Синцзяндагы бала менен ата-энени ажыраткан лагерлер

Би-Би-Си Кытайдын Синцзянь регионунда мусулман балдар ата-энелеринен зордук менен ажыратылып жатканынын жаңы далилдерин таап чыкты. Расмий документтер саясий тарбия берүү макатында көп сандагы мамлекеттик мектеп-интернаттар курулуп, алардын айрымдары балдарга эсептелгенин көрсөтүүдө. Кытай өкмөтүн сынга алгандар балдарды үй-бүлөсүнөн бөлүп ажыратууну бул жакта максаттуу түрдө болуп жаткан саясат деп аташууда.
Би-Би-Си кабарчылары колдору жеткен документтерге таянып, кысымга учураган үй-бүлөлөрдүн чет өлкөдөгү ондогон мүчөлөрү менен сүйлөшүп, бул региондо балдардын абалы жөнүндө көп маалымат топтоду. Синзянда саясий тарбиялык лагерлерде миллиондон ашык адам кармалып жатканын Би-Би-Си мурда кабарлаган эле.
Кытай бийликтери лагерлердин максаты диний экстремизмдин алдын алуу экенин айтып жатышат. Эми Кытайдан качып чыккан уйгур ата-энелер өздөрүнүн жакын туугандары эле эмес, бала-бакырасы да жоголуп табылбай жатканын айтууда. Алардын балдарынын кайда экенин эч ким айтпай жатат.

Документалдуу маалыматтар бир эле шаарда 400 бала бир эмес, ата-энесинен бирдей ажыратылганын көрсөтүүдө.
Синцзянда журналисттердин ишине катуу көзөмөл болгондуктан маалымат табуу кыйын, бирок укуктук басмырлоону күбөлөгөн фактыларды Түркиядан табууга мүмкүн болду.
Стамбулда ондогон ата-энелер чоң залда кезекке туруп, Синцзянда калган балдарынын сүрөтүн кармап, өздөрүнүн башынан өткөн оор окуяларды айтып берип атышат.

«Мен билбейм ким аларды карап жатканын, - дейт үч кызынын сүрөтүн көтөргөн бир эне, - эч бир байланыш жок".
Бир кыз менен үч эркек баласынын сүрөтүн көтөргөн дагы бир эне көз жашын тыя албай, балдарын интернатка алып кетишкенин айтууда.
Жазылып алынган 60 интервьюда ата-энелери менен туугандарынын Синцзянда жүздөн ашык баланын жоголуп кеткени жөнүндө ыйлап, кайгырып айтып берген көрсөтмөлөрү бар. (КС)














