Вагнерчилер аскер кылмыштары үчүн качандыр бир жазасын тартабы?

A Wagner soldier stands in front of an armoured vehicle

Сүрөттүн булагы, @RSOTM Telegram channel

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вагнер согушкерлери Ливияда 2019-жылы генерал Халив Хавтар тарабында согушуп, баш калаа Триполини алуу боюнча чабуулга катышкан
    • Author, Надир Ибрагим
    • Role, BBC World Service

Ишембиде Вагнердин жалданма армиясы Россиянын аскердик жетекчилигине тиш кайрап, Москваны көздөй «адилет жүрүш» баштады.

Жолду катар алар Ростов шаарында Украинада согуш жүргүзүп жаткан армиянын аскердик штабын басып алышты.

Алар Беларустун лидери Лукашенконун ортомчулугу астында Россиянын өкмөтү менен бир бүтүмгө келгенде Москвага чейин 200 км аралык гана калган эле.

Ошентип потенциалдуу жарандык согуш аз жерден болбой калды, Вагнердин армиясынын жолу ачылды. Путин "мамлекеттик чыкынчылык» деп атаган куралдуу козголоңго катышкандар эч кандай жазаланбай турган болду.

Вагнердин атактуу лидери Евгений Пригожин Беларуска кетери жарыяланды, анын армиясындагы козголоңго катышпагандары контракт түзүп, Россиянын армиясына кошула алат.

Yevgeny Prigozhin waves from inside a car

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вагнердин лидери Беларуска жөнөп баратып коштошуп кол булгады

Пригожин Лукашенконун ортомчулугу астында Кремлдин кожоюну менен келишимге келгенден кийин өзүнүн Telegram-каналында «алар» - Россиянын Коргоо министрлигин айтып жатат го - «Вагнерди» таратып жибергиси келип жатканын жазды. Бирок анын куралдуу козголоң чыгарып көтөрүлгөнүнө жалгыз эле ушул себеп болдубу?

Вагнер жана эл аралык аскердик кылмыштар

Вагнердин согушкерлерин Африканын, Сириянын жана Украинанын кээ бир аймактарында көп учурда куралсыз жайкын адамдарга каршы жасалган жырткычтык зулум иштерге айыпташууда.

Ливияда Би-Би-Синин иликтөөсү бул топтун мүчөлөрүнүн жайкын тургундарды жазалап өлтүрүү, жөө адамдарга минаны мыйзамсыз пайдалануу жана баш калаа Триполиде үйлөргө мина-капкан коюу сыяктуу кылмыштуу иштерге катышы бар экенин көрсөттү.

Би-Би-Синин командасы 2021-жылы Триполиге барып, Вагнердин согушкерлери атасы жана эки бир тууганы менен кошо уурдап кеткен адам менен сүйлөшүп келген.

Анын көрсөтмөсүнө караганда, вагнерчилер кыштактагы бир чакан сарайга аларды алпарышып, атасы менен бир туугандарын атып салышкан.

«Алардын бирөө куралын алып чыкты», - деп айтты ал. «Ошол учурда мен түшүндүм. Ал атканы калганын мен билгем. Качан ата баштаганда мен капталыма жыгылып, өлгөндөй көрүнүп жатып калдым».

Очевидец помог команде Би-би-си опознать одного из убийц, бойца Вагнера, который использовал кодовое имя Ваха. Позже он был убит во время вторжения в Украину.

Бул кылмыштын күбөсү бейкүнөө адамдарды өлтүргөндөрдүн бирөөсүн, Ваха деген коддук аталышты колдонгон вагнерчини Би-Би-Сиге таанып берген.

Wagner soldiers in Libya

Сүрөттүн булагы, @RSOTM Telegram channel

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливияда бир үй-бүлөнү атып өлтүрүлгөн жерден сүрөткө түшүп калган Владимир Андахов же Ваха 2014-жылы украин аскер туткундарын атып өлтүрүүгө да шектелүүдө.

2022-жылы май айында Украин прокуратурасы өлкөгө кол салуу учурунда карапайым адамдарды кыйноо жана өлтүрүү сыяктуу аскердик кылмыштар үчүн издөө салынган Вагнердин сегиз мүчөсүнүн аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялады.

Андан мурда АКШнын Финансы министрлиги бул куралдуу топту «Борбордук Африка Республикасында жана Малиде массалык жазалоо, зордуктоо, балдарды уурдоо жана уруп-кыйноо сыяктуу уланып жаткан олуттуу кылмыштар" боюнча айыптаган.

Эгер Вагнер орус армиясына кошулса эмне болот?

Женева конвенциясына ылайык, мамлекеттер алардын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган эл аралык гуманитардык укук бузууларды иликтеп, тийиштүү жоопко тартууга милдеттүү.

Демек, Россия Вагнердин согушкерлери жасаган ар бир кылмышты иликтөөгө милдеттүү болот, бирок бул Россиянын Коргоо министрлиги менен контрактыга кол коюлгандан кийинки кылмыштарга гана тийиштүү болот.

Вагнердин кармалбас жашыруун иштеген жалданма аскеринен айырмаланып, Россиянын аскеринде расмий укук базасы жана отчеттуулук механизми бар.

Members of Wagner group sit on the sidewalk as they patrol the centre of Rostov-on-Don, on 24 June 2023

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вагнерчилер Ростов-на-Дону шаарында

Бирок, Парижден адам укуктары боюнча сириялык адвокат Мазен Дарвиш бул кадам анын өткөндөгү жана келечектеги курмандыктарына да акыйкаттык алып келбейт деп айтууда.

Дарвиш 2017-жылы Сирияда Хамади Бута деген карапайым адамды кыйнап өлтүргөн Вагнердин согушкерлеринин ким экенин тактоо боюнча көп иш аткарды. Алар куралсыз адамды кантип кыйнап өлтүрүшкөнүн видеого тартып алышкан, ал видео интернетке да чыгып кеткен.

Москвада юристтердин жардамы менен бул кылмышка катышы барларга иш козголгон.

Дарвиш арызда каралган адамдардын кимдир-бирөөсүнө карата эч кандай чара көрүлбөгөнүн, керек болсо алардын бирөө Россия президенти Путиндин колунан ардактуу медаль алып сыйланганын айтып күйүп-бышууда.

Вагнер тобун таратып жиберсе эмне болот?

Вагнер таратылып кетсе, анын колунан ажал тапкандарга акыйкаттыкты камсыз кылуу ого бетер оор болот.

Көптөгөн кылмыш иштери топтун өзүнө эмес, жеке адамдарга козголгон, ошондуктан бул аскерлешкен уюм тарап кетсе дагы Вагнердин айрым согушкерлери жоопко тартылышы мүмкүн. Бирок уюмдун өзү жок болгондон кийин ким кимге баш ийип, кимдин буйругу боюнча кылмыш жасалганына далилдерди табуу кыйын болот.

Азыркы убакта чет өлкөдө жайгашкан вагнерчилер эмне болору түшүнүксүз. Алар Ливия, Судан, Сирия, Мали, Борбордук Африка Республикасы, Мозамбик, Венесуэла, Буркина-Фасо и Мадагаскар сыяктуу көп өлкөлөрдө иштейт.

Вагнерге көп жылдардан бери байкоо салып келаткан БУУнун дипломатиялык булагы Би-Би-Сиге эгер согушкерлер Россиянын өкмөтү менен чырдашып, таркатылып кетсе, анын Африкадагы бөлүктөрүн Россиянын Коргоо министрлиги толуктабайт деп билдирди.

Анын айтымында, согушкерлерге акча төлөнбөй калат, Борбордук Африка Республикасы, Ливия, Судан же Мали сыяктуу өлкөлөрдө саясий жана аскердик колдоо болбойт.

Демек, азыркы убакта Африкада турган Вагнердин согушкерлери жумушу жок калат да дагы бир ниети бузук башка бирөөнө жалданып согушка кириши мүмкүн, бул олку-солкулук, жарандык согуш жана козголоңдор менен күрөшүп жаткан өлкөлөргө зор коркунуч туудурат.

Көп учурда жарандар, карапайым адамдар бийлик үчүн күрөштүн жеми болуп калууда. Азыркы учурда Вагнер эл аралык деңгээлде иштеген өлкөлөр соңку өзгөрүүлөр бир чоң каргашага айланып кетпесин деп тилек кылгандан башка аргасы жок.