"Секс болуп жаткандагы кырсык". Миллиардердин уулу студент кызды кантип өлтүргөн?

Сүрөттүн булагы, Odd Petter
Миллиардердин уулу Лондондо студент кыз каза тапканда бир нече сааттын ичинде Йеменге качып кеткендигин он беш жылдан кийин ачыкка чыгарды. Би-Би-Синин араб кызматынын кабарчысы Наваль Аль-Магафи Абдулхак менен сүйлөшүп, ошол сырдуу окуянын чоо-жайын иликтеди.
23 жаштагы Мартина Вик Магнуссендин жансыз денеси 2008-жылы Лондондогу Грейт Портленд көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө таштандылардын астынан табылган. Ошол убакыттан тартып анын үй-бүлөсү адилеттик үчүн күрөшүп келет. Шаардык полиция кызматы Фарукту кармап-камоого эл аралык ордер берген. Ал өзү бул окуя тууралуу мурда эч сөз кылган эмес.
Ал Би-Би-Сиге берген маегинде Вик Магнуссен "жыныстык катнаш убагында кырсыктап" каза болгонун айтты. Бирок Абдулхак Британияга кайтып келип, полицияга жоопко турганга ал даяр эмес, анткени "өтө кеч" болуп калды дейт.
Мартинанын жансыз денеси табылганда мен Лондондо студент элем. Бул суук кабар мени кайыштырды, анын үстүнө кылмышка негизги шектүү менин йемендик жердешим болуп чыкты.
Ошондуктан, 2011-жылы Би-Би-Сиге журналист болуп киргенимде, мен чындыгын изилдөөгө киришкен эң биринчи тема болуп калды. Менин максатым негизинен Мартинанын үй-бүлөсү берип жаткан суроолорго жооп табуу болчу. Алар кызынын өлүмү эл аралык укуктун иштебей турганын көрсөттү деп келишет. Улуу Британия менен Йемендин кылмышка шектүүлөрдү экстрадиция кылуу келишими жок.
Өткөн жылы Фарук Абдулхак менен байланыш түзө алдым. Аны менен баарлашуу социалдык тармактар аркылуу башталды. Ал жылдар бою ага кайрылган жүздөгөн журналисттерди четке кагып келген. Бирок биздин йемендик тек-жайыбыз анын ишенимине ээ болууга жардам берди. Жазышып баштаганыбыздан он күн өткөндөн кийин, ал мага бир катар ачык билдирүүлөрдүн биринчисин жөнөттү.
«Жаш кезимде бир иштерди кылдым, жаңылып жаздым» деп жазды.
Ал беш айдын ичинде миңдеген текст билдирүү жана жүздөгөн үн билдирүүлөрүн жиберди,
Бирок бир да жолу Мартинанын атын атап же анын өлүмү жөнүндө сөз кылган эмес.
Экспертизанын корутундусунда норвегиялык студент муунтулуп өлтүрүлгөнү ачык көрсөтүлгөн. Анын денесинен 43 кесилген жана чийилген жерлер табылган, алардын көпчүлүгү "кол салуудан же каршылык көрсөтүп жатып алган жаракаттарга окшойт".

Фарук менен Мартина Лондондогу Реженттин бизнес мектебинде окушкан. Мартина борбор калаада финансист болгусу келген. Акыркы жолу достору аны 2008-жылдын 14-мартында, Мэйфейрдеги эксклюзивдүү "Maddox" түнкү клубунда Фарук экөө экзамендердин аякташын белгилеп жатышканда көрүшкөн.
Досторунун айтымында, Фарук андан кийин Лондондун борборундагы Грейт Портленд көчөсүндөгү батиринде кече өткөрүүнү сунуштаган. Алар өтө чарчашкан, бирок Мартина кечени уланткысы келгенин айтышат. Коопсуздук камерасы анын Фарук менен клубдан саат 02:59да чыгып баратканын көрсөтүп турат. Андан кийин эмне болгонуна күбөлөр жок. Ал таңга маал өлгөн, бирок анын денеси 48 сааттан кийин гана табылган. Бул убакта Фарук Улуу Британиядан Каирге учуп кеткен. Андан соң атасынын жеке учагы менен Йеменге барган. Фаруктун адвокаты анын күнөөсү жок экенин билдирип келди.
Фарук жөнөкөй йемендик эмес. Ал Йемендеги эң бай жана таасирдүү адамдардын бири Шахер Абдулхактын уулу. Атасы кант, алкоголсуз суусундуктар, мунай жана курал-жарак империясын түзүп, ошол кездеги президент Али Абдалла Салехтин жакын досу болгон.
2011-жылы Фарук менен биринчи жолу сүйлөшүүгө аракет кылганымда, аны издеп Йеменде айлап жүрдүм. Бирок бийлик адамдары окуяны изилдөөнү токтототуу керек деп эскертүү бергенде кетүүгө туура келди.
2022-жылдын февралында мен бул ишти иликтөөнү кайра жанданттым - бул сапар Лондондон. Бул убакта Фаруктун атасы каза болуп, президент Салех бийликтен кеткен. Эми Фарук менен сүйлөшүүгө мүмкүнбү деп ойлодум.
Бирок бул оңой эмес экенин да билчүмүн. Курбум анын номерин тапканда, мен ага бир нече түрдүү билдирүү жаздым, бирок жооп алган жокмун. Бир убакта курбум Фарук Snapchat колдонуп жатканын билип калды.

Мен ага кат жөнөттүм, ал бир нече секунданын ичинде жооп берди. Биринчиден, ал мен кайдан экенимди сурады. Балким, экөөбүз бир жерде жашасак керек деп ойлоп, мен ага өзүм чоңойгон Йемендин бай жашаган аймагынын атын бердим. Болжоолорум туура чыкты. Ошол замат анын кызыгуусу артты.
Алгачкы пикир алышууда эле мен ага журналист экенимди айттым. Мен диалогду баштаган соң, анын ишенимине киришим керек эле.
Биринчи баарлашуубуз биздин окшош жактарыбыз жөнүндө болду. Анын укмуштуудай байлыгына карабастан, кандайдыр бир жагынан бизде окшоштуктар көп болчу. Биз ошол эле Швейцариянын курортторунда лыжа тебүү, эл аралык мектептерде окуу жана Лондондо экөөбүзгө тең жаккан жерлер тууралуу сүйлөштүк.
Анан ал ачыла баштады.
"Жаш кезимде бир иштерди кылдым, жаңылдым-жаздым..." деп жазган ал. «Мен сага чыныгы аты-жөнүмдү айттым, мен Улуу Британияга ал жакта болгон окуядан улам бара албайм".
"Бир коркконум, сиз мага жазуучу жана журналист экениңизди айтканыңыз."
"Сиз мен сүйлөшүшүм керек болгон акыркы адамсыз."
Мен анын өкүнүп жаткан жаңылыштыгы жөнүндө кенен-чонон айтып берүүнү өтүндүм. Ошондо ал: 1. Мен ошол кырсык болгонуна абдан өкүнөм. 2. Мен бул жакка (Йеменге) келгениме да өкүнөм, мен кетпей, жоопкерчилик тартышым керек эле",-деди.
Анын мага ишеним арта баштаган ылдамдыгы таң калыштуу көрүнүшү мүмкүн, бирок Фарук укмуштуудай обочолонуп калганын унутпаңыз. Анын бүт үй-бүлөсү Йеменден башка жерде жашайт, анын ичинде өлкөдөгү кыйратуучу жарандык согуштан качкан мурунку аялы жана кызы бар. Бирок камакта түшүп калам деп коркуп, алардын бирине да барууга батына албайт.
Тергөө учурунда мен сүйлөшкөн анын досторунун эч кимиси ал качып кеткенден бери андан кабар алган жок, бирок баары Мартинанын өлүмү тууралуу окуганда шок болгонун айтышып, анын бул ишке тиешеси бар экенине ишенбей турганын айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Cecilie Dahl
Мартинанын курбусу, Тале Лассендин айтымында, Мартина, Фаруктун батири шаардын борборунда болгондуктан, көп учурда аныкында түнөп калчу. Коопсуздук камералары анын клубдан чыгып баратканда Фарук менен эркелешип бара жатканын көрсөтөт.
Эртеси күнү Мартина үйүнө кайтып келбегенде, анын достору анын дайынсыз жоголгонун айтышкан, бирок бирөөсү Фаруктун Facebook аккаунтун өчүргөнүн байкагандан кийин гана полиция олуттуу мамиле кылганын айтышты. Алар Фаруктун батирин тинтип, студент кыздын жарым жылаңач денесин бат эле анын үйүнүн жер төлөсүнөн табышкан.
Бул убакта ал Улуу Британиядан качып кеткен. Полиция Фаруктун Лондондон Каирге коммерциялык рейс менен барганын билген, бирок анын качып кеткени тууралуу толук маалыматы жок болчу.

Сүрөттүн булагы, Cecilie Dahl
Ошентип, акыры мен аны менен телефондон сүйлөштүм. Анын Мартинанын өлүмү үчүн жоопкерчилик тартканга Улуу Британияга келеби деп сурадым.
«Мен акыйкаттык болот деп ойлойбойм», — деди ал мага. — Ал жакта кылмышты жазалоо системасы аябай эле бир жактуу. Алар мени арабдын, байдын баласы деп көрсөткүлөрү келет деп ойлойм, аябай эле кеч болуп калды».
Мен ага Мартинанын атасы болгон окуянын чындыгын билгиси келет деп айттым.
"Кээ бир нерсени айтпай эле койсок жакшы болот. Анткени мен эмне болгонун чынында эле билбейм, айта албайм»,-деди.
Лондонго келгенден кийин мен чындыкты издеп, чынында эмне болгонун сурап, кайра кат жаздым.
Ошондо мындай жооп келди: «Бул кырсык болду. Эч жаман ой жок эле. Секс болуп жаткандагы кырсык»
«Чындыкты эч ким билбейт, анткени мен өзүм дагы көп нерсени билбейм».
Буга эмне себеп экенин сураганымда «Кокаин» деген бир гана сөз менен жооп болду. (КС)








