Асмандагы сырдуу көрүнүштөр: Технологиянын заманында билгенибиз барбы?

Би-Би-Синин «Паранормалдуу көрүнүштөр» аттуу жаңы сериалы таанылбаган учуучу объектилер (ТУО-НЛО) деп айтылып жүргөн асмандагы сырдуу көрүнүштөр жөнүндө болду. Аэрокосмикалык тармактагы бир эксперт азыркы технологиялык жетишкендиктер асманда эмне болуп жатканын так билгенге эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп жатканын айтууда.

1977-жылы Пембрукширде Брод-Хейвен башталгыч мектебинин окуучулары асманда сырдуу көрүнүшкө - таанылбаган объект көргөнүн айтып келишет. Ошол убакта жашы онго келген Дэвид Дэвис классташтары мектепке келип, таң каларлык сырдуу көрүнүш тууралуу директорго жабыла айтып келишкенин азыр эскерүүдө.

“Мен алар жаңылышып жатканын далилдейин деген ниетте турдум”,- дейт Дэвид. Анын өзү болсо башка окуучулар көргөн сырдуу нерсенин логикалык түшүндүрмөсү бар экенине бөркүндөй ишенип турган эле.

Бирок ал өзү ишенип-ишенбей да асмандагы объектини көргөнү чыгат. Ошондо көлөмү автобустукундай, купол болуп чыгып турган үстү жагында кызыл нерсе күйүп-жанып турган, “күмүш түстүү сигара түрүндөгү объектини” көргөн.

«Мен коркконуман качып кетким келди», — дейт Дэвид 10 секундка созулган көрүнүш тууралуу.

Уэльстин түштүк-батышында болгон бул окуя BBC Paranormal программасынын соңку сезонунда иликтөөгө алынды. Төрт эпизоддо тең Сиан Элери 1970-жылдардын аягындагы, 80-жылдардын башындагы ТУО деген көрүнүштөрдү иликтеп чыкканы баяндалат.

Жерден сырткары жашоо жөнүндө билдирүүлөр азыркы учурда коомдук аң-сезимге кайрадан жайыла баштады. Өткөн жылы АКШнын Конгресси бул тема боюнча талкуу жүргүзгөнү маалым.

Табышмактуу монолиттер Улуу Британия менен бүт дүйнөдө пайда болууда, социалдык тармакта “башка планеталык телолор” жөнүндө тенденциялар тездик менен жайылып, күчөп турган убак.

TikTokто UFO деген хештег менен миллиондон ашык пост жазылды.

Ал эми аэрокосмикалык өнөр жайынын бир эксперти Би-Би-Сиге 2024-жылы ар бир адамдын колунда телефон болгондуктан, асмандагы кыймылдарга байкоо салган тиркемелерин колдонуп, көп көрүнүштөргө жооп тапканга жакшы мүмкүнчүлүк бар дейт.

Биз күбө болгон асмандагы сырдуу объектилерге жөнөкөй түшүндүрмө барбы? Биз аларды изилдешибиз керекпи?

«ТУОго аңчылык кылгандар көп»

ТУО ондогон жылдардан бери адамзатты кызыктырып келаткан тема. 1947-жылы Нью-Мексика штатында Розуэллде жерден сырткары сыныктар жөнүндө кабарлар чыкканда, үч жылдан кийин 1947-жылы «Учуучу тарелка» деген фильм тартылып, кошмо штаттар менен Советтер союзунун ортосунда космикалык жарыш башталып, 50-жылдары айрыкча күч алды.

Ал эми башка планетадагы жашоо жөнүндө ой толгоолордун кийинки жылдары массалык маданиятка таасири абдан күчтүү болду: Стивен Спилбергдин 1982-жылы «Оскар» алган «Башка планеталык» тасмасынан тартып, 1993-жылдары биринчи жолу көрсөтүлгөн «Жашыруун материалдар» сериалы, кечээ жакында эле чыккан Джордон Пилдин «Жок» фильмин айта кетсек болот.

Доктор Кьяран О'Киф, Бакингемшир жаңы университетинде гуманитардык жана социалдык илимдер мектебинин жетекчиси 80-жылдары асмандагы сырдуу объектилерге кызыгуу аябай катуу болуп, «ТУОну изилдөөчүлөр жайнап кеткенин" айтууда.

Асмандагы сырдуу объектилер жөнундө МКлар бүт дүйнөдө билек түрүнүп алып жазып жатты, ал эми Брод-Хейвендеги башталгыч мектептеги окуучулар көргөн сырдуу көрүнүш жөнүндө Жаңы-Зеландиядагы басылмалар да жазып жиберишти.

Брод-Хейвендеги инцидент 1977-жылы бул райондогу "Дайфед үч бурчтугу” деген толкундун бир чети эле. Бул көрүнүштү түшүндүрүү үчүн бир катар теориялар пайда болгон, анын ичинде “жергиликтүү шакабачы” да бар.

Брод-Хайвенде болгон көрүнүш көп адамды таң калтырып сырдуу көрүнүш болгон менен, доктор О'Киф мунун реалдуу түшүндүрмөсү бар дейт:

«Негизги психологиялык түшүндүрмө күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө жатат», — дейт О'Киф. Ал эгерде күбөнү суракка алуу сапатсыз жүргөн болсо, күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө ката кеткен болушу мүмкүн дейт.

"Күбөлөрдү сурамжылоонун мүнөзү окуяны айтып беришкенде аябай эле бурмаланып калышы мүмкүн".

Мисалы, күбөгө багыттаган суроолор берилгенде же ЖМКлар чагылдырганда апыртылып айтылып, көп нерсе бурмаланып калышы ыктымал.

Бирок Брод-Хэйвендеги башталгыч мектептеги ТУОну көргөн бир гана бала эмес, бир топ окуучу көргөн. Алар сүрөт тартканда баарыныкы дээрлик окшош чыккан. Анда бул жагын кнатебиз?

Доктор О'Кифтин буга да "конформизм жана «жугуштуу» деген түшүндүргөн жообу бар:

«Кайсы бир ойлор, сезимдер жана жүрүш-туруш адамдардын тобуна белгилүү кырдаалда жайылышы мүмкүн», — дейт О'Киф.

Бул инцидентке чейин, Дэвиддин айтымында, анын илимий фантастикага чоң кызыгуусу болгон эмес. Бирок кийинки жылдары ал эмне болгонун билиш үчүн миңдеген фунт акчасын толтура китеп менен изилдөөчү материалдарга коротту.

«Дайыма эле ачык болбойт»

«Паранормалдуу көрүнүштөр» фильминдеги аэрокосмикалык доктор Райан Маркс асмандагы сырдуу көрүнүштөргө байкоо салган кыймыл дагы ТУО көрүнүштөрүн, айрыкча аба майданы бар калктуу пункттардын айланасындагы көрүнүштөрдү чындыкка жакындатып айта алышат дейт.

Королдук согуштук аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 1970-90-жылдары Уэльстин түштүгүндө беш аба майданы иштеген, анын бирөөндө ракеталар сыноодон өткөрүлүп турган.

«Асманда аскердик активдүүлүк дайыма болуп келген жана анын баары эле элге ачык айтыла бербейт».

Мисалы, ушул жылы мартта АКШнын өкмөтүнүн баяндамасында 1950-60-жылдардагы ТУО байкоолору заманбап чалгынчы учактардын жана космостук технологиялардын сыноолору менен байланыштуу болгон деп айтылат.

Маркстын айтымында, 70-жылдардын ортосунда, 80-жылдардын башында Улуу Британияда аба шарлары менен дирижаблдарды изилдөө тармагында бир топ иштер жүргүзүлгөн, алардын көбүнүн сырткы түрү «кадимки ТУОго окшош» болгон.

Бирок, бул аба ангарларынын чегинен чыкпаган «майда масштабдагы" эксперименттер болгон.

Бүгүнкү күнү, анын айтымында, аба транспортунун жайнаган түрү чыгып жатканда, акысыз тиркемелердин жардамы менен тигил же бул учак кайдан учуп чыкты, каякка баратат, анын баарын оңой эле аныктап алса болот.

Санарип мүмкүнчүлүктөр асманда болуп жаткан кыймылга байкоо салууну кыйла эле жеңилдетип салды.

Ал эми Дэвид болсо, мурдагыдай эле өзүнүн ТУО бар деген оюнан кайтпайт.

«Кимдир-бирөө мага ошол убакта кандай түрдөгү учак учуп чыкканын түшүндүрө алабы, ал узуну 45 фут, сигара түрүндөгү, күмүш түстүү болгон - менде буга акылга сыярлык түшүндүрмө жок»,-деген Дэвид кээде өзүң күбө болгон сырдуу көрүнүштөрдү коомго түшүндүрө албай калган учурларда, дубалга башыңды уруп жаткандай эле болосуң дейт.

«Муну азыркыга дейре бир болбогон иш катары көрүшөт», -дейт ал.

Британиянын Коргоо министрлиги өзүнүн ТУО изилдөө бөлүмүн 2009-жылы жапкан. Аны коргоо максаттарына жооп бербейт жана кызматкерлерди маанилүү коргонуу иштеринен алаксытат, ошондуктан кереги жок деп чечкен.

Коргоо министрлиги өзүнүн билдирүүсүндө: «Элүү жылдан ашык мезгилде жерден тышкары аң-сезимди, таанылбаган учуучу объектилерди жана сырдуу асман көрүнүштөрүн издөө жана байкоо иштериндеги бир дагы кабар Бириккен королдукка согуштук коркунуч бар экенин көрсөткөн жок» деп белгилеген. (МА)