Орусия: өспүрүмдөрдүн тагдырын талкалаган мефедрон

коллаж
    • Author, Анастасия Платонова
    • Role, Би-Би-Си

18+

Көңүл буруңуз! Текстте баңгизаттарды өндүрүү жана колдонуу көрүнүштөрү камтылган. Иликтөө кыскартылып берилди, толук текстин бул жерден окуй аласыз.

Орусияда өспүрүмдөр арасында синтетикалык баңгизаттардын эпидемиясы жайылды: өспүрүмдөр мефедронду колдонуп, таратып, синтездешүүдө. Мефедрон – бул арзан жана күчтүү маңзат, аны "жакырлардын кокаини" деп да коюшат. Мефедронду өндүрүү жана сатуу технологиялары аны менен күрөштү өтө кыйындатып жатат: бир дилер менен мефедронду жасаган адамдын ордуна ошол замат көптөгөн жаңы адам келет. Мефедрон үчүн чийки заттар экспортту көзөмөлдөөгө умтулбаган Кытайдан ташылат, ал эми баңгизатты жасоодо колдонулган жабдыктарды мыйзамдуу келе жаткан жүктөргө катып коюшат.

BBC Eye иликтөө долбоору баңгизатын өндүрүүнүн, жайылтуунун жана колдонуунун бардык чынжырына жетүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алып, бул баңгизаты Орусиянын жаш муундарына кандай таасирин тийгизип жатканын аныктады.

Мефедрон 2000-жылдардын башында пайда болгон, аны Dr Zee деген каймана ат менен иштеген израилдик химик тааныткан.

Мефедрон башка синтетикалык баңгизаттарга караганда мээге түз жетип, эйфорияны жаратып, бир заматта күч берип, сексуалдык каалоону пайда кылат, аны колдонгон адам өзүн эркин сезип, башкалар менен баарлашкысы келип калат. Ошол эле маалда мефедрондун таасири тез эле жоголуп, адамда тынчсыздануу сезимин жаратып, депрессияга жол ачат. Бул баңгизатына көз карандылык бир заматта пайда болот.

2010-жылы Орусияда мефедронго жана анын компоненттерине тыюу салынган, бирок бул айрыкча өспүрүмдөрдүн арасында анын популярдуулугунун өсүшүн токтото алган эмес. Психолог жана реабилитациялык борбордун кызматкери Ирина Медведь жана Би-Би-Си кепке тарткан реабилитациялык борбордун директору билдиришкендей, бүгүнкү күндө мефедронду биринчи жолу колдонгондордун арасында 12 жаштагы балдар да бар, ал эми 14 жашында көбү мефедронду системалуу түрдө колдонуп калышат.

Мефедрон Орусиядагы баңгизат базарынын үчтөн бир бөлүгүн ээлейт. Орусиялык даркнетти изилдеген "DarkMetrics" изилдөө долбооруна ылайык, ар кандай даркнет-маркетплейстердин көрсөткүчтөрүн талдап чыкканда, төрт маркетплейстин колдонуучулары мефедронго айына жалпысынан 312 миңге жакын пикир калтырышкан – бул жалпы пикирлердин үчтөн бир бөлүгүн түзөт дегенди билдирет. Изилдөөчүлөрдүн баамында, бул сандардын артында айына 700 миңге жакын реалдуу сатып алуу турушу мүмкүн.

Мефедронду чыгарган ири лабораториянын куратору Дэн (аты өзгөртүлдү) кырдаалды мындайча сүрөттөдү:

"Бул жалпы жонунан жакырлар үчүн кокаин болуп калды. Орусиянын жаштары ал түгөнүп бүткөнчө колдоно беришмекчи. Түгөнгөндө кайра сатып алышат".

"Көздү ачыш үчүн эле колдонуп калгам"

Он сегиз жаштагы Оля ВИЧке жана гепатитке кан тапшыруу үчүн Москвадагы лабораторияга келди. Ийнинде – кечинде кие турган куртка салынган рюкзак, косметика жана албетте таза шприцтер.

Он беш мүнөт бою эки медайым Олянын колундагы тамырларды таба албай убара болуп, акыры бир нече жолку аракеттен кийин эптеп таап, кан алышты. Оля баңгизатты тамырга сайып колдонгондуктан, колунда дээрлик соо жери жок.

Ал баңгизатты 15 жашында колдоно баштаган – мефедронду ага сүйлөшүп жүргөн жигит сунуш кылган эле. Кыз ал кезде Москванын четинде көп балалуу үй-бүлөдө жашап, жетинчи класста окучу.

Бир-эки жумадан кийин Оля мефедронду жумасына бир нече жолу жыттай баштаган, себеби анын жигити баңгизатын сатчу. Оля 15 жаштан 17 жашка чейинки мезгилдеги жашоосун мындайча эскерет: мефедронду "ашып кетсе эки күн колдонгон эмесмин".

Көп өтпөй ал окуусун таштап, көңүл ачкан жайлардан башы чыкпай калат.

18 жаштагы Оля мефедронду 15 жашынан бери колдонот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 18 жаштагы Оля мефедронду 15 жашынан бери колдонот
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оляга жаңы жашоосу башында жакчу: "Баары акча же баңгизат издеп жүрүшөт. Ал эми менин жигитим мындан акча жасачу. Болду, ошону менен эле жүрө берем".

Бирок көп өтпөй көйгөйлөр башталды – Олянын жигити камакка алынып, ал эми кыздын мефедронго болгон көз карандылыгы күчөдү:

"Мен мефедронду ырахат алуу үчүн эмес, жөн эле ойгонуш үчүн колдоно баштадым. Төшөктөн туруш үчүн, жөн эле жашаш үчүн да мефедрон керек болуп калды", - деп эскерет Оля.

Акча жана мефедрон табыш үчүн Оля Москвадагы атайын чаттарга кире баштады. Ал жакта "мефедронду чогуу жыттабайлыбы" деген эркектердин чакыруусун кабыл алып, жолугушууларга курбулары менен барчу.

Телеграмдагы чаттардын биринен Оля москвалык 60 жаштагы ишкер менен таанышып калат. Оля аны менен буга чейин курбусу сүйлөшүп жүргөнүн эстейт. Жолугушуунун алдында ал киши "жакшы окуйсуңбу? Канчанчы класста окуйсуң? Ата-энең эмне иш кылат?" деп, бир катар суроолорду узаткан.

Олянын курбусу "бул эркек жөн эле сүйлөшүп турууну каалайт" деп айткан. Бирок ал эркек 15 жаштагы Олядан жыныстык катнашты күтүп жатканы тез эле белгилүү болду.

"Ал мага же мефедрон же акча берчү, ошол акчаны кайра эле мефедронго жумшачумун". Оля бул эркек менен бир нече жолу жолуккан. Көп өтпөй ал Оляга теңтуш курбуларын да чакырып келүүнү сунуш кылды.

Мефедрон ушул тапта Орусияда эң популярдуу баңгизат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мефедрон ушул тапта Орусияда эң популярдуу баңгизат

Ээрчитип келген ар бир жаңы кыз үчүн Оля акча алып турган:

"Ага окуучу кыздар керек болчу. Мен ага курбумду ээрчитип келеримди айтканда, кыздын сүрөттөрүн талап кылып, жаш курагын, кайсы жерде окуй турганын сурачу. Анан мен да кыздардан акча талап кыла баштадым, себеби баңгизатты дагы көбүрөөк каалайсың, ал эми анын баасы улам көтөрүлүп турат".

2023-жылдын март айында Олянын апасы 17 жаштагы кызын реабилитациялык борборго жөнөтүүнү чечкен.

"Мен скелетке айлангам [баңгизаттын айынан], мурдум күйүп калган, тамак иче албай, уктай албай, айтоор баңгизаттан башка эч нерсе кызыктырчу эмес", - деп эскерет кыз.

Оля жети ай жабык типтеги реабилитациялык борбордо жатып, ал жактан чыга турган күндү санап жүрдү.

Оля экөөбүз 2024-жылдын март айында телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Оля төрт ай мурун реабилитациялык борбордон чыгып, жакында эле жумушка орношту. Дарыланып чыккандан кийин Оля кайрадан эле мефедронго өтүп, бирок аны таштоого бел байлады.

"Ар бир окуучу жасай алат"

Би-Би-Си кепке тарткан реабилитациялык борборлордун бардык кызматкерлери же наркологдор бир пикирде: жеткиликтүү жана арзан болгон үчүн мефедрон популярдуу.

Бир кило мефедрондун өндүрүштүк наркы 30 000ден 150 000 рублга чейин жетет. Муну изилдөөлөр жана Би-Би-Си маектешкен рыноктун катышуучулары тастыкташты. Ошол эле учурда килограммдын чекене баасы эки миллионго жетет (Dark Metrics долбоорунун маалыматтарынын негизинде Би-Би-Синин эсептөөлөрү көрсөткөндөй).

"Мефедрон [2000-жылдардын башында] жаңы пайда болгондо, биз аны баңгизат катары кабыл алган эмеспиз", - деди Би-Би-Сиге синтетикалык баңгизаттарды синтездөө боюнча көрсөтмөлөрдү жазуу менен киреше тапкан жана 20 жыл мурун мыйзамсыз заттарды өндүрүү менен алектенгенин айткан химик-консультант Николай (аты өзгөртүлдү).

"Бирок башка синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү баары бир жогорку тактыкты жана кандайдыр бир кымбат жабдууларды талап кылат. Ал эми мефедронду ашканада эле жасап коюу мүмкүн болгондуктан [баңгизат өндүрүүчүлөрдүн арасында] популярдуу болуп калды".

Николайдын сөздөрүн Ренат Курамшин да ырастайт, ал Орусияга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып келүү фактыларын иликтеген ИИМдин мурдагы тергөөчүсү:

"Биз ири өлчөмдөгү героинге бөгөт койдук. Алардын ордуна башка нерсе келиши керек эле. Ошентип мефедрон да келди – бул өндүрүүгө оңой болгон баңгизат, анын лабораториясын каалаган жерден ачууга болот".

"Азыр каалаган окуучу мефедронду жасай алат", - деп сөзүн жыйынтыктады Николай.

Би-Би-Си мефедронду синтездөө үчүн бир катар нускамага жете алды. Аларда баңгизатын өндүрүү процесси кеңири сүрөттөлөт.

"Нускамалар мектепте химия сабагында үч же андан жогору баа алган адамдарга эсептелген", — деп жазылып турат 157 беттен турган нускамалардын биринин кириш сөзүндө.

Өтө катаал чараларды көргөнүнө карабастан, Орусияда мефедронду өндүрүү боюнча лабораториялар эки-үч күндө бир жабылып турат – 2024-жылы эле 138ден ашык лаборатория жок кылынган (бул Ички иштер министрлиги жок кылган бардык лабораториялардын жарымын түзөт).

Ренат Курамшин көп жыл бою Орусияга баңгизат ташуу фактысын иликтеген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ренат Курамшин көп жыл бою Орусияга баңгизат ташуу фактысын иликтеген

ИИМдин экс-тергөөчүсү Ренат Курамшин ушул тапта Орусияда баңгизаттарын өндүрүүчүлөрдө прекурсорлорду сатып алуунун эки жолу бар экендигин айтат:

Орусияда мыйзамдуу химиялык өндүрүш (бирок бул варианттын терс жактары да бар – тартип коргоо органдары мыйзамдуу өнөр жайда колдонулган прекурсорлорду тыкыр көзөмөлдөп турушат, ошондуктан прекурсорлордун четке сатылышы ошол замат шек жаратат) жана Кытайдан алып келсе болот.

Кытай заводдорунун айрымдарын уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөп, америкалык рынокту фентанилге – синтетикалык апийимге прекурсорлор менен үзгүлтүксүз камсыздап турат. 2022-жылы АКШда фентанилди колдонуудан 73 654 адам көз жумган, бул саатына сегиз адам өмүрү менен кош айтышты дегенди билдирет.

Reuters аныктагандай, кытай заводдору мексикалык картелдер менен биргеликте фентанилге чийки затты жеткирүү үчүн төмөнкү схеманы ойлоп табышкан: химиялык заттар салынган баштыктар Кытайдан келаткан мыйзамдуу жүктөрдүн ичине катылат.

Би-Би-Синин иликтөөсү Орусиядагы баңги аткезчилери дал ушундай схеманы колдонорун аныктады.

"Кытайда баңгизаттын партиясы түзүлөт, ал бир караганда тартип коргоо кызматкерлеринде эч кандай шек жаратпай турган мыйзамдуу продукциядай болот. Казакстан менен Орусия Бажы биримдигине киргендиктен, "иш жүзүндө чек аралар жок", андан ары "партия тарап кетет" – айрым бөлүгү логистикалык борбор катары иш алып барган Москвада калат, ал эми калган бөлүгү ошол замат аймактарга жөнөтүлөт", - дейт Ренат Курамшин.

Оля досу менен бирге ушул батирге келип жашап тураар эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оля досу менен бирге ушул батирге келип жашап тураар эле

"Оозунан кан чыгып, көгөрүп калган..."

2023-жылдын аягында реабилитациялык борбордон чыккандан кийин Оля баңгизатсыз көпкө кармала алган жок – ал көп өтпөй кайрадан колдоно баштаган. Бирок бул жолу көбүрөөк эффектке жетүү үчүн мефедронду венага сая баштаган.

Бир күнү Оля эски достору менен кечеге келген. Ошол күнү жаштар "меттен опиаттарга секирели" деп чечишет, себеби көнүп калган баңгизат мындан ары таасир этпей калганын түшүнүп, героин менен метадонду колдонуп көргүсү келет. Эртең менен достору Оляны оозунан кан чыгып, көгөрүп калган абалда табышат. Ал эми жанында уктап жаткан 17 жаштагы бала эбак эле көз жумган экен.

Оля камакка алынардын алдында героин сатып алууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оля камакка алынардын алдында героин сатып алууда

2024-жылы күзүндө Оля героинге өткөн. Ал баңгизатты моралдык компенсация катары берилген акчага сатып алып турган – Оля менен акча же доза үчүн жыныстык катнашка барган адам кармалып, соттолгон. Оляны да шектүү катары көзөмөлгө алышкан, себеби Оля бул эркекке курбуларын алып келип, бул үчүн акча алып турган. Бирок кылмыш учурунда Оля он сегизге чыга элек болгондуктан сот жоопкерчилигине тартылган эмес жана ошол ишкерден компенсация акча алган.

2024-жылы ноябрда Оля камакка алынган. 2025-жылдын май айында баңгизат сатууга аракет кылгандыгы үчүн алты жылга эркинен ажыратылган. Олянын апасы Би-Би-Си менен байланышуудан баш тартты.

Орусиянын Ички иштер министрлиги мефедронду мыйзамсыз жүгүртүүнүн масштабы жана прекурсорлорду жеткирүү боюнча Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок.