"Адептүүлүк сакталууга тийиш". Президенттен катуу эскертүү алган Туманбаев ким?

Каныбек Туманбаев

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Туманбаев 2022-жылдан бери президенттин иш башкармасы
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 8 мүнөт

Ош базарындагы сатуучулар менен жолугушууда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев эмоцияга алдырган сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан катуу эскертүү алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Садыр Жапаров калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды деп жазды Алагөзов.

Би-Би-Си соңку жылдары президентти дайыма коштоп жүргөн жана эң ишенимдүү адамы катары сыпатталып, ири долбоорлордун, реформалардын башында турган Каныбек Туманбаевдин бейнесине саресеп салды.

"Сиз мага акыл үйрөтпөңүз!"

"Сиз мага акыл үйрөтпөңүз! Башты оорутат да, жакшы сүйлөгөн сайын башты оорутат!"

Бул Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Түмөнбаевдин 4-февралдагы сөзү. Ал базарды көчүрүү жол-жоболорун түшүндүрүү үчүн Бишкектеги "Ош базарга" барып, соодагер келиндердин бирин каккан. Келин төрт баласы, ипотекасы, насыясы бар экенин, жаңы базарга көчүү жараяны маселе жаратса, Орусияга кетүүгө аргасыз болорун айткан.

"Сен мага эмне деген сөздү айтып жатасың, а?! Сен минттиң, сен минттиң деп! Сен эмнени каалап жатасың, а?! Мен жүз адамга түшүндүрүп жатам. Түшүнүп жатасыңбы, мен сага да түшүндүрүп жатам! Сен башкача ой менен келген окшойсуң!" – деген Түмөнбаев дагы бир соодагер жигитке.

Бул учур тартылган видео социалдык тармакта тарап, аткаминердин эл менен сүйлөшүү ыкмасы кызуу талкууланып жатат.

Маселен, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президенттин иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маал-маалы менен сын айтып жүргөн адвокат Алия Турумбекова Каныбек Туманбаевди эл менен баарлашканды билбей жатат деп айыптады:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Адамдардын көйгөйү ал үчүн тынчсызданууга себеп эмес сыяктуу. Анда башкалардын сезимин түшүнүү деген нерсе жоктой таасир калтырууда. Ооба, ага элден көп суроо жаап жатканын түшүнөм, бирок дал ушундай учурларда адамдын ким экени билинет. Өзүнүн жүрүм-туруму менен урмат-сый жана ишеним жарата билүү зарыл. Эгер сен эл алдына чыксаң, баарына даяр болушуң керек. Алар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын, кандай коркуулары жана күтүүлөрү бар экенин алдын ала талдап чыгуу абзел. Мамлекетке чындап берилген кызматкер суроо күтпөйт, ал өзү сөз баштап, элди түйшөлткөн жана маанилүү маселелерге алдын ала жооп берет. Көйгөйлөрдү көрмөксөнгө салуу аны менен элдин ортосундагы ажырымды дагы да кеңейтип, ишенимди талкалайт. Аны кийин калыбына келтирүү абдан оор. Тамеки тартып, текеберленген жүрүм-туруму менен да элди ирээнжитти. Ал сүйлөгөндү гана эмес, оюн да түшүндүргөндү билбейт. Коомдо өзүн туура алып жүрүүнү билбейт", – деп жазды Фейсбуктагы баракчасына Алия Турумбекова.

Туманбаевдин соодагерлер менен жолукканда айтканына караганда, жаңы базар жайында ачылып, иштей баштайт. Ал буга чейин жаңы "Ош базарынын" объектисиндеги курулуш иштери 70 пайызга аяктап калганын билдирген.

"Президенттин тапшырмасынын негизинде курулуп жаткан Жаңы "Ош базары" биринчи кезекте жарандар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап соода мейкиндигин түзүүгө багытталган. Бул объект шаар тургундарына жылдын бардык мезгилинде ыңгайлуу шартта соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун өзөгүндө соодагерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулган. Буга чейин базарда эмгектенген соодагерлер ачык асман алдында, кыштын суугуна жана жайдын аптаптуу ысыгына чыдап иштөөгө аргасыз болушкан. Жаңы шарттар эмгек үчүн ыңгайлуу микроклиматты камсыздап, адамдардын саламаттыгын коргоого багытталган", - деп жазган Туманбаев 13-январда.

"Алына жараша иш алса"

Коомчулук арасында Каныбек Туманбаев жөнүндө пикирлер бир кылка эмес. Президенттин курулуш, инфраструктураны жакшыртуу, мамлекеттик мүлктү башкаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу жана чарбалык иштерди оптималдаштырууга багытталган реформаларынын башында турган фигуранын өзүнүн да, ишинин да оң-терс жагын байкап жүргөндөр бар.

"Жоопкерчиликти өзүнө алып, көптөн бери чечилбей келген маселелерди чечүүгө белсенип келе жатат. Милдеттенме алып, оңдоп-түзөп келатат. Бул ачык эле көрүнүп турат. Бирок мамлекетте системалуу башкаруу болбой, кол менен башкаруу өкүм сүрүп жатат. Коомчулуктун үнүн укпай, өзгөчөлүгүн эске албай, анализ жасашпай, башкармадай эле башкарып жатышат. Бул жерде жетекчинин коомчулук менен ымала түзө билүүдө тажырыйбасы жок экени көрүнүп жатат. Анын үстүнө алардын каталарын көрсөтүп турган институт жок болуп жатпайбы. Оппозиция жок, сөз эркиндиги кысымга алынган. Сөз эркиндиги маанилүү болчу да. Оркойгон каталар айтылып турса, аны оңдогонго жардамы тиймек да", – дейт саясат талдоочу жана медиа эксперт Руслан Акматбек.

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков болсоКаныбек Туманбаевди иш билги адам катары мүнөздөйт. Бирок ашыкча жоопкерчилик алып алган деп эсептейт:

"Кайсы бир деңгээлде ал кишинин иш билги деп бааласак болот. Көп ишти өз мойнуна алып, жыйынтык көрсөтүп жатат. Бул жагынан жакшы баа берсек болот. Бирок ашыкча жоопкерчилик алган жагы бар. Ар ким өзүнүн алына жараша иш алуусу керек го. Өзүн алынан ашыкча жүк алган жагдайлар да бар. Муну ал "Ош базарына" барган учурдан деле көрсөк болот. Маалыматты жеткирүү, түшүндүрүү жагынан аксап жатат окшойт. Диалог куруу жагында маселе бар. Президент тапшырса эле ала берип, иштин баш-аягы жок болуп, элдин нааразылыгы жаралганы өкүнүчтүү жагдай. Кылып жаткан иштерин баалайм. Ошентсе да алына жараша иш алыш керек".

"Айткандан артык жасайт, бирок сүйлөй албайт"

садыр жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров "Унаа" ишканасына барган учур. 3-февраль, 2025-жыл

Аткаруу бийлигиндеги эң маанилүү фигура болуп эсептелген Каныбек Туманбаевдин эл менен сүйлөшүү чеберчилиги жок экенин президент Садыр Жапаров 3-февралда "Унаа" мекемесине барган учурда моюнга алган.

Ал Туманбаев баштаган жетекчилер айдоочулук күбөлүк берүүдөгү реформаны элге жакшы жеткире албай, нааразылык жаралганын, буга байланыштуу өзү жалпы журтка түшүндүрүп коюуну эп көргөнүн айткан.

"Балдарды күнөөлөп жатасыңар, "Унааны", Туманбаевди күнөөлөп жатасыңар. Мамлекеттик кызматта жана саясатта эки түр адам болот. Бири – тили менен буудай кууруйт. Сайраса, тили бир метр чыгат. Бишкекте туруп, тили менен Москва менен Лондондун көчөсүн тазалап, шыпырып коет. Иш берсең, ишти бир пайыз жылдыра албайт. Ал эми кээ бири өз сөзүн адамдарга жеткире албайт. Бирок ишти 100 пайыз, ал гана эмес айтканыңдан артык аткарып коет. Алар элге чыгып сүйлөй албайт, сүйлөсө да түшүндүрө албайт. Мына ушулар (Туманбаев – ред). Мен интернеттен көрүп, кантип эле ушуну (айдоочулук күбөлүк берүү маселеси) түшүндүрө алышпайт, жети жарым миллион элге жеткирип коёюнчу деп, өзүм келип отурам", – деген Садыр Жапаров.

Бийлик былтыр жыл аягында айдоочулук күбөлүк алууга окуткан жеке менчик автомектептерди жаап, ордуна мамлекеттик мекемелерди ачуу жана окуу мөөнөтүн 10-12 айга узартуу чечимин кабыл алган. Бул эл арасында наарызылык жаратууда. Жеке автомектептердин ээлери так түшүндүрмө берүүнү талап кылып чыгышкан. Мындан соң эки ишкерге "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон. Бири камалган.

Каныбек Туманбаев ким?

Бул окуялардын фонунда президенттин ишенимине татып, анын иш башкармасы болгон Каныбек Туманбаев ким деген суроого учкай токтолуп кетпесе болбос.

Туманбаев 45 жашта. Ал 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган.

Өмүр баянында эмгек жолун катардагы электрик катары баштаганы айтылат.

Жергиликтүү медиалар убагында ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шопуру делген Икрамжан Илмиянов менен тыгыз байланышта болгонун жазышкан. Илмияновдун бир катар мүлктөрү дал ушул адамдын наамына жазылганын, "шопурдун шопуру" деген каймана ат да коюлганын белгилешкен.

Мунун бир далили катары Илмияновго тиешелүү делген ON1 каналы Каныбек Туманбаевге катталганы жүйө келтирилген. Ал эми 2018-жылы бул каналдын базасында "Апрель" телканалы түптөлгөн. 2000-жылдардын башында Атамбаевдин жеке айдоочусу болгон Илмиянов кийин президенттин кеңешчиси, аппарат жетекчисинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. Ал коомчулукка ачык эмес болчу. Бирок маанилүү чечимдерди кабыл алууда ролу чоң экени айтылып, коомчулук арасында сын-пикирлерди жаратып турган.

Каныбек Туманбаев 2012-2019-жылдар аралыгында "БКС" курулуш компаниясынын директору болгон.

Ал 2015-жылы бийликчил КСДП партиясы менен шайлоого катышкан. Бирок №66 катарда болчу.

Туманбаев 2017-жылдагы президенттик шайлоодо президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон.

"Ал кезде башкы штабдын башчысы Фарид Ниязов, ал эми орун басары Икрамжан Илмиянов эле. Ошондуктан кайсы бир аймак үчүн ишенимдүү өкүл катары катталгандыр. Бирок биз аны дээрлик көрчү эмеспиз. Штабга келгенин деле көргөн эмеспиз. Икрамжан Илмиянов менен эле түз иштешсе керек", – деди ошол кезде Сооронбай Жээнбековдун штабында иштеген, өз атын ачык атабоону суранган булактардын бири.

Каныбек Туманбаев 2020-жылы "Биримдик" партиясынын атынан кайрадан парламенттик шайлоого ат салышкан. Бирок бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, октябрь окуясында бийлик алмашкан.

Каныбек Туманбаев 2017-жылы Алмазбек Атамбаевден Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасын алган.

Сыйлык демекчи, Садыр Жапаров 2022-жылы ага "Даңк", 2024-жылы үчүнчү даражадагы "Манас" орденин тапшырган.

ваип

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Туманбаев III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган учур. 23-декабрь, 2024-жыл

"Өкмөткө параллелдүү институтка айланып кетти"

Ошентип, Атамбаевдин да, Жээнбековдун да тушунда бийликтин көңүлүндө болуп келген Каныбек Туманбаев 2022-жылы 30-майда Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалат.

Өмүр баянында көрсөтүлгөндөй, ага чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Садыр Жапаров маектеринин биринде кол алдындагы кызматкерлердин мурдагы репутациясы кызыктырбай турганын, иш билгилигине маани берерин айткан жайы бар.

Эми Каныбек Туманбаев жетекчилик кылып жаткан президенттин иш башкармалыгы жөнүндө кеп кылалы.

Иш башкармалык президенттин, президенттин администрациясынын, жогорку кызмат адамдарынын жана Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн каржылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-турмуштук жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган болуп саналат. Парламенттин да чарбалык иштери президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Кыскасы, соңку жылдары функциялары болуп көрбөгөндөй кеңейди.

Иш башкармалыкка мамлекеттик төрт резиденция, клиникалык оорукана, автотранспорттук ишкана, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы, "Мерген" мамлекеттик ишканасы, "Мамлекеттик имараттар департаменти", "Эйр Кейджи" Авиакомпаниясы", Президентинин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент, "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы, "Спорттук комплекс" мамлекеттик ишканасы, "Манас" президенттик камералык оркестри, "Типография" мамлекеттик ишканасы, "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси, эки бала бакча, "Кыргыздипсервис" ишканасы, "Ысык-Көл Аврора санаторийи", "Мурас" мамлекеттик ишканасы, "Жыргалаң" санаторийи, "Учкун" ачык акционердик коому, "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы, "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору, Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция, "Кызмат" мамлекеттик мекемеси, "Мамлекеттик ипотекалык компания", "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коому, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ("Унаа"), Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы, "Алтын-Көл" мамлекеттик ишканасы, "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркы кирет.

Президенттин соңку жарлыктарына ылайык, Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу иши Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, ал дагы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Сөзгө жок деп сыпатталган Каныбек Туманбаев ушунча мекеме-ишканалардын баарын башкарат, президентти дайыма коштоп жүрөт.

Коомдук-саясий ишмер, 2011-жылы президенттин аппарат жетекчиси, 2013-жылы Ысык-Көлдө губернатор болуп иштеген Эмилбек Каптагаев президенттин иш башкармалыгынын функцияларынын кеңейишин кадыресе көрүнүш катары эсептейт:

"Зарылчылыктан, иштин оң бүтөт, тез бүтөт дегенине карата эле жасалып жатат го. Азыр бардык нерсе президенттин өз колунда. Ошондуктан кандай десе, ошондой чечилет да. Бизде азыр бир эле бийлик бар. Ал президенттик бийлик. Өкмөттүн башында президент турат. Ошондуктан мамлекеттик органдарды иштин ыгына карата каалагандай бөлүштүрө берет да. Мурдагыдай мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнчө, аткаруу бийлиги өзүнчө, президенттик бийлик деген жок да. Азыр бардык иштин башында президент турат. Илгеркидей болсо, суроо туулуп, иш башкармалык президенттин нары-бери жүргөнүн, жеген-ичкенин эле карашы эле деген талкуу болушу керек эле".

Ошол эле маалда эл арасында Министрлер кабинетинин төрагасынын иши көмүскө калып, өкмөттүн ичинде өзүнчө бир өкмөт жаралгандай кыдаал түзүлгөнү да айтылып келет.

"Эгемендүүлүк алгандан бери Иш башкармалык жөнүндө президентке тиешелүү сатып алуулардан, чарбалык иштерден эле билчүбүз да. Көбү бул мекемени ким башкарарын, эмне иш кыларын билчү деле эмес. Чындап келгенде коомчулук аны президенттин завхозу катары эле таанып келген да. Бирок бул сапар өкмөткө параллелдүү, жоопкерчиликтин баарын өзүнө алган, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган институтка айланып кетпедиби. Болгондо да курулуш иштери басымдуу кылган долбоорлор менен алектенип жатат. Азыркы бийликте элге үнү угулган президенттин иш башкармалыгы менен эле УКМК болуп калды. Анын жанында Министрлер кабинетинин төрагасы дээрлик жок болуп кетти. Үнү угулбай, аты чыкпай калды. Күн тартибине ар кандай маселе менен, демилге менен президенттин иш башкармалыгы чыгып жатат. Бул канчалык туура, канчалык туура эмес деген суроо туулуп жатат", - дейт Руслан Акматбек.

Туманбаев өзү былтыр жыл соңунда иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 30 эсеге өскөнүн кабарлаган.

Анын жазганына караганда, киреше 2020-жылы 479,2 миң сом болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 14 млрд 138,9 млн сомду түзгөн. Ал бул көрсөткүчкө президенттин тапшырмасы жана саясий чечимдеринин негизинде жетүүгө мүмкүн болгонун жазган:

"Бул багыттагы иштер президенттин стратегиялык багытына ылайык мындан ары да улантылып, санариптик кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик кирешелерди көбөйтүү негизги артыкчылык бойдон калат", - деген Каныбек Туманбаев.

пвкпе

Ал эми социалдык тармактарда Каныбек Туманбаев "Ош базарына" барганда электрондук тамеки тартып жүргөнү, коомдук жайдагы мындай аракети үчүн айып пул төлөшү керектиги айтылууда.

Коомдук жайда чылым чегип, эл менен анча тил табыша албайт делген Каныбек Туманбаевдин Фейсбукта 25 миң, Инстаграмда 1,8 миллион катталуучусу бар. Ал Фейсбукта апта сайын элди жума намазына менен куттуктап келери белгилүү. Бирок бүгүнкү жума намазга байланыштуу негедир пост жазган эмес. Баса, жыл башында Туманбаев кичи ажылык - умра сапарына да барып келгени маалым болгон.