"Ойго келбеген трагедия". АКШнын Балтимор шаарында көпүрө кыйрап, алты адам каза тапты

Видеонун түшүндүрмөсү, Жээктеги күзөт кызматы жоголуп табылбай аткан алты адамды каза болду деп жатат
    • Author, Липика Пелхам
    • Role, BBC News

АКШнын Балтимор шаарында контейнер ташыган кеме барып бир сүзгөндө Фрэнсис Скот Ки атындагы атактуу көпүрө кыйрап, алты адам сууга кулап, каза тапты деп болжолдонууда.

Жээктеги күзөт кызматы издөө иштерин токтотуп, калыбына келтирүү иштерин баштаганын билдирди.

Оор кеме түркүктү барып бир сүзүп, 2,6 км келген көпүрө кулап түшкөндө анын астында бир нече транспорт каражаты өтүп бараткан болчу.

Расмий адамдар бараткан кеменин "электр механизмдеринде көйгөй жаралып", кыйроо болордон бир нече мүнөт мурда кырсык жөнүндө кабар жиберген экен.

Кыйроо убагында жоголуп кеткен алты адамды издөө боюнча масштабдуу операцияга кайыктар жана ти учактар катышты. Эки адамды оор абалда суудан алып чыгышты.

АКШнын Жээктеги күзөт кызматынын контр-адмиралы Шеннон Гилрит кечиндеги билдирүүсүндө жоголуп табылбай аткан адамдарды каза болду деп эсептеш керек деди, анткени муздак сууда жана андан бери болгон убакытты эске алганда кимдир бирөөнүн аман калышы кыйын.

Каза болду деп айтылып жаткан адамдар көпүрөнү оңдоп жаткан курулуш бригадасынын жумушчулары болгон.

Видеонун түшүндүрмөсү, Көпүрөнүн кеме менен кагышуудан кыйраган учуру

Сингапур желегин илген, контейнер ташыган кеме 47 жыл мурда курулган көпүрөнүн түркүгүн барып бир сүзгөндө убакыт түнкү саат бир жарым болчу.

Ал Порт-Бриздеги терминалдан 00:45 чыгып, Шри-Ланканын баш калаасы Коломбого бараткан.

АКШнын федералдык өкмөтүнүн агенттиги порттон чыгып баратканда кеме "башкарууну жоготуп алды" деп билдирди. Ошондо экипаж Мэриленддеги транспорт кызматкерлерине байланышып, кагылышуу коркунучу бар экенин эскертишкен экен.

Мериленд штатынын губернатору Уэс Мур "экипаж электр маселесинде проблема бар" экенин бийликке кабарлаганын ырастап, көпүрөнү көтөрүп турган түркүктөрдүн бирөөн сүзөрдүн алдында башкарууну жоготуп жиберген деп айтты.

Расмий маалымат боюнча көпүрө кыйраганда анын алдынан өтүп бараткан бир нече транспорт каражаты, анын ичинде "прицеп сүйрөгөн бир оор кеме" сууга кулаган.

Куткаруу иштерине Балтимордун өрт өчүрүү кызматы, АКШнын Жээктеги күзөт кызматы жана Мэриленд штатынын башка мекемелери катышты.

Балтимордун өрт коопсуздугу кызматынын башчысы Джеймс Уоллес кырсыкта эки адам куткарылганын билдирди, алардын бирөө жергиликтүү травматология борборуна өтө оор абалда жеткирилди.

Уоллес куткаруу иштерине суунун кирип баштаганы абдан тоскоол болгонун айтууда. Андан сырткары, күндүн сууктугу да куткаруучуларга кыйынчылык жаратты.

Балтимордун мэри бул инцидентти "ойго келбеген трагедия" деп атады.

Штаттын транспорт министри Пол Видефельддин айтымында, азыркы убакта окуя болгон жерге инженерлер барып, кыйроонун кесепетин тактап изилдеп жатат.

A drone view of the Dali cargo vessel, which crashed into the Francis Scott Key Bridge causing it to collapse, in Baltimore, Maryland, U.S., March 26, 2024, in this still image taken from a handout video

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйраган көпүрө. Дрондон тартылган сүрөт

Synergy Marine Group кеме компаниясы экипаж толугу менен индиялык болгонун, анын бортунда 22 адам бар болгонун Би-Би-Сиге билдирди.

Экипаждын бардык мүчөлөрү бардыгы аман-эсен, жарадарлар жөнүндө маалымат түшкөн эмес.

"Инциденттин так себеби тактала элек", ал эми кеменин ээси федералдык агенттиктер менен "кызматташып" жатат деп билдирүүдө айтылат.

Maersk компаниясы өз кезегинде өзүнүн кардарларынын жүгүн ташууга кеме жалдаганын билдирди.

"Балтимордо болгон окуядан үрөйүбүз учуп турат, жабыркагандар менен биздин ой-тилегибиз бир", -деп айтылат билдирүүдө.

Кеменин бортунда Maersk экипажы жана кызматкерлери болгон эмес.

АКШ президенти Байден Балтиморго дароо барарын жана издөө-куткаруу иштери биринчи кезекте болушу керектигин билдирди.

«Мен өзүмдүн командама бардык аракетти көрүп, портту кайра ачууну, көпүрөнү эртелеп калыбына келтирүүнү тапшырдым",-деди ал.

Президент бул кыйроо кокустан болгон иш жана федералдык өкмөт "көпүрөнүн бардык чыгымын көтөрөт" деп белгилеп, анын Конгресстен өтүшү керектигин да кошумчалай кетти. (КС)

Map showing location of Baltimore bridge collapse and the ship's route
A series of screengrabs showing he moment the container ship Dali hits the Francis Scott Key Bridge in Baltimore