Чандраян – 3: Айдын түштүк уюлунда кандай сырлар жатат жана эмнеге Индия ал жакка робот жиберүүгө аракет кылууда?

Indian rocket lifting off with Chandrayaan-3

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиялык робот Айга шаршембиде конору күтүлүүдө

Чандраян - 3 - бул робот-зонддун аты. Ал Индиянын туштүгүндө жайгашкан Андхра Прадеш штатындагы Срихари Котадан 14 - июлда учурулган. Багыты - Ай.

Эгерде баары планга ылайык ишке ашса, ал Айдын уюлуна ийгиликтүү конгон биринчи робот-зонд болуп калат.

Эмне үчүн Айдын түштүк уюлу?

Индиянын космостук агенттиги: "бардык системалар так иштеп жатат, Шаршембиге карата өзгөчө кырдаалдардын пайда болушу күтүлбөйт. Кийинки эки күндүн аралыгында Чандраян үчтүн саламаттыгы такай көзөмөлдө болот."

Chandrayaan payload getting ready

Сүрөттүн булагы, ISRO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиялык окумуштуулар эксперименттерди жүргүзүп, анын ичинде Айдын топурагын изилдеп көрүүгө үмүттөнүшөт

Конуунун акыркы ырааты эки күн мурун жүктөлүп, сыноодон өтөт, деп кошумчалайт агенттик.

Орусиянын космос агенттигинин ал жакка баруу аракети жакында ийгиликсиз аяктады. Анын "Луна 25" космостук аппараты жекшемби күнү Айга кулап түшкөн. Зонд конууга чейинки орбитага чыкканда техникалык көйгөйлөргө дуушар болгон. Ал дагы Айдын түштүк уюлуна конууга аракет кылган. АКШнын НАСА космостук агенттигинин айтымында, ал жер "табышмакка, илимге жана интригага" толгон.

Терең кратерлер түбөлүктүү караңгылыктын түнөгүнө айланган. Бул аймактардын айрымдарына миллиарддаган жылдардан бери күн нуру тийбей келет. Ал жерлердин температурасы минус 248 градустук таң калыштуу төмөнкү чектерге чейин ылдыйлайт, анткени Айдын бетин жылыта турган атмосферасы жок.

Полярдык чөлкөмдөгү ашыкча төмөн температуралар ошол жерде камалып калган ар кандай заттардын жакшы сакталып калаарын билдирет жана бизге баалуу ачылыштарды бериши мүмкүн.

Эми түштүк уюлга конуучу аппаратты жана кыдыруучу роботту түз жөнөтүү менен Индия Айдын белгисиз тарабын көбүрөөк изилдөөгө үмүттөнүүдө.

Айдагы суу

Индиянын Чандраян - 1 аттуу миссиясы 2008 - жылы Айдагы суунун издерин биринчи болуп таап чыккан.

Photo showing lunar surface

Сүрөттүн булагы, ISRO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чандраян буга чейин Айдагы кратерлерди сүрөткө тартып алган

Азырынча ал жакта канча суу бар экени жана ал жеткиликтүүбү же жокпу, белгисиз. Башкача айтканда, ал жакта суунун экономикалык жактан алынуучу запасы барбы, билбейбиз.

Жерден Айга аппаратураны ташуу үчүн Жердин тартылуу күчүн жеңип кетүү зарыл. Жабдуулар канчалык чоң болсо, Айга ийгиликтүү конуу үчүн ошончолук көп ракета жана күйүүчү май керектелет. Жаңы коммерциялык космостук компаниялар Айга бир килограмм жүктү алып баруу үчүн болжол менен 1 миллион доллар талап кылышат.

"Бул ичүүчү суунун бир литри бир миллион доллар турат дегенди тушундурөт! Космостук ишкерлер Айдагы музду космонавттарды жергиликтүү суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү катары көрүшөт", - дейт Улуу Британиянын Ачык университетинин планетардык окумуштуусу, Европа космостук агенттиги менен иштеген Симеон Барбер.

Суу менен жетиштүү камсыздап алса эле, кийинки логикалык кадам Айда космонавттарга азык катары жер-жемиш өстүрүү мүмкүнчүлүгүн текшерүү болуп саналат.

Бул али баары эмес. Суу молекулалары суутек жана кычкылтек атомдоруна бөлүнүшү мүмкүн жана экөө тең ракеталарды учурууда отун катары колдонулушу ыктымал.

Айдын экваторуна жакын конуу оңой

Ай - Күн сисмесындагы Жерге эң жакын асман телосу. Ошондуктан АКШ менен Орусия Айды изилдөө жана анда эксперимент жүргүзүү үчүн ондогон жылдардан бери атаандашып келишет.

НАСАнын "Аполлон" миссияларынын көбү, анын адам башкарган космостук миссиялары жана Орусиянын "Луна 24" миссиялары Айдын экваторуна жакын жерге конушкан, анткени ал жерге конуу оңой.

"Чындыгында, Индиянын орбиталык аппараты конгон жер "чыныгы уюлдан бир аз алыс". "Бирок (ал берген маалыматтар) кызыктуу болот", - дейт профессор Нил.

Айдын полярдуу аймактарына конуу канчалык кыйын?

Айдын экваторуна жакын жерде техникалык датчиктер жана башка аппаратуралар күн нурунан түздөн-түз кубат алышат. Ошондой эле, айлана ачык көрүнүп турса аппаратты өңгүл-дөңгүл жерде башкаруу оңой болот. Мына ошондуктан мурда өлкөлөр учурган бардык зонддор жана космонавттар Айдын экваторуна жакын жерге конгон.

Painting celebrating Indian space mission

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул миссиянын ийгилиги Индиянын космостук дымагына чоң түрткү болот.

Жердин огу 23,5 градуска жантайып турат. Ушундан улам уюлдарга жакын жерде алты ай күн жана алты ай түн болот. Ал эми Айдын айлануу огу болсо Күнгө салыштырмалуу дээрлик тик бурчту түзөт.

НАСАнын маалыматы боюнча, Айдын огу 88,5 градус вертикалдуу - бул анын бир жарым градус гана жантайганын түшүндүрөт. Бул Күндүн нурлары айдын полярдык аймактарына тийсе да, ал жердеги кратерлердин тереңдигине жете албайт дегенди билдирет. Ал аймактар "Такай көлөкөдө турган аймактар" деп аталат. Мындай жерлерге конуу жана техникалык эксперименттерди өткөрүү өтө кыйын.

Кратерлер эбегейсиз чоң, кээ бирлеринин диаметри жүздөгөн километрге жетет.

Эгер Чандраян-3 тоңгон топуракта суунун издерин аныктаса, бул келечектеги эксперименттер үчүн баа жеткис ачылыш болушу мүмкүн. (DO)