Чырайлуулар чын эле көбүрөөк маяна табышабы?

South African model Marike

Сүрөттүн булагы, Yulia.S Hugo

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Модель Марике анын чырайына карап көп учурда ар кандай ичимдик менен сыйлашкан учурлар көп болорун айтат

Кишинин жүзү канчалык чырайлуу көрүнгөнү оң? Улантылып жаткан изилдөөлөргө караганда, жүзү сүйкүмдүү кишилер үчүн жашоо алда канча жеңил жана кирешелүү экендиги тастыкталып жаткандай.

Кейптаундук мода модели Марике көп учурда өзүнө бекер суусундуктар, түшкү тамактар жана маданий иш-чараларга билеттер сунушталып келээрин айтат.

Эмне үчүн мындай? Ал мунун сырын тек гана өзүнүн чырайлуу жүзү менен байланыштырат.

Узун бойлуу, бели ичке, күрөң түстөгү олоң чачтуу Марике айым Би-Би-Синин англис тилдүү "Ишкерлик күндөлүгү" (BBC Business Daily) үналгы берүүсүнүн кабарчысына:

"Балким, кээ бир кишилер муну адилеттүү мамиле деп эсептебеши деле ыктымал.

Бирок сиз сырткы келбетиңиз кандай болсо, ошондой көрүнөсүз жана аныңызга сыймыктанасыз. Анын үстүнө бул келбетиңизди сактап калуу үчүн өзгөчө мээнеттенесиз. Андан соң гана сизге жанагы таптакыр бекер болгон иш тажрыйбалар менен белектердин бардыгы жаадырылат... Менимче, ар ким эле андайларды кабыл алып, алардын ыракатын көрүүсү абзел го дейм", - деп өз турумун түшүндүрдү.

Биз муну моюнга алгыбыз келеби же жокпу, ага карабастан, чырайлуулукка карата бир жактуу мамиле ушундай салты бар Голливуддун, интернеттеги коомдук медианын жана жарнама ишкерлигинин алкактарынан алда канча кеңири чөйрөлөрдө колдонулуп жатат.

Айтмакчы, чырайлуулардын жашоосу оңоюраак жана иши кирешелүүрөөк экендигин тастыктаган изилдөөлөрдүн саны да өсүүдө.

Бирок чырайлуураак көрүнгөндөрдүн абалы канчалык жакшыраак? Келиңиздер, карап көрөлү.

Интернеттин коомдук тармактарынын кубаты

Beauty fashion blogger advertising bag and belt accessories

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн чырайлуу адамдар дүкөндөрдөн бренд товарларды бекер алган учурлар да көп. Анткени алар социалдык сайттарда бренд товарларды жарнама кылышат

Дүйнө жүзүндөгү калайык ушул теманы талкуулоо үчүн интернеттин коомдук медиасына арбын кайрылышат.

"Чырайлуу кишилер" сырткы келбетинен улам бекер белек-бечкек алышкандыктары тууралуу окуялар интернетте байма-бай эскерилет. Ал тургай бир аял өзүнүн кесиптик деңгээли жетишерлик эмес болгондугуна карабастан, жумуш ордуна тандоодогу маек маалында "чырайымды карап туруп эле мени жакшы кызматка кабыл алып коюшту" деп жумуш ээсине ыраазычылыгын билдирген пикирин коомдук тармакта шардана кылып чыкты.

Интернеттик коомдук медиа, албетте, көптөгөн кишилерге - эркектерге да, аялдарга да - сүйкүмдүү келбеттери үчүн эле өз үйлөрүнөн чыкпай туруп татынакай тиричилик кылууга мүмкүнчүлүк жаратып койду.

"Чырайлуулардын ээлеген артыкчылыктуу турумдары чындап эле өсүп чыкты. Бул жаатта Instagram - негизги күнөөкөр", - деп Марике айым агынан жарыла сүйлөдү.

Брендге айланган товарларды сунуштаган компаниялар бири-бири менен айыгыша күрөшүп, кадыресе медиа түрлөрүн эч колдонбой калган улан-кыздардын чөйрөсүнө жетүүнүн заманбап аргаларын жан талаша издеп келишет.

"Сизге белгилүү бир брендден абдан көп сандаган өнүмдөр беп-бекер жөнөтүлүшү мүмкүн жана сизден талап кылынчу иш мындайча: сиз тийешелүү товарды өзүңүздүн Instagram баракчаңызда бөлүшүү менен ошол брендге жагымдуу таасир тийгизсеңиз болду", - деп Марике кабарчыга түшүндүрө кетти.

Марике жеке өзүнө карата мындайча өзгөчө көңүл бурууну жана бекер белек-бечкектерди жанындай көрөөрүн эч жашырган жок.

"Сулуу айым жана модел болуп, ушундай бекер иш тажрыйбага жана мүмкүнчүлүктөргө жетүү - укмуштуудай сонун эмеспи. Анткени сиз чоң шаарларда жашап жатсаңыз, аябай эле көп сандагы чыгымдарга туш болосуз да!"

Деги келбетиңиздин чырайлуу болушу сиз үчүн канчалык жакшы?

Fitness vlogger making a video of himself at home

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экономист Хамермеш сулуу айымдарга караганда чырайлуу эркектер көп акча табат деп эсептейт

Дэниел Хамермеш мырза АКШдагы Техас университетинин жумуш орундары көйгөйлөрүн иликтеген экономика адиси. Ал "чырайга карата бир жактуулук" деп аталган ушул көрүнүштү узак жылдардан бери изилдеп келет.

Анын айтымында, сулуулар көбүрөөк көлөмдөгү маяна алышат, банктан насыя алууда азыраак кыйналышат жана, адатта, аларга жакшыраак жумуш мүмкүнчүлүктөрү жана жеңилдиктер сунушталат.

Хамермеш мырзанын айтымында: "Кимдерди биз чырайлуураак деп эсептесек, алар эмне менен алектенишсе да, аны жакшыраак аткарышат жана ал иштен көбүрөөк пайда табышат.

Ал гана түгүл кебете-кешпирге эч маани бербей турган жай делген университетте иштеген чакта деле келбетиң мааниге ээ. Ал тургай экономика илимин алчу болсок, бир-эки изилдөө айгинелегендей, чырайлуураак көрүнгөн экономика адистери көбүрөөк маяна алат экен".

Female SWAT Police Officers Attend Drill In Chongqing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хамермештин айтымында сулуулук сиз күтпөгөн тармактарда да өзүнүн жолун табат

Хамермеш мырзанын баамында, келбеттүү жумушчу (маяна акысы саатына 20 доллар деп каралчу эсептин негизинде) өмүр бою 230 000 доллар акчаны жөнөкөй кишиге караганда көбүрөөк табат.

Ошентип, анын айтымында, эгерде биз бул калыпты каржылык кордун башкаруучусунун же инвестициялык банкирдин кызмат ордуна колдончу болсок, анда келбеттүү кишинин эмгек акысынын көлөмү кадыресе кишиникинен алда канча чоң айырмада болот.

Хамермеш инсандык жеке сапат, айдыңдык (интеллект), билим, жаш, жыныс жана раса сыяктуу башка өңүттөр деле маанилүү экенин моюнга алат, бирок сулуу келбеттин тийгизчү таасири бул өңүттөрдүн баарынан көз каранды эмес, деп ырастайт.

"Ал түгүл кишилердин арасындагы алиги башка айырмачылыктардын бардыгын тең эсепке алган учуруңузда деле ошондой. Келбеттүүлүк жагындагы айырмачылык баары бир эмгек базарына жана кишилердин жумуш ордуна таасир тийгизбей койбойт", - дейт Хамермеш.

Чырайлуулук деңгээлин кантип аныктай алабыз?

Three female models

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сулуулук аны караган көздөн көрүнөт деген макал бар.

Көптөгөн кишилер чырайлуу келбет дегенди аныктоо өтө кыйын деп айтышат, бирок Хамермеш буга макул эмес. Анын айтымында, көпчүлүк кишилер кимдин "келбети жакшыраак" жана кимиси "азыраак чырайлуу" экендиги боюнча бирдей пикирге келе алышат.

"Эгерде сиз экөөбүз көчөдө жөө сейилдеп баратсак жана 10 кишини учуратсак, арасында бир-эки келбеттүүсү жолукпай койбойт. Келбеттүү кишилер жөнүндө биз дээрлик өз ара макул болобуз".

Ал ошондой эле кишинин расалык теги чырайлуулукка карата бир жактуу көз карашка эч кандай таасир этпейт деп санайт.

"Бүгүнкү күндө биздин сулуулукка болгон көз караштарыбыз ар башка расалардын өкүлдөрүнүн арасында абдан эле окшош. Келбети чырайлуу болгон африкалык кара аялды бүткүл дүйнө жүзү боюнча жакшы кабыл алышат. Азиялык монгол тектүү аялды деле, европеоид аялды деле ошондой баалашат", - дейт Хамермеш мырза.

Чырайлуу жүздөр жана толуп кетүүдөн коркуу

Doctor injecting collagen into young woman's lip

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эриндерди толтуруу популярдуу сулуулук процедурасы болуп калды

Бет бырыштарын жымсалдоодо "Ботокс" (Botox) ыкмасын колдонгон жана башка эрин толтургучтар сыяктуу косметикалык амалдар беттин сырткы көрүнүшүн жакшыртуунун барган сайын калайыкка кеңири таркалган жолдоруна айланууда.

Бирок, таң калычтуусу, Хамермеш мырза бул амалдар кишини чырайлуураак кылып көрсөтүп салаарына анчейин ишенбейт.

"Айрымдар бул амалдар аларга жардам берет ко деп ойлошот. Алар жакшыраак кийим сатып алуу, жакшыраак косметикага жетүү жана чачты жарашыктуураак тегиздөө сыяктуу иш-аракеттерди жасай алышат. Бирок Шанхайдагы аялдарды изилдөөнүн жыйынтыгы айгинелегендей, сулуулук амалдарына акчасын көбүрөөк сарптагандар бул жаатта азыраак каражат короткондорго караганда анчейин деле чырайлуураак көрүнө беришпейт экен".

Ал эми Эмили Лорен Дик аттуу калемгердин пикирине караганда, сулуулукка жана жумуш ордуна жетүүгө келгенде, опкоол кишини салмагына ылайык басмырлоо учурлары кеңири жайылган.

Көпчүлүк өлкөлөрдө эмгек мыйзамдары жумушка талаптанганды расасы, жынысы, улуту, майыптыгы жана жашы сыяктуу жумушка байланыштуу эмес өңүттөр боюнча басмырлоого тыюу салынса да, Эмили Лорен Дик айымдын билдиришинче, дене мүчөсү же келбети жарашыктуу көрүнгөн кишини атайын тандап кызматка алууну чектеп салчу кепилдик деле жокко эсе.

Бул канадалык калемгер айым жумушка алуу саясатына жана кыйыр түрдө бир жактуу машыктыруу тажрыйбаларына чукул өзгөртүү киргизүүнү талап кылып келет.

"Денеси болуктуктан коркуу (фэтфобиа) - бул денеси болук кишилерден коркуу жана аларды жек көрүү дегендик жана мындай коркуу - нагыз расизмге жатат.

Семиз кишилер арык денелүү кызматкерлерге караганда азыраак акча табат деп жоромолдонот. Мындай түшүнүк - болук кишилердин жөндөмүнө карата болбогон жерден шектенүүнү жараткан сокур ишенимдин эле мөмөсү", - дейт Эмили Лорен Дик айым.

Ал эми илимий иликтөөлөргө келсек, алардын натыйжалары да Эмили Лорен Дик айымдын шектенүүсүн ырастоодо. Маселен, жакында Улуу Британиядагы Шеффилд Халлам университети жүргүзгөн изилдөө ушундай тыянакты сунуштады.

Изилдөө маалында жумуш ордун сунуш кылып жаткандарга бирдей эле резюмелер таркатылып берилди. Оболу аларга болук кишилердин фото сүрөттөрү, андан кийин арык кишилердин сүрөттөрү таркатылган. Сыноонун натыйжасында жумуш ордун сунуш кылып жаткандар тарабынан арык денелүү талапкерлерге артыкчылык берилгендиги таасын ашкереленген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебине караганда, дүйнө жүзү боюнча ашыкча толуп кеткен кишилердин саны бир миллиарддан ашты. Демек, азыркы тапта кишинин салмагы менен келбетине карата сезимдик кабылдоолорубуз менен байланыштуу өзүбүз ачык аңдабастан туруп бир жактуу мамиле жасап жаткан өнөкөткө каршы күрөшүүбүз үчүн таасын убакытка жеттик.

Артка чегинүү

South African model Marike

Сүрөттүн булагы, Marike

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Модель Марике жумушка алууда адамдын ким экени менен катар эле анын сырткы чырайына да карап алышат

Сулуулукка болгон бир жактуу мамиле, албетте, жаңы деле көрүнүш эмес. Бул калыстыкка жатпаган турум Голливуд жылдыздарынан баштап, сиз экөөбүздөй кадыресе кишилерге чейин эске алганыбызда, тим эле бир нече муундар бою бардыгыбызга тең кыйла таасир тийгизип келди.

Бирок жогорудагы сулуулук өрнөгү Марике айымдын айтымында, коомдун сырткы келбетке болгон ашыкча кызыгуусуна каршылык да байкалып жатат. Ал тургай моданы багыттоо өнөр жайында да айрым өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

"Соңку учурларда калайык кызыктуу баян сунуштай алчу сулуулук өрнөктөрүнө (моделдерге), өнөрпоздорго же актёрлорго мурдагыдан көбүрөөк кызыгып жатышат. Балким, бул кишилер модел болуудан же актёрдуктан башка дагы кайсы бир нерсе менен алектенип, башка нерселерге деле кызыкканы үчүн калайыкты өздөрүнө имеришээр. Демек, учурда инсандык бейне абдан маанилүү болуп калды.

Бул - моданы багыттоо өнөр жай тармагында уламдан улам бекемделип жаткан агым. Менимче, бул көрүнүш - ажайып бир жагдай", - дейт чырайлуу Марике айым. (TT)