Шри-Ланка: пил балдары жаак бомбаларына жарылып өлүүдө

A wildlife officer treating a baby elephant injured due to a jaw bomb in Sri Lanka

Сүрөттүн булагы, RMJ Bandara

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Адамдардын балдарына окшоп, пилдердин балдары да кызыгуусунан улам оозуна бир нерселерди салып, тиштейт"
    • Author, Сунет Перера
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Даамы укмуш таттууну тиштеп алганыңызда, катуу жарылуу астыңкы жаагыңызды талкалап, чыдатпай оорутканын элестетиңиз.

Агонияда ооруну сезбей басып кетишиңиз мүмкүн, бирок жараларыңыз ырбап, ачкачылыкка алып келиши мүмкүн, анткени сиз тамак жей албай же суу иче албай каласыз.

Тилекке каршы, Шри-Ланкадагы пилдердин баласынын өлүмүнүн эң ыктымал себеби - жаак бомбасы.

"Хакка патас" же жаак крекери деп да белгилүү болгон бул жардыргыч түзүлүштөрдү мергенчилер жапайы камандардын этине аңчылык кылууда колдонушат. Кээ бир фермерлер аларды эгинге зыян келтирген камандарды же майда сүт эмүүчүлөрдү жок кылуу үчүн да колдонушат.

Бирок пилдер да көп учурда тиштегенде жарылып, азаптуу өлүмгө алып келген куралдын курмандыгы болушууда.

Пилдер жапайы камандардан алда канча чоң болгондуктан, алар жарылгандан кийин оозундагы жаратынан азап тартып, инфекциядан же ачкачылыктан өлгөнгө чейин бир нече күн басып жүрө беришет.

Адистердин айтымында, жаш пилдер жаак крекерине өзгөчө аялуу болушу мүмкүн.

2023-жылы үйдө жасалган куралдан өлтүрүлгөн эң жаш пил - 10 айлык кичинекей пил болгон.

"Адамдардын балдарына окшоп, пилдердин балдары кызыгуудан улам оозуна бир нерселерди салып, тапканын тиштеп алышат.

A baby elephant injured due to a jaw bomb in Sri Lanka

Сүрөттүн булагы, RMJ Bandara

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жардырууга кабылган пилдер кыйналып азап тартып өлөт

"Алар оозуна бир нерсе салганда тактиль жана даам сезүүлөрү аркылуу изилдешет", - дейт ветеринардык хирург Акаланка Пинидия, Шри-Ланканын жапайы жаратылышты коргоо ветеринардык ассоциациясынын төрагасы.

"Медициналык корутундуларды жана маалыматтарды карап көрсөк, ымыркайлардан баштап чоңдорго чейин пилдердин жаак бомбаларынан каза тапканын көрүүгө болот. Бирок жабыркагандардын көбү эки жаштан он жашка чейинки жаш пилдер", — деди ал Би-Би-Сиге.

2023-жылы Шри-Ланкада пилдердин өлүмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, күнүнө бирден ашкан - баардыгы 470тен ашуун пил өлтүрүлгөн, бул тарыхтагы жыл ичиндеги эң жогорку көррсөткүч болуп эсептелет.

Мергенчи

Саман Кумара (аты өзгөртүлдү) — Шри-Ланканын түндүгүндөгү алыскы айылда жаак бомбаларын жасагандардын бири.

Ал Би-Би-Сиге ага окшогон мергенчилерди мындай аппарат жасоого оңой болгону өзүнө тартып турганын айтты.

«Биз катуу нерсеге тийгенде жарылып кетүүчү петардаларды жергиликтүү дүкөндөрдөн сатып алабыз. Андан кийин порошокту алып, шагыл, темир калдыктары менен аралаштырабыз», - деп кошумчалады ал.

"Биз аларды шардай кылып, желим баштыктарга ороп, анан жапайы камандарды кызыктыруу үчүн кант пальмасынын жемиштеринин, ашкабактын, ал тургай чириген балыктын кабыгынан жасалган жем менен жаап коёбуз".

Kumara, a hunter from Sri Lanka, is holding a jaw bomb, a deadly device used for killing wild boars for bushmeat in rural areas

Сүрөттүн булагы, Madawa Kulasooriya

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаак бомбасы жапайы камандарга аңчылык кылуу үчүн колдонулат

Кумаранын айтымында, пилдер балык жебесе да, кээ бирлери мөмө сымал жемге алданып калышат.

Бирок Кумара анын эч качан жаш пилдерге зыян келтирүү ниети болбогонун ырастайт.

"Бөбөктөрдүн баары бирдей. Жапайы камандарбы же пилдин балдарыбы, айтор, оозуна бир нерселерди сала беришет. Алардын табияты ушундай. Биз эч нерсе кыла албайбыз", — деди ал.

Коргоого алынган токой аймактарында браконьерлик кылуу кылмыш болгону менен мергенчилер оңой менен колго түшүп беришпейт, — дейт Кумара.

"Алар колго түшпөй калуунун жеңил жолдорун таап алышкан. Эгер жаак бомбаларын жасаганды билсеңер, мылтык алып жүрүүнүн кереги жок. Бир нече петарда менен шагыл жетиштүү".

Кумара ошондой эле, Шри-Ланкада уланып жаткан экономикалык кризистен жана азык-түлүктүн кымбаттыгынан улам, айыл жериндеги адамдардын көпчүлүгү жапайы жаныбарлардын этине өтүп жатышы жаак бомбаларын колдонуунун өсүшүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Номур биринчи жан алгыч

Шри-Ланканын Жапайы жаратылышты коргоо департаменти тарабынан берилген статистикага ылайык, жаак бомбалары акыркы он жылда пилдердин номур биринчи өлтүргүчү болуп калды.

2013-жылдан 2023-жылдын октябрына чейин бул өлүмгө алып келген аппарат 587 пилди өлтүрүп, жыйынтыгында октон өлгөн 575 пилден ашып кетти.

Infographic on the number of elephants that died from jaw bombs in 2023.

Жапайы табият ветеринары Пинидия жаак бомбасынан жарадар болгондордун 99% жардам беришсе да, сактап калуу мүмкүн эместигин айтат.

"Эгер пил аны оозуна салып тиштеп алса, кээде тилинин бир бөлүгүнөн же бүтүндөй тилинен ажырашы мүмкүн. Мындан тышкары жаак, тиш жана жумшак таңдай сынат", — деди ал.

"Жаак сынганда пилдер тамак жей алышпайт. Ошондой эле ооздун булчуңдары жабыркаса, жаак иштебей калат. Андан кийин чайнай албайсың, оозуң ачык бойдон калат, бул чымындардын жумуртка салуу коркунучун күчөтөт. Эгерде тил жабыркаса, тамакты же сууну ичке түртүүгө болбойт».

"Азап чегүүнүн узактыгы жаракаттын көлөмүнө, жаныбардын жашына жана чыдамкайлыгына жараша болот. Кээ бир жаныбарлар эки жума кыйналышат", - деп кошумчалады ал.

Адам менен пилдин чатагы

Шри-Ланка пили аралды мекендейт. Түрү боюнча — азиялык пилдердин эң чоңу жана капкара түстөгүсү.

Жапайы пилдердин акыркы расмий каттоосу 2011-жылы жүргүзүлүп, өлкөдө 5 879 баш калганын көрсөттү - бул Шри-Ланканын салыштырмалуу кичинекей өлчөмүн эске алганда, дүйнөдөгү эң жогорку популяция жыштыгы.

Veterinary surgeon Akalanka Pinidiya treating an injured elephant, along with a team of wildlife officers in Sri Lanka

Сүрөттүн булагы, Akalanka Pinidiya

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2023-жылы эле 470 ашык пил өлтүрүлдү

Бул гиганттар көптөгөн шри-ланкалыктардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт жана алардын өлкөнүн тарыхындагы, маданияты менен адабиятындагы орду бөтөнчө болуп саналат.

Бирок токойлорду кыюу жана уланып жаткан өнүктүрүү долбоорлорунан улам, адам-пил чатагы (HEC) акыркы убактарда тездик менен курчуп кетти.

"Шри-Ланкада пилдерге байланышкан кыйроо болду" - деди Шри-Ланкадагы жаныбарларды коргоо боюнча RARE уюмунун негиздөөчүсү Панчали Панапития.

"Шри-Ланкада дээрлик күн сайын пилдер гана эмес, адам да өлөт. Айыл тургундары түнү менен үйлөрүн пилдердин басып кетишинен коркуп, уктабай чыгышат", - деди ал Би-Би-Сиге.

"Пил жапайы жаратылыш туризми аркылуу Шри-Ланка үчүн чет элдик кирешеге негизги салымдардын бири болуп саналат. Бирок, адам-пилдин чатагынан жабыркаган жамааттар муну түшүнүшпөйт, анткени бул жамааттарга кирешени туура бөлүштүрүү жок", - деп кошумчалады ал.

Панапитиянын айтымында, Шри-Ланкада жаак бомбалары мыйзамсыз болгону менен, бийликтер мыйзамдын сакталышын камсыз кыла алган жок же өндүрүүчүлөргө каршы күрөшпөй жатышат. Ал эми жапайы жаратылышты коргоо кызматкерлери мындай билдирүүнү четке кагууда.

Алар жаак бомбаларын колдонууну азайтуу үчүн айыл жеринде түшүндүрүү программаларын жүргүзүп жатканын айтышат.

Шри-Ланканын мыйзамдары боюнча пилди өлтүрүү оор кылмыш болуп саналат.

A baby elephant injured due to a jaw bomb in Sri Lanka

Сүрөттүн булагы, RMJ Bandara

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ветеринарлар жаак бомбасынан жабыркаган пилдерге жардам берилген күндө да сактап калуу мүмкүн эмес дешет

"Күнөөлүү деп табылган адам он жылга чейин эркинен ажыратылып, бир миллион рупийге (3,100 доллар) чейин айып пул төлөшү мүмкүн», - деди Жапайы жаратылышты коргоо департаментинин коомчулук менен байланыш боюнча адиси Хасини Саратчандра.

"Учурда жаак бомбасын колдонууга байланыштуу бир нече иш иликтенип жатат жана сот дагы көптөгөн адамдарды жазалады", - деди ал Би-Би-Сиге.

Саратчандра ошондой эле жаак бомбаларын жасоого же алар менен жаныбарларга аңчылык кылууга катышкан адамдарды билдирүү үчүн ишеним телефону түзүлгөнүн айтты.

"Пилдер өлкөбүздүн байлыгы болуп саналат, алар жыл сайын Шри-Ланкага чет элдик туристтердин олуттуу санын тартат. Ошол сыяктуу эле, дыйкандар да бизди тамак-аш менен камсыз кылган маанилүү күч. Андыктан дыйканды да, пилди да коргоо керек", - деп кошумчалады ал.

Ветеринар Пинидиянын айтымында, көптөгөн пилдер жапайы камандар үчүн жасалган жаак бомбаларынан өлтүрүлгөнү менен, азыр айрыкча айыл чарба жерлеринин айланасында, аларды пилдерди бутага алуу үчүн колдонгон учурлар кездешет.

Бирок пилдер атайылап бутага алынганбы же жокпу, бул өлүмгө дуушар кылган түзүлүштөрдүн кесепети табигый же техногендик себептерден келип чыккан башка өлүмгө караганда алда канча азаптуу, - деп кошумчалады ал.

"Кандай максатта болбосун, пил катуу азапты, анын ичинде ачкачылыкты, чаңкоону жана чыдагыс кыйноону башынан өткөрөт." (МА)