Атамбаев 11,5 жылга соттолду, Жапаров ага ырайым берилиши мүмкүн экенин айтты

Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга, СДПК партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Кой-Таш иши боюнча айыпталып жаткан дагы бир нече адам пробациялык жаза алды.

"Кой-Таш иши"

Архивден алынган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Aliyev/Anadolu Agency/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архивден алынган сүрөт

Дээрлик алты жылга аяк баскан иш боюнча сот өкүмү чыкты.

Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн жана куралдуу кагылышуу орун алган.

Жаңжал Алмазбек Атамбаев "түрмөдөн качырылган" кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берүүгө баруудан баш тартканда башталган.

Бул окуя учурунда УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, Чүй облустук милициясынын ошол кездеги жетекчиси Самат Курманкулов баштаган жүздөгөн адам жаракат алган.

8-августта Алмазбек Атамбаев күч менен кармалган.

Кой-Таш окуясынан кийин мурдагы президентке жана анын тарапташтарынын бир тобуна кылмыш иши козголгон.

Алар негизинен жапырт башаламандыкты уюштурууга, милицияга каршылык көрсөтүүгө, курал колдонуу менен коомдук тартипти бузууга, адам өлүмүнө алып келген аракеттерге айыпталган.

Асел Кодуранова, Алмазбек Атамбаев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев (беткапчан). Архивден алынган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Nazir Aliyev Tayfur/Anadolu Agency via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асел Кодуранова, Алмазбек Атамбаев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев (беткапчан). Архивден алынган сүрөт

Узак мөөнөттүү түрмө жазасын чегерген сот өкүмү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул иш боюнча негизги соттук териштирүү 2020-жылдын октябрь айында башталган.

2025-жылы 3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Сот анын мүлкү мамлекетке өткөрүүнү жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууну буюрду.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп иштеген Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды.

Атамбаевдин дагы бир тарапташы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга соттолду.

КСДП партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Төртөөнү тең сот залынан камакка алуу чечими чыкты.

Атамбавдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев 7 жыл 6 айга кесилди, бирок 5 жылга пробациялык көзөмөл чегерилип, сот залынан бошотулду.

СДПК партиясынын расмий өкүлү, журналист Кундуз Жолдубаевага 5 жылдык пробациялык көзөмөл чегерилди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевге 5 жылдык пробациялык көзөмөл чегерилди.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Канат Осмоналиев 7 жыл 8 ай жалпы кесилди, бирок 5 жылга пробациялык көзөмөл берилип, сот залынан бошотулду.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Рысбек Карыпбек уулу 7 жыл 6 айга кесилди, бирок эркинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, ага да 5 жылга пробациялык көзөмөл орнотулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодурановага 3 жылдык пробациялык көзөмөл чегерилди.

Атамбаевдин тарапташтары Нооруз Капарбек уулу, Аменгелди Какебаев, Марат Шаменов 3 жылдык пробациялык көзөмөл алды.

ИИМдин мурдагы башчысы Абдылда Суранчиев менен Нарын облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Исабек Абдыгазиев жана дагы үч кишиге мөөнөт өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.

Жалпысынан 20 кишиге айып тагылган, алардын 12си Кой-Таш окуясына аралашкан делген адамдар.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кой-Таш ишине башка да эпизоддор кошулган.

Биринчиси "Дастан" заводуна тиешелүү 2,7 гектар жер Алмазбек Атамбаевге мыйзамсыз сатылган делген иш.

Экинчиси Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иш.

Акыркы эпизод боюнча мурдагы энергетика министри Аскарбек Шадиев айыптуу деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл 6 айга жалпы режимдеги колонияга кесилди. Мурдагы аткаминер 2018-жылы эле Кыргызстандан качып кеткен.

Ошентип, 3-июнь белгилүү саясатчы, активисттерге жапырт өкүм чыккан күн болуп калды.

"Атамбаевге мунапыс берсем болот, Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эмесмин"

Сот өкүмү чыккандан кийин президенттин кенже уулу Кадырбек Атамбаев жергиликтүү маалымат агенттиктерине комментарий берип, чечим нес кылганын, бирок анын артында эмне турганын түшүнүп жатканын билдирген.

"Бийлик камоо, түрмө жазасы аркылуу Курманбек Бакиевди өлкөгө кайтаруу боюнча соодалашууда "алмашуу фондун" көбөйтүп жаткандай. Эки жыл мурун Дубайдагы жолугушууда Алмазбек Атамбаев демарш жасабаганда, алар эбак Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келишмек. Бул камоолор менен алар биздин партиянын түрмөдө отурган мүчөлөрүнөн тышкары дагы көбүрөөк кишилерди барымтага алууну көздөп жатышкандай. Бул аларга абдан керек сыяктуу", – деген Кадырбек Атамбаев.

Ал ортодо 4-июнда президент Садыр Жапаров Кой-Таш ишине байланыштуу соттолгондор тууралуу "Кабар" агенттигине маек берди. Ал Бакиевди өлкөгө кайтарууга кызыкдар эмес экенин айтты.

"Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин.

Архивден алынган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архивден алынган сүрөт

Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти".

Ошол эле маалда Садыр Жапаров "соттордун ишине кийлигишпегиле, наарызы болгондор жогорку инстанцияга кайрылгыла" деп айтып келе жатканын билдирип, Алмазбек Атамбаевге карата сот чечимин өзгөртө албастыгын, бирок ал кечирим сураса, ырайым бериши мүмкүн экенин билдирди:

"Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуу менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бир чети ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек".

Кой-Таш окуясынан кийин камалган Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы 2023-жылы февраль айында өзгөртүлүп, абактан чыгып, дарылануу үчүн Испанияга кеткен. Ал ошондон бери Кыргызстанга келген жок.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар арасында башкарган Алмазбек Атамбаев соттун өкүмү боюнча пикирин билдире элек.