"Ош базарынын" аймагы паркка айланат

Сүрөттүн булагы, 24.kg
Бишкекте салынып жаткан жаңы базар жайында ачылып, иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Ош базарына" барып, соодагерлер менен жолушкан маалда билдирди.
"Кудай буюрса, жайында. Башкача айтканда, 1-августка чейин жетишебиз. Бүтүп, автобустар жүрүп, баары дайын болгондо гана көчүрөбүз. Жарым-жартылай бүтсө, силерге эч ким тийбейт. Силер бүгүн көчсөңөр, эртеңден баштап соодаңарды кылып калышыңар керек", - деди Туманбаев.
Ал жаңы базарга каттай турган 180 автобус да сатылып алынганын да кошумчалады.
Каныбек Туманбаев жаңы базар ишкерлер үчүн кандай шартта иштей турганын да да билдирди. Ал базарда орундар бекер жана бирдей аянтта берилерин, ишкерлер ижара акысын гана төлөй турганын кошумчалады:
"Орундарды эч ким сатып албайт, ижарага отурасыздар. Бүгүн бул жерде беш миң сом төлөп жатсаңыз, ал жерге да беш миң сом төлөйсүз. Эч ким ортомчу болбойт. Ижара акысын түз мамлекетке төлөйсүз".
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эски базардын аймагы паркка айланат. Ошондой эле "Кыял" базарынын ордуна оорукана салынат.
Эски курулуштар акырындык менен бузулат. Аймактарды бошотуу "Баткен" базарынан башталары айтылууда.
Жаңы базар аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгинде салынып жатат.
Ал жерде он миңдей соода түйүндөрү болору күтүлүп жатат.
Ош базары 1983-жылы мурдагы "Ала-Арча" базарынын ордуна курулуп, ишке берилген. Кыргызстандагы эң ири базарлардын бири.
































