Окуу жана токуу. Кытайлык аялдардын акчаны үнөмдөө аракети

Сүрөттүн булагы, Xiao Zhuo
- Author, Сильвия Чанг, Кытай, Гонконг
- Role, BBC Chinese, Hong Kong
Пандемия учурунда Кэти Чжуо жана анын күйөөсүнүн тапкан ташыганы 50% кыскарып кеткен эле. Бул чоң сокку болду, анткени ал беш жыл мурун рак диагнозу коюлган апасына кам көрүшү керек болчу.
"Жыл сайын биз дээрлик акча жок калабыз. Менин абалым кооптуу, бирок эмне кыларымды билбей калдым", — дейт Кытайдын түштүгүндөгү Фуцзянь шаарында жашаган 36 жаштагы эки баланын энеси.
Анын үй-бүлөсүндөгү каржылык кыйынчылыктар Чжуо айымды Интернетте окшош кызыкчылыктары бар өнөктөштөрдү же "да цзы-сактагыла" деген үнөмдөөнүн жолун издеген жаш кытайлыктардын агымына кошулууга түрттү. Бирок ал чогуу саякаттоону же спорт менен машыгууну каалагандар менен эмес, акчаны үнөмдөөнү каалаган адамдар менен бирикти.
"Да цзы-сактагыла" хэштеги алгач 2023-жылдын февралында Instagram'дын Кытайдагы версиясы болгон Xiaohongshu платформасында пайда болгон. Newsrank аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча, ал 1,7 миллион көрүүнү топтогон. Weibo'до мындай өнөктөштөр жөнүндө темалар миллиондоп көрүлгөн.
Сингапур Улуттук университетинин коомдук саясат боюнча профессору Лу Си мындай дейт: "Бул тенденция экономиканын келечегине ишенимдин төмөндүгүн" билдирет. Биринчи чейректе күтүлгөндөн тезирээк өссө да, Кытай экономикасында кыймылсыз мүлк кризиси башталып, чет элдик инвестициялар төмөндөп жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карызы өсүүдө".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чжуо айым таза энергетика тармагында иштеген үчүн кудайга шүгүр дейт. Бул өткөн жылы өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн 40% түзгөн, өнүгүп жаткан тармак.
Бирок, ал көптөгөн достору жана туугандары жумушсуз калгандыктан, "коркунучка даяр болуу" зарылдыгын сезет.
Кытайда, адатта, үй-бүлөнүн күнүмдүк чыгымдарын аялдар көтөрөт.
Чжуо айым ушул жылдын февраль айында бир нече онлайн аманат топторуна кошулду, алардын көбү 20 жаштан 40 жашка чейинки аялдар. Күн сайын алар бюджетин жана чыгымдарын жазышат. Алар ошондой эле бири-бирин ойлонбой туруп, кандайдыр бир буюмдарды кымбат сатып алуудан сактоого жардам берет.
Чжуо айымдын айтымында, бул топтогу бир катышуучу 5000 юанга (690 АКШ доллары) кымбат баалуу сумкага көзү түшкөн экен, бирок топтогу башка аялдар менен сүйлөшкөндөн кийин, ал алда канча арзан, бир аз колдонулган сумкага токтолгон.
Ал көптөгөн башка адамдар да ушундай кылып жатканына таң калып, өнөктөштөрү менен жолдоштук сезимге ээ экенин айтат. Ал өнөктөшүн тапкандан бир ай өткөндөн кийин, анын чыгымдары 40% га азайган. Эми ал быйыл 100 миң юань үнөмдөөгө ниеттенүүдө.
30 жаштагы башталгыч класстын мугалими Вэн Чжун үнөмдөө боюнча өнөктөштөрүнүн жардамы менен интернет-дүкөндөрдө сатып алууну кыскартканын айтат.
Тескерисинче, ал азыр окууга жана токууга көбүрөөк убакыт коротот. Ошондой эле, ал өз колу менен жасаган буюмдарын жергиликтүү рынокко сата баштады, бул кошумча киреше алып келет. Андан да маанилүүсү, дейт Вэн айым, бул ага минималисттик жашоо образына өтүүгө жардам берди, ал аны көбүрөөк баалайт.
Кытай азыркы учурда дүйнөдөгү эң жогорку үнөмдөө көрсөткүчтөрүнүн бирине ээ болгон өлкө. Расмий маалыматтар көрсөткөндөй, 2023-жылы өлкөнүн үй чарбалары банкка болжол менен 138 триллион юань салышкан, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 14% га өскөн.
Бирок доктор Лу үнөмдөөнүн бул жогорку деңгээли Кытай өкмөтү үчүн чоң көйгөй болушу мүмкүн дейт. Адатта, өлкөнүн борбордук банкы пайыздык чендерди төмөндөтүү менен экономиканы стимулдаштырууга жардам берет, бул үнөмдөөгө анча кызыктырбайт. Бирок, эгер адамдар акча азыраак коротуп, анын ордуна көбүрөөк үнөмдөсө, бул банктын экономикага таасир этүү жөндөмүн начарлатышы мүмкүн.
Ошол эле учурда, кээ бир аялдар акчаны банкка салбай, салттуу түрдө - үйдө сактоодо. Бул адаттан тыш көрүнүш, анткени Кытайда дээрлик толугу менен накталай эмес эсептешүүлөргө өтүшкөн жана С Alipay жана В Wechat pay сыяктуу тиркемелерди колдонгондор көп.

Сүрөттүн булагы, Handout
Борбордук Хэнань сулуулук салонун иштеткен жана атын ачыкка чыгаргысы келбеген 32 жаштагы Чен айым ай сайын банктагы кирешесинин көбүн алып, кутуга салып жатканын айтат. Сумма 50 000 юанга жеткенде, ал аны банкка депозитке кайтарып берүүнү пландап жатат.
"Мурда менде эч кандай аманат планы жок болчу, бирок акчам бар эле. Азыр акча топтоо кыйын болуп калды", - дейт ал.
Биринчиден, Кытайдагы экономикалык рецессия анын сулуулук салонунун көптөгөн кардарларын жоготууга алып келди жана анын көптөгөн кардарлары чыгымдарын азайтышты. Мындан тышкары, Чен айым жана анын күйөөсүнүн улгайган ата-энеси бар, аларга кам көрүшү керек.
Жубайлардын дагы эки уулу бар жана Чен айым акыры үй сатып алууга жетиштүү акча топтой албай калуудан чочулайт. Кытайда ата-энелер, адатта, уулу үйлөнгөндө ага үй сатып беришет.
Анын баамында, Чен айым жана анын күйөөсү кеминде беш миллион юань үнөмдөшү керек. Бирок ал азыр дагы кош бойлуу болгондуктан, бул дагы жетишсиз болот деп эсептейт.
"Колумда накталай акчам болгон үчүн санаам азая түшөт",- дейт ал. "Мен банкноттордун калың жана калың болуп баратканын көрүп, өзүмдү коопсуз сезем". (КС)








