You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Абировдун маселеси: мыйзамдар эмне дейт?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңеште депутат Жаныбек Абировду жоопко тартууга макулдук берүү же бербөө боюнча депутаттык комиссия өз ишин баштады.
Комиссия корутундусун бир ай ичинде чыгарышы керек. Анын жыйынтыгында депутатка кылмыш ишин козгоо керекпи же жокпу депутаттар жалпы чечим кабыл алышат.
Жогорку Кеңеш депутатынын макамы тууралуу мыйзамына ылайык, депутаттык комиссия жоопкерчилиги каралып жаткан депутаттын өзүн, прокуратура, сот өкүлдөрүн жана жабырлануучу тарапты угушу керек.
“Жогорку Кеңеш депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүдөн баш тартса, бул кылмыш ишинин өндүрүшүн жокко чыгара турган жагдай болот. Депутатка карата кол салгандарга мыйзамдар боюнча жоопкерчилик жүктөлөт”,- делет тийиштүү мыйзамдын 28-беренесинде.
Эскерте кетсек, Жаныбек Абиров катышкан мушташта жабырануучу делген адам милицияга арыз жазып, анда ден соолугуна залал келтиргендерге чара көрүүнү суранган.
Жабырлануучу ушу тапта Улутук госпиталда баш мээсинин жабык жаракаты менен дарыланып жатат.
Башкы прокуратура мындай өтүнүч менен Жогорку Кеңешке биринчи жолу кайрылып жаткан жери жок.
Көзөмөл орган былтыр “Бүтүн Кыргызстан” лидери Адахан Мадумаровдун, андан мурдараак экс-спикер Асылбек Жээнбеков жана депутат Төрөбай Зулпукаровдун маселелери боюнча кайрылып, бирок оң жооп тапкан эмес.
Бирок ал депутаттардын ишинин саясий өңүтү бар эле, бул жолу депутат мушташка катышкандыгы үчүн Башкы прокуратуранын бутасына алынууда.
“Депутаттар, оппозициялык саясатчылар, журналисттер же жарандык коом өкүлдөрү бийликти сындаса мыйзамдарда талап кылынган нерсе ашыгы менен аткарылат. Репрессия, санкция же чара тездик менен көрүлөт. Бийлик андай убактарда депутаттарга мыйзамды колдонот. Ал эми коомго карата ошондой тартип бузулса, чоет. Мына азыр эми парламент муну бир ай карайт деп атабыз, бир айдан кийин коом аны унутат. Актуалдуу болбой калат. Эмики бир депутаттын ушундай бир кылыгына чейин калат. Ага чейин парламент ынтымактыгы, тилектештиги менен бүтөт”,- дейт серепчи Руслан Акматбек.
Деген менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ коомдук сайттагы баракчасында “акча жана бийлик мамлекеттин мыйзамдарына үстөмдүк кылбашы керек” деп бир сүйлөм пост жазды. Интернет колдоочулар анын бул постун депутат Жаныбек Абировдун ишине байланыштырып жатышат.
Андан мурун депутаттын чулгандуу мушташы боюнча президент да кабардар экени, иш өлкө башчысынын көзөмөлүндө экени айтылган.
Жогорку Кеңеш депутаттарын кылмыш жоопкечилигине тартуу боюнча 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын соңку редакциясыныен 78-беренесинде деп айтылат:
“Парламент депутаты өзүнүн депутаттык ишмердиги боюнча ой-пикирин ачык айткандыгы же добуш бергенине карата куугунтукка алынбашы керек. Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу Жогорку Кеңештин көпчүлүгүнүн добушу менен гана ишке ашат. Бирок бул депутат кылмыш кылып жаткан жеринен кармалбаган учурларга гана көрсөтүлөт”.
Депутаттын катышы бар мушташтын видеосу коомдук сайттарда кенен тарап, айрымдары аны “эркекчилик” үчүн кубатташса, кээ бирлери эл өкүлүнүн этикасы тууралуу маселе козгошуп кызуу талаш-тартышка түшүп жатышат. Ал тапта парламент депутаттары кесиптеши Жаныбек Абиров кичи пейил жигит экенин айтышып, ал тууралуу жылуу же нейтралдуу гана пикир айтып жатышат. Ал тургай Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин мүчөсү Жусупбек Коргонбай уулу, жабырлануучу Абировду кечиргенин айтып, маселени козутпоого да чакырды.
“Парламент Конституция жана өзүнө байланыштуу мыйзамдар менен жашап жатат. Укуктук жолдон чыкпай эми депутаттар өз коллегасына карат чара көрүүгө макулдук берип же бербеш экенин чечишет. Ал эми саясий жагы башка кеп. Азыркы парлаенттин чечимдери жакпаса, анда эмики шайлоодо добуш бербей коюш керек”,- дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
Милиция 13-мартта депутаттын катышуусу бар мушташка шектеп эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өзү 14-мартта коомдук сайттагы баракчасына окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазды. Ал тапта Абиров катышты деген мушташтын жаңы видеосу жарыяланып, депутаттын жактоочулары жабырлануучу делип жаткан тарап бир жактуу маалымат берип жатканы айтышууда.
Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.