Кытай Жапонияны талуу жеринен кармадыбы?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Тесса Воң
- Role, Asia Digital кабарчы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Өткөн айда Токионун Уэно зоопаркында миңдеген жапон күйөрмандары Сяо Сяо жана Лэй Лэй аттуу пандаларды көз жаш менен Кытайга узатышты. Пандалар Кытай менен Жапониянын ортосундагы начарлап бараткан мамилелердин символу болуп калды.
Бул эки чоң кытай пандасын Бээжин кайтарып аларын жарыялаган соң учак менен жиберүүгө аргасыз болушту. Ондогон жылдардан бери биринчи жолу Жапония кытай пандаларысыз калмай болду.
Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичи билдирүүсү менен чыккандан бери Кытай менен алакасы соңку жылдары абдан начарлап кетти. Бээжин болсо ар кандай жолдор менен басым жасоону күчөтүп келатат: согуштук кемелерди жөнөтүп, сейрек кездешүүчү жер элементтерин экспорттун чектеп, Кытай туристтеринин агымын азайтып, концерттерди токтотууда жана ал тургай пандаларын кайтарып алууда.
Такаичи кезексиз шайлоодо элдин бекем тарыхый колдоосуна ээ болуп, премьер-министр катары кызматка киришип жаткан чакта, талдоочулар эки тарапка тең кырдаалды басаңдатуу оор болорун айтып эскертүүдө. Алардын баамында, кытай-жапон мамилелери жакын арада калыбына келери күмөн.
Эки өлкөнүн тиреши ноябрь айында башталган. Анда Такаичи эгерде Тайванга кол салуу боло турган болсо, анда Жапония өзүн-өзү коргоо күчтөрүн ишке киргизе турганын кыйыткан.
Өз алдынча башкарууга ээ болгон Тайванды Кытай өзүнө караштуу деп эсептейт. Бир күнү "кайра биригүү" үчүн күч колдонуп калышы ыктымалдыгын четке каккан эмес. Тайван АКШны негизги шериктеш деп билет жана Вашингтон Тайванга өзүн-өзү коргоого жардам берүүнү убадалаган.
Тайванга урулган кандайдыр бир сокку АКШ менен Кытайдын ортосунда аскердик кагылышууга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар көптөн бери айтылып келет. Кырдаал курчуп кетсе, АКШнын аталган аймактагы шериктештери, мисалы Жапония менен Филиппиндерди да кагылышууга тартып кетиши мүмкүн
Тайван маселеси Кытай үчүн абсолюттук кызыл чек болуп эсептелет. Кытай "сырткы кийлигишүү" катары кабыл алынган кандай гана комментарий айтылбасын катуу реакция жасайт жана бул эгемендик маселеси экенин, аны Кытай өзү алдынча чечерин баса белгилейт.
Такаичинин билдирүүлөрүнөн кийин көп өтпөй Бээжин курч айыптоолор менен жооп кайтарып, айтылгандарды төгүндөөнү талап кылган.
Байкоочулар белгилегендей, Такаичнин билдирүүлөрү өкмөттүн позициясы жана жапон лидерлеринин мурдагы сөздөрү менен бир нукта.
Бирок бир айырма – мындай билдирүүнү кызматта турган кезде айткан алгачкы жапон премьер-министри болуп калды.
Такаичи болсо кечирим суроодон же билдирүүлөрүн төгүндөөдөн баш тартты. Талдоочулардын айтымында, мындай позиция шайлоодон алган бекем колдоонун аркасынан айтылып жаткан болушу ыктымал.
Бирок ал белгилүү бир сценарийлер боюнча комментарий берүүдө кылдатыраак болорун айтып, анын өкмөтү жогорку мансаптуу дипломаттарды кытайлык кесиптештери менен жолугушууга жөнөткөн.
Бирок бул аракеттер Кытайдын каарын басаңдата алган жок.
"Боз аймак" басымы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Такаичи артка чегинүүдөн баш тартып жаткан шартта Кытай дагы басымын токтотпой күчөтүүдө.
Тарыхый кастыктын айынын соңку ондогон жылдарда эки өлкө тирешип келатат, бирок азыр кырдаал башкача экенин айтышат талдоочулар.
Кытай басымын алда канча "кеңейтилген тармактарда" күчөтүп жатканын белгилейт Роберт Уорд. Ал Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институт аттуу аналитикалык борборунун Жапония боюнча жетекчиси.
Бул төмөнкү деңгээлдеги жана ар тараптуу басым Тайванга каршы колдонулган "боз аймак согушуна" окшош экенин айтат ал. Анын максаты – "каршылаштарды алсыратып, нормалдуу болбогон нерселерди кадыресе көрүнүшкө айлантуу".
Дипломатиялык жактан Кытай Бириккен Улуттар Уюмуна даттанып, Жапония жана Түштүк Корея менен өткөрүлчү үч тараптуу саммитти кийинкиге жылдырды.
Ошондой эле, Кытай бул тирешке башка тараптарды дагы тартып, Британия менен Францияны өз тарабына өтүүгө чакырды. Ал эми шериктештери Орусия менен Түндүк Кореяны Жапонияны айыптоого үндөдү.
Дем алыш күндөрү Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Мүнхен коопсуздук конференциясында Батыш лидерлерине кайрылуу жасап жатып, Жапониянын Экинчи дүйнөлүк согуштагы агрессиясын кыйытып, Такаичинин билдирүүсүн "өтө кооптуу өзгөрүү" деп атады.
Жапония аскердик багытта Кытай дрондорду жөнөткөнүн, аралдарынын жанынан согуштук кемелерди алып өткөнүн жана согуштук учактары жапон учак "радарларын бөгөттөгөнүн" билдирген. Жапониянын жана Кытайдын жээк күзөт кемелери талаштуу Сенкаку/Дяоу аралдарынын жанында бири-бирине өтө жакын келген. Ал эми өткөн аптада жапон бийлиги Кытайдын балык уулоочу кемесин кармаган.
Бирок Кытай Жапониянын алсыз жерине, экономикасына, сокку ургусу келет.
Бээжин сейрек кездешүүчү жер элементтери жана маанилүү минералдар сыяктуу кош максатта колдонулуучу технологиялардын Жапонияга экспортуна чектөө киргизип, бул экономикалык басымдын бир формасы катары каралып келет.
Ошондой эле, Кытай өз жарандарына Жапонияга окууга же эс алууга барбоону эскертип, 49 аба каттамын токтотту. Натыйжада, туристтердин саны азайып, айрым акциялардын баасы түшүп кетти.
Көңүл ачуу жана маданият тармактары да көңүл сыртында калган жок.
Кытайдагы жапон концерттери токтотулду. Мисалы, бир ырчы сахнада ырдап жаткан жеринен чыгарылып кеткен. Ал эми кино чөйрөсүндөгүлөр бир нече жапон тасмасынын көрсөтүүсүн кийинкиге жылдырып салган.
Жапониянын эң көрүнүктүү маданий экспортторунун бири Покемон дагы Ясукини күмбөзүндө өтө турган иш-чарага байланыштуу сынга кабылды. Күмбөз согушта курман болгон жапониялыктарга арналган. Ал жерде жаткандардын айрымдарын Кытай согуш кылмышкерлери деп тааныган. Акыры иш-чара өтпөй турган болду.
Коомдук тармакта интернеттеги кытай улутчулдары Такаичиге каршы пикирлерди жаадыра башташты. Мисалы, жасалма акылдын жардамы менен даярдалган видеолордо Ултраман менен детектив Конан Такаичи менен кармашып жатканын көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентсе да Кытайдын азыркы аракеттери Жапония менен мурдагы жаңжалдарына салыштырмалуу анча провокациялык эмес деп белгилейт Бонни Лин жана Кристи Говелла. Алар Стратегиялык жана эл аралык мамилелер борборунда (CSIS) иштешет.
"Азырынча анын экономикалык жана аскердик жооптору мурдагыга караганда кыйла чектелүү, бирок кырдаал андан ары курчуп кетүү ыктымалдыгы жогору", – дешет алар жакында чыккан талдоосунда.
Уорд кошумчалагандай, Кытай Жапонияга каршы ашыкча эле басым жасоодон карманып турган болушу мүмкүн. Анткени Кытай учурда өзүн "Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тартиптин жигердүү коргоочусу" катары көрсөтүп, АКШга салыштырмалуу жоопкерчиликтүү держава сыяктуу көрүнгүсү келет.
"Улана турган танго"
Байкоочулар эгер чыңалуулар басаңдай турган болсо мурдагыга караганда жогорку деңгээлге чыгат деген пикирге макул.
Лин менен Говелланын талдоосунда айтылгандай, мунусунда эки тарап тең кырдаалды жумшартууга азыраак кызыкдар болушу мүмкүн. Кытай азыр кыйла күчтүү державага айланды. "Тайван болсо Кытайдын негизги кызыкчылыгынын өзөгүн түзөт. Демек, Бээжин мурдагыга караганда өтө бекем позицияны карманышы толук ыктымал".
"Бээжиндин Такаичиден күмөнү чоң жана ал сөзүн ачык төгүндөбөй туруп кырдаалды жайгарууга кылган аракетин эки жүздүүлүк, же андан да жаман, стратегиялык калп катары баалашы мүмкүн", – деп кошумчалашат алар.
Ал ортодо Жапония өз позициясында катуу туруу ыктымалдыгы жогору. Айрыкча, Такаичи шайлоодогу чоң жеңишин "Кытайга карата позициясын бекемдөөгө негиз катары көрөт", – деп белгиледи Уорд.
Говелла Би-Би-Сиге билдиргендей, Такаичи бул жеңишин "саясий капитал" катары пайдаланып, Жапониянын позициясын бекемдей турган коргонуу жана экономикалык саясатты илгирилетүүгө аракет кылышы ыктымал.
Такаичи белгиленген убакыттан эки жыл эрте Жапониянын өзүн-өзү коргонуусуна байланыштуу чыгымдарды ИДПнын 2% чейин жеткирүүгө убада берген. Андан тышкары башкы коопсуздук стратегиялары ушул жылдын аягына чейин толугу менен каралып чыгып, жакын арада экономикалык стимул пакети ишке киргизилет.
Кытай өз кезегинде "Такаичини кыйла күчтүү лидер катары көрөт жана басым жасоо өнөктүктөрү аны өлкө ичинде ого бетер күчтөнтүшү ыктымал. Ошондуктан алар басымды көбөйтпөшү мүмкүн", – дейт Киотеру Тсутсуи. Ал Стэнфорд университетиндеги Шоренстин Азия-Тынч океан изилдөө борборунун эксперти жана директору.
"Демек, бул танго дагы бир топ убакытка уланат окшойт".
АКШ президенти Доналд Трамп Такаичиге күчтүү колдоо көрсөтүп, мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо аны адаттан тыш кубаттаганы күтүүсүз болгон.
Бирок көпчүлүк АКШ-Кытай мамилелери быйыл жылышы мүмкүн деп болжолдоп жатышканын белгилейт Тсутсуи. Трамп менен Кытай президенти Си Цзинпиндин бир нече жолугушуулары белгиленген жана АКШ президенти Бээжинге апрель айында расмий иш сапары менен дагы бармакчы.
Мурдагы окуяларга салыштырмалуу соңку тирешке карата АКШ "токтоолук менен реакция кылып, Кытайга дем берген болушу мүмкүн", – дешкен Лин менен Говелла.
"Жапондор болсо Си менен Трамптын ортосунда ири келишим түзүлүп кетеби деп кооптонуп турушат", – дейт Уорд.
Дем алыш күндөрү АКШ менен Жапония Мүнхен коопсуздук конференциясынын кулуарында алакаларын тастыктап алышты. Анда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жапон кесиптеши Тошимисту Мотеги жолугушкан.
Такаичи дагы Трамп менен Вашингтондо март айында, Трамптын Кытайга сапары башталганга чейин, жолугушмакчы.
Кытай басымын күчөтүп жаткан шартта Токио АКШ менен биргеликте коргонуу боюнча өзүнө алган жүктү "эки эселеп" көбөйтүшү ыктымал экенин айтат Уорд. "АКШ аймакка болгон кызыгуусун жоготуп, башка жакка өтүп кетпеси үчүн Токио алар менен чындыгында өтө тыгыз кызматташмакчы". (EA)
































