Окутуу же технологиялар полиция зомбулугун токтото алабы?

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШда бул аптада кара түстүү Жорж Флойддун өлүмүнө айыпталаган ак түстүү полиция кызматкеринин соту башталды. Жорж Флойддун өлүмүнөн башталган нааразычылык акциялары АКШ бийлигин полицияны реформалоого мажбур кылды.
Бирок чын эле окутуу же технологиялар өзгөрүү алып келеби?
Жаман ойлуулукка каршы окутуу деген эмне?
Калпыс чечим кабыл алууга таасирин тийгизген машыгуулар такай өткөрүлүп келүүдө. Филадельфиядагы изилдөө көсөткөндөй, полиция куралы бар деп адашып атып алган 29 кишинин 25и кара түстүү болгон. Ушундай мисалдардан улам полиция офицерлеринин кара түстүүлөргө тымызын жаман ойлору бар деген пикирлер үстөмдүк кылат.
Тымызын караниеттикке каршы окутуулар көптөгөн ири компанияларда жана АКШнын дээрлик бардык полиция бөлүмдөрүндө кеңири колдонулат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бирок анын жыйынтыгы кандай?
Цинциннати университетинин профессору Робин Энгелдин айтымында, Нью-Йоркто жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжалары муну четке кагат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Жалпысынан алганда өзгөрүүлөр бар. Офицерлер арасында тымызын караниеттик же аңдабай жаман ойлуулукка алдыруу боюнча түшүнүктөр пайда болгон. Бирок ал полициянын ишмердүүлүгүнө таасир берген эмес".
Полициянын камералары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Камералар полиция кызматкерлеринин кийимине же жабдыктарына тагылып, бир нече ракурстан окуянын аудиосун жана видео жаздырып, кийин аны көрүп талдоо жүргүзүүнү мүмкүнчүлүк берет. Тергөөдө күбөлөрдүн сөзүнөн башка дагы далилдердин болушун камсыздайт. Муну билген офицерлер чечим кабыл алууда этият болушат.
Бул иштейби?
"Камералар полициянын жүрүм-турумуна тийгизген таасири ар түрдүү. Айрым изилдөөлөрдө оң натыйжасы байкалса, башкалары таасири аз болгонун ырастайт",-дейт профессор Энгел.

Сүрөттүн булагы, Hamilton County Prosecutor's Office
Автоунаасынын номуру жок болгону үчүн полиция тарабынан токтотулган Самуел дю Бос куралсыз болгон. Ал офицердин жанынан машинесин айдап кетүүгө аракет кылганда, аны башка атып өлтүргөн офицер Рэй Тенсиңдин камерасы болгон.
Профессор Энгел "камералар ок атууга эч кандай таасири бербейт" деп эсептейт. Тенсиң мурда эки жолу киши өлтүрүүгө айыпталаган. Бирок соттордун пикири ажырым болгондуктан анын кылмыш иши токтотулган.
Чыңалууну азайтуу үчүн окутуулар жана процедуралык адилеттүүлүк деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чыңалууну азайтуу боюнча окутууларда полиция офицерлерин ар кандай кырдаалда туура чечим кабыл алууга үйрөтүшөт. Чыңалуу болгон жерде жарандар менен сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмдөрүн өстүрөт.
Процедуралык адилеттүүлүк - бейтарап чечим кабыл алууга жана кагылышууда жарандардын үнүн угууга үйрөтөт.
Бул канчалык иштейт?
Кентуккидеги Луисвилл шаарында жүргүзүлгөн жаңы изилдөө чыңалууну азайтуу боюнча окутуулары натыйжа берерин аныктаган. Окутуудан өткөндөр азыраак күч колдонушат же жаракат келтиришет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бул, трениңдер жана чыңалууну азайтуу чын эле офицерлердин жана жарандардын коопсуздугун өстүргөнүнүн биринчи далили",-дейт профессор Энгел.
Процедуралык адилеттүүлүктүн дагы оң таасири бардай.
"Бул экспериментке 20 миң айдоочу катышты. Эксперименталдык топто киргендер полиция кызматкерлеринин ишине көбүрөөк канааттангандыгын, полицияга баш ийүүгө жана аны менен кызматташууга көбүрөөк даяр экендигин билдиришти. Алар жалпысынан полицияны калысыраак деп эсептеп калышкан",-дейт Квинсленд университетинин профессору Лоррейн Мазеролле.
АКШ, Улуу Британия жана Түркиядагы процедуралык адилеттүүлүк боюнча жүргүзүлгөн башка изилдөөлөр дагы ушундай эле натыйжаларды көрсөткөн.
Көчө каршылыктары деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Зомбулук тууралуу кабарлар жаңылыктардын баш сабына чыгып, Black Lives Matter ("Каралардын өмүрү мааниге ээ") кыймылы бүт Америка боюнча демонстрацияларды жана көчө нааразычылыктарын күчөтүп турду. Алардын көбү тынч өттү.
"Black Lives Matter нааразычылыктары полиция кызматкерлери аралашкан зомбулукту токтотууну талап кылган",-дейт Массачусетс Амхерст Университетинин экономисти Трэвис Кэмпбелл.
Анын изилдөөсүнө ылайык, 2014-жылы бул кыймыл башталгандан кийинки беш жылда нааразычылык болгон жерлерде полиция тарабынан болгон өлүимгө жеткирген ок атуу 15% дан 20% га чейин азайган. Полицияга таасир эткен башка факторлорду эсепке алуу кыйын болсо дагы нааразычылык чын эле натыйжа бергенин болжосок болот.












