегацияларынын жолугушуусуна жада калса Украинанын өзү да катышпайт.

"Европа чымырканышы керек. Биз Украина өз келечегин кандай аныктаарына кандай мүмкүнчүлүк түзүп беребиз дегенди ойлонуп, чечим кабыл алышыбыз керек",- деп белгиледи Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна. Ал бул тууралуу европалык дипломаттардын жетекчиси Кайей Каллас өткөргөн жыйындан чыгып келе жатып айтты.

Украинадагы согуш темасы талкуунун чордонунда

Сүрөттүн булагы, Reuters

17-февраль күнү европалык бир нече лидердин чукул жыйыны Парижде өтө турганы шашылыш белгиленди. Алар негизинен Евробиримдиктин жооп ирээтиндеги чараларын талкуулап, эң оболу чечкиндүүлүктөрүн көргөзүп, кол жете турган ресурстарды мүмкүн болушунча ыкчам мобилизация кылуу тууралуу сүйлөшүүнү ниет кылып турушат.

Лиз Дюсеттин сөзүнө караганда, Мюнхен конференциясынын көпчүлүк делегаттары бул жылы Украинадагы согушту токтотуу боюнча айтылган идеялардын көптүгүнөн жана башка дагы маанилүү меселелерден, президент Трамптын командасынан келип түшкөн өз ара эле чечип салуу боюнча идеялардан кадимкидей эле баштары айланып калышканын танышкан жок.

Дюсет бул чак Европа үчүн чечүүчү учур деп божомол кылат: "Вашингтон менен мүмкүн болушунча тезирээк жаңыча алаканы түзүү керек. Картага абдан көп маселелер коюлуп калды",- дейт ал.

Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднер быйылкы Мюнхен конференциясынан эң негизги беш сабакты алуу керек деп жазды.

1. Эл аралык мамилелердин доору аяктады

Европада Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташы менен түзүлгөн коопсуздук архитектурасы мындан ары жок. Америка дагы НАТОго кирет, бирок ошол эле учурда сырттан кол салуу боло турган болсо, АКШ дароо жардамга келет деп Европа мындан ары күтө албайт, ага үмүт этпеш керек.

2. Украина боюнча саясат кайра каралууда

Украинадагы согушка чекит коюу үчүн АКШ жана Орусия Украинанын пикирине карабай эле чечим кабыл алууга камынышууда. Керек болсо Европа дагы толугу менен эске алынган жок.

3. Коргонуу үчүн көп чыгым керек

Европа өлкөлөрү орусиялык басым күчөп жатканын мындан ары ооздуктап тургусу келсе, анда алар коргонууга көбүрөөк чыгым сарпташы керек. Эксперттердин көпчүлүгү дагы ушундай пикирде.

4. Вэнстин сөзү

АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнстин европалык саясатты сындаган билдирүүлөрү конференциянын көптөгөн катышуучусу тарабынан өтө орой кабыл алынды. Анткен менен Атлантика океанынын эки башка жээгиндеги көптөгөн адам Вэнстин сөзүн абдан кубаттап турду, президент Дональд Трамп Вэнстин баяндамасын "укмуш" деп атады.

5. Пикир келишпестик

Учурда Вашингтон менен Европанын позицияларынын ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар. Анткен менен Трамптын командасынын ичинде эле бири-бирине карама-каршы келген пикирлер үстөмдүк кылат.