Министрлер кабинети “жаңы ажыдаарга” айланабы?

Кыргызстандын бизнес коомчулугу экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна вето коюуну же аны милдеттүү түрдө коомдук талкуу менен кайра кароого жөнөтүү талабы менен президент Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду.

"Мыйзамдын долбоору бизнес коомчулугунун жана анын өкүлү болгон бизнес-ассоциациялардын пикирин эске албастан, коомдук талкуусуз кабыл алынды. Жөнгө салуучу таасирлерди талдоо эрежеге ылайык жүргүзүлгөн жок. Мыйзам министрлер кабинетинин бийлигин жогорулатуучу көптөгөн ыйгарым укуктарды белгилеген, бул бөлүмдөрдө чоң күчтөрдүн топтолушу коррупциялык тобокелчиликтерди жаратат. Бул кыска убакыттын ичинде салык режимдерин өзгөртүүгө, жаңы мамлекеттик төлөмдөрдү жана алымдарды киргизүүгө, салык жана бажы администрациясынын эрежелерин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ишканаларды жасалма банкрот кылуу аркылуу рейдерлик басып алууну мыйзамдаштырат", - деп айтылат 70ден ашуун бизнес-ассоциациялар кол койгон ачык кайрылууда.

Министрлер кабинетинин эбегейсиз ыйгарым укуктары

Мисалы, салык мыйзамдары сөзсүз түрдө коомдук талкуудан өтүп, үч окууда кабыл алына турган мыйзамдардын тобуна кирет. Мындай айтканда, салык режимин жана тарифтерин өзгөртүү узак процедуралык баскычтардан турат.

Бирок "Экономикадагы өзгөчө кырдаал'' жөнүндөгү документ аткаруу бийлигине салык тариф жана режимдерин каалагандай кылып өз алдынча өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, бүгүн кошумча нарк салыгы 12 пайыз болсо, министрлер кабинети аны бир токтом менен 20 же 25 пайыз деп өзгөртүп коюуга укук алууда.

Бул өкмөттүн ыйгарым укуктарынын чети гана, мыйзам аткаруу бийилигине артык баш укуктарды берип жатат жана аны алар бизнести муунтууга колдонот деген коркунуч күч, дейт Бизнес омбудсмендин орун басары Нурлан Мүсүралиев.

"Мыйзамда салык органдарынын таасири дагы күчөп жатат. Алар министрлер кабинетинин чечими менен каалаган учурда бизнес субъектилерде рейддик текшерүүлөрдү жүргүзө алат. Өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин эске алганда бул бизнеске чоң тоскоолдук болоору айдан ачык. Ошондой эле ички соода, мамлекеттик сатып алуулар жаатында өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейип жатат. Өзгөчө кырдаал шартында министрлер кабинети мамлекеттик сатып алууларды "Мамлекеттик сатып алуулар'' жөнүндөгү мыйзамдан сырткары жүргүзө алат. Бул дагы чоң коррупциялык коркунуч. Андан тышкары мамлекеттик мүлктү башкаруу, кен иштетүү тармагы боюнча аткаруу бийлигине чоң укуктар берилүүдө''.

Эгер экономикада өзгөчө кырдаал жарыялана турган болсо, анда мамлекет жеке ишканалардын ишине түздөн-түз кийлигише алат. Мисалы, мамлекеттин банктын же бюджеттик мекеменин алдында карызы бар компаниялардын кайра түзүү укугу дагы өкмөткө берилүүдө.

Бул компанияларды жасалма жол менен банкротко жетирип, мындай айтканда рейдерлик басып алууларды мыйзамдаштыруу болуп калат деген коркунуч бар жана ал реалдуу, дейт Америка соода палатасынын аткаруучу директору Актилек Түнгатаров.

"Мындай мыйзам Ливан, Судан өңдүү мамлекеттерде дагы кабал алынган. Алар экономикалык кризистен чыгуунун жолу деп түшүндүрүшкөн. Бирок бул мамлекеттер, тескеринче, экономикалык кризиске тереңдеп кирип бара жатканын анализ көрсөтүүдө. Өкмөттүн ыйгарым укуктарын эбегейсиз чоңойтуу эмне максатты көздөйт? Бизге мунун эч ким ачык айткан жок. Биз бул мыйзам кабыл алына турган болсо, экономикалык өсүш басаңдап, өлкөдөн капитал кача турган чоң тобокелдиктерди көрүп жатабыз''.

Ишкердик эркиндиктен чегинүү

Мыйзамдын чоң коркунучтарынын бири - өкмөт ишкердикти тескеген мыйзамдарды каалаган учурда каалагандай кылып өзгөртүүгө укук алууда. Ал эми ички дагы, тышкы дагы инвестор үчүн алды менен так жана туруктуу оюн эрежелери маанилүү.

Экинчиден мамлекеттик бюджеттин 80 пайызы салыктан топтолгон өлкөдө мамлекеттин экономикадагы ролун артыруу - бул либералдык экономика, ишкердик эркиндик принциптеринен баш тартуу дегендик.

Бул Казакстан, Орусия өңдүү сырьелук экономикага тийиштүү жагдай. Анда дагы мамлекеттик аппарат байып, карапайым эл жакырланат.

Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын карасак экономика чакан жана орто ишкерчиликтин, мамлекеттин катышуусу өтө төмөн болгон либерралдуу экономика саясатынын аркасы менен өнүгөт, дейт "Тандем'' юристтер коомчулугунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева.

"Демократиялык коомдо бир учурда бийликке күчтүү реформатор келсе, бир учурда диктатор келет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок укуктук талаа диктаторлук ниети бар адамга бийликти бир колго топтоп, өзүм билемдикке жол бербей тизгиндеп турат. Андыктан мызймадарды бул өңдүү бир адамдын каалоосу менен эле одоно бузуулар менен кабыл алуу мыйзамдык баш аламандыкка алып келет. Биз мунун конституциялык реформа маалында эле эскерткенбиз. Азыр ошол эле аракеттер уланып жатат. Бул баш-аламандыкты токтотуу керек. Бүтүндөй экономиканынын нугун 15 мыйзам менен каалган жакка буруп коюу чоң жаңылыштык. Улуттук коопсуздуктун негизин экономикалык коопсуздук түзөт''.

Кыргызстандын шартында экономика такай эле өзгөчө абалда: улуттук акчанын арзандашы, инфляция, экономикалык өсүштүн басаңдашы өңдүү факторлор экономикада өзгөчө кырдаал жарыялап, ишкерчилик субъектилерди каалагандай калчоого жол ачат.

Бул документти парламент каникулга кетердин алдында бир катар регламенттик одоно бузуулар менен шашылыш кабыл алган. Документ бир дагы коомдук талкуудан, анализдик экспертизадан өткөн эмес.