"Кандуу ишемби": Мьянмадагы аскер бийлигине кыжырдануу

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ишемби - Мьянманын тарыхындагы эң кандуу күндөрдүн бири болуп калды. 1-февралда бийликти аскер жетекчилери басып алгандан бери өлкөдө каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. Аскерлер демонстрацияны күч менен таратуу үчүн ок чыгарууда.
Апта соңунда генералдар куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнүн майрамдады. Ал эми бир нече шаарда демонстрациялар өттү. Аскер бийлиги аларды таратуу учурунда ок атып, кеминде 107 киши каза тапкан. БУУ маалыматына караганда алардын арасында жети бала көз жумган.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет жана геноцид боюнча атайын кеңешчи Элис Ндериту биргелешкен билдирүү жасап, Коопсуздук кеңешин зомбулукту токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.
Бирок кырдаалды Коопсуздук кеңешинде чечүү ыктымалдуулугу төмөн. Вето укугу бар Кытай менен Орусия бийликти ээлеп алган Мьянма аскерлерине сын айтпай турат.
Ишембиден өткөн Мьянмадагы аскер парадында Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү чет жерден барып катышкан жалгыз расмий болду. Дүйнөдө кан төгүлгөн окуяны өтө кыжырдануу менен талкуулап жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
1-февралда Мьянма бийлигин төңкөрүш аркылуу аскер жетекчилери ээлеп алган. Өлкөнүн лидери камакка алынган эле.
АКШнын Мамлекеттик департаменти демонстранттарга ок атылган окуяны "террор" деп атады. 12 өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирүү таратып, Мьянмада элге каршы куралдуу күчтөрдүн колдонулганын сынга алды. Билдирүүдө Австралия, Канада, Германия, Греция, Италия, Жапония, Дания, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея, Британия менен АКШ коргоо министрлеринин колу коюлган.

Сүрөттүн булагы, EPA
Каза тапкандар арасында балдар бар
Мо Мьин, Би-Би-Синин Бирма кызматы
14 жаштагы өспүрүм кыздын апасы көчөдө аскерлер жүргөнүн көргөндө эшиктерди жаап салуу үчүн чуркаганын айтып берүүдө. Бирок үлгүрбөй калган. Бир саамдан кийин эле канга чыланган кызын кучактап олтуруп калды.
"Анын жыгылганын көрдүм, бирок чалынып кетти го деп ойлодум. Анан эле көкүрөгү канга чыланганын көрдүм",-дейт шаардын тургуну Мейтхила.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аскерлер көчөдө кимди көрсө эле ок чыгарышкан. Алардын ырайымсыздыгы буга чейинкилерден ашып түштү. Аскерлер дагы демократияны жактагандар дагы артка кайтчудай эмес. Аскерлер элге каршы террор аркылуу "стабилдүүлүккө жана коопсуздукка" жетебиз деп эсептейт. Бирок жаштар башында турган каршылык кыймылы өлкөдөгү аскер диктатурасын түп-тамырынан жок кылууга умтулууда. Жоготуулардын санын атоо өтө оор. Өзгөчө алардын арасында балдар болгондо.








