"Эки жаатка бөлүнгөн Пакистан"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Tarhub Asghar
- Role, BBC Urdu
Лахордук студент Амна Би-Би-Сиге Пакистанда саясат маселесине келгенде "эч кимге эркин сүйлөшүүгө уруксат жок", · дейт. Өлкө 8-февралда кезектеги премьер-министрди шайлоого баратканда, шайлоочулар мага Пакистан ушунчалык экиге бөлүнүп калганын, алар шайлоо тууралуу сүйлөшүүдөн чочулап жатышканын айтышты.
Саясий көз караштар ушунчалык полярдуу болуп кеткендиктен, бир талаштуу окуяда, атасына желек боюнча пикир келишпестиктен улам өз уулу Ата ур Рехманды өлтүрдү деген айып тагылган.
Атанын бир тууганы Ариф Би-Би-Сиге: «Биздин бүт үй-бүлөбүз аза күтүүдө" деп айтты. Арифтин айтымында, агасы Катардагы жумушунан өргүүдө жүрүп, Пешаварда атасынын жанында жүргөн. "Талаш-тартыш Ата үйдүн чатырына ПТИнин желегин илип койгусу келгенде башталган. Атам эч бир саясий партияны колдобосо да, муну жактырбады"
ПТИ же Пакистан Техрик-и-Инсаф — мурдагы премьер-министр Имран Хандын партиясы. Хан 2022-жылы оппозициялык партиялар коалициясынын ишеним көрсөтпөө добушунан кийин бийликтен четтетилген жана азыр коррупция жана жашыруун документтерди ачыкка чыгарганы үчүн түрмөдө отурат жана ага бул шайлоого катышууга тыюу салынган.
Арифтин айтымында, "кызуу талаш-тартыштын" соңунда атасы Атаны атып, анан качып кеткен. Полиция Атанын кийин каза болгонун тастыктады.

Мындай окуялар сейрек кездешсе да, көп адамдар мага шайлоо учурунда үй-бүлөсү менен сөз талашып урушуп кетишерин билдиришти.
"Эжем экөөбүз үч ай атам менен сүйлөшкөн жокпуз", - дейт Имран Хандын тарапташы Нида Зешаан.
Нида эжеси экөө 2018-жылдагы акыркы шайлоодо ПТИ партиясына добуш салып, Хандын жеңишке жетишине жардам беришкен, бирок бул жеңиш өлкөдө жаатташууну пайда кылды. "Атам Хандын манифестине макул болгон эмес. Ал Ханды жакшы саясатчы эмес деп айткан".
Мен сүйлөшкөн кээ бир жаштардан айырмаланып, Нида өз оюн айтуудан корккон жок. «Атам менен талашып, «Хандын өзүн жана анын мүнөзүн жакшы көрөм» деп айтчумун. Мага анын манифести жакты».
Нида 2024-жылкы шайлоонун эч кандай айырмасы жок экенин, эгер кимдир бирөө макул болбосо, "аны менен жолугушууну токтотом, антпесек көбүнчө урушуп калабыз" дейт.
Бирок жакын достору анын позициясын колдошпосо да, аларды сыйлай турганын айтат. "Досумдун күйөөсү бул шайлоодо башка партиядан аттанып жатат. Ал менин ага добушумду бербесимди билет, ошондуктан менден колдоо сурабайт".
Бул шайлоо эмне үчүн маанилүү?
Пакистандын Индия менен атаандашуусу, Иран жана талиптер көзөмөлдөгөн Ооганстан менен туруксуз чек аралары, АКШ менен болгон кээде өтө ымалаш, кээде жек көрүү менен коштолгон мамилеси, Кытай менен тыгыз байланышы — аны маанилүү глобалдык оюнчуга айлантат, ошондуктан бул өзөктүк куралы бар өлкөдө ким бийликке келери дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн да мааниге ээ.
Пакистандын ичинде да бул шайлоо маанилүү, анткени адамдар саясий башаламандыктан, финансылык кыйынчылыктардан жана Иран менен болгон ракеталык соккулардан кийин туруктуулукту эңсеп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Пакистанда аскердик башкаруунун жана диктатуранын узак тарыхы бар жана бул добуш берүү аскердик кийлигишүүлөрдүн астында өтүп жатат. Көптөгөн адамдар Имран Хандын ПТИ партиясына адилеттүү мүмкүнчүлүк берилген жок, анткени талапкерлер түрмөгө камалган, качып жүргөн же көз карандысыз талапкер катары шайлоого катышууга аргасыз болгон деп айтышууда. Бул арада Имран Хандын партиясы миллиондогон сабатсыз шайлоочуларга бюллетендерин белгилөөдө тандоого жардам берүүчү өзүнүн крикет таягы символунан ажыратылды.
Пакистандын Мусулман Лигасы (Наваз) (PML-N) партиясынан үч жолу премьер-министр болуп шайланган Наваз Шариф саясатка кайтып келди. Ал өткөн жолу коррупция үчүн түрмөдө отургандыктан, ага шайлоого катышууга тыюу салынган болчу, бирок кайрадан ыктыярдуу сүргүндөн бошогону үчүн андан бардык айыптоолор алынып салынды.
Дагы бир талапкер — Пакистан Элдик партиясынын (ППП) төрагасы Билавал Бхутто-Зардари, ал 35 жашта, эң жаш талапкер. Анын апасы 2007-жылы кол салууда өлтүрүлгөн мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто, ал эми атасы менен чоң атасы — мурдагы президенттер, ошондуктан сынчылар аны көбүнчө тууганчылыктан пайда көрүүдө деп айыпташат.
Пакистан эмне үчүн мынчалык бөлүндү?
Пенджабдагы бир кишинин өлкө эмне үчүн бөлүнгөнү тууралуу өз теориясы бар. "Пакистан эли жөн эле өз лидерлеринин жолун жолдоп жатат" дейт ал, бир саясатчынын атаандашын "көчөгө сүйрөп кеткиси" келгенин мисал келтирип.
Ал эми дагы бир адам Ханды жөн эле күнөөлөдү. "Бул сабырсыздык Хандын саясатка келиши менен жайылды. Ал баарын айыптап, баарын ууру деп атады."
ПТИ тарапкери Мухаммад Хафиз Хандын бөлүнүүгө салым кошконун танбайт, бирок бул сөзсүз эле жаман нерсе эмес дейт. "Буга чейин эл өз укуктарын коргой тургандай саясий жактан кабардар болгон эмес. Хан эки партия кантип улуттун байлыгын талап-тоногонун айтып берди. Ал бизге өзгөрүүлөрдү кантип алып келүүнү үйрөттү".

Имран Хан чындыгында Пакистандагы пикирди эки жаатка бөлдү.
Лахордогу студенттердин тобу менен сүйлөшүп жатып, Айеша аттуу бир кыз мага мындай дейт: "Имран Хан — мыкты чечен. Ал өз сөзүнүн күчүн билет, бирок жаштарды бириктирүүнүн ордуна, экиге бөлдү".
Бул комментарийге дагы бир студент катуу таарынычын билдирди: "Имран Хан бул өлкө үчүн баарын жасады жана анан эмне болду? Ал түрмөгө камалды".
Бул адамдардын ортосунда кызуу талашты жаратты. «Бизге уруштун кереги жок, жөн эле сүйлөшүп жатабыз» деп аларга эскертип, кийлигишүүгө туура келди.
Пакистандагы саясий талаш-тартыштар көбүнчө ушинтип бүтөт. Бирок студенттер бир нерсеге макул болушту: шайлоо коррупциясыз өтүшү керек.
"Биз бул өлкөдө кимдир бирөөнү ачык жана эркин колдой алабызбы?" - деп сурайт Амна.
"Эгер бир нерсе десең,э полиция кармап кетет.
Алар өздөрүнө окшобогон пикирди басууда».
Бул пикирге саясат таануу боюнча студент Хумайра да кошулат: "Демократиялык процесс эч кандай кийлигишүүсүз гана өнүгө алат. Бул Пакистандагы жакшы эмес бөлүнүүнү жок кылуунун бирден-бир жолу".
Фархад Жавед жана Азизулла Хандын бул репортажка салымы болду.








