Пайдасыз мурас: Байден жокко чыгара турган Трамптын чечимдери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын тарыхындагы 46-президент Жо Байден Ак Үйдөгү жумушун баштаар замат эле Трамптын администрациясынын айрым чечимдерин жокко чыгарууга ниеттенүүдө. Бул чечимдер өлкөгө "оор сокку" алып келди деп эсептейт Байден.
Париж келишими
Жаңы президенттин кайрадан Париж келишимине кошулуу ниети бар. АКШ бул келишимден чыга турганын үч жыл мурун билдиргени менен расмий түрдө ушул жылдын 4-ноябрында чыгып кетти.
2015-жылы кабыл алынган глобалдык жылуулукка каршы туруу чаралары боюнча макулдашылган Париж келишиминен чыгарын Дональд Трамп 2017-жылы июнда жарыялаган. Бул келишим атмосферага зыяндуу заттардын тарашына жол бербөөгө милдеттендирет. Аны 195 өлкө колдогон.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу Байдендин шайлоо алдындагы негизги демилгелеринин бири болду. 20-январда АКШ кайрадан Париж келишимине мүчө болорун жарыялайт деп күтүлүүдө.
АКШга кирүүгө тыюу салган чечим
2017-жылы Трамп мусулмандар көп жашаган жети өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган эле. Ал тизмеге Иран, Ирак, Сирия, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали кирген болчу. Коопсуздук чарасын көргөн Трамптын администрациясы бул тизмени улам узартып келди.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ал кезде президенттин чечими АКШда нааразылык акцияларына себеп болуп, аны сотко беришкен. Байден шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө расалык ажырым, диний азчылыктар боюнча көп сөз кылды. Инаугурациядан кийин президент дароо эле Трамптын чечимин жокко чыгараары бегилүү болду.
Трамп иммиграциялык саясат анын артыкчылык берген иши экенин, ал аны коопсуздук үчүн катаалдатаарын шайлоого чейинки үгүт учурунда да, президент болгондон кийин да айтып келди.
Ошентип АКШнын "кара тизмесине" кирген мамлекеттердин арасында Кыргызстан да бар эле.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кыргызстандыктардын АКШга киришин чектөө кыргыз паспортунун сапатына байланыштуу деген.
"Бир канча убактан бери биз сиздердин өкмөтүңүздөр менен паспорттун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризмге байланыштуу маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдарды тезирээк ишке ашырууга түртөт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон бул максаттардын аткарылышын улам анализдеп турат. Бул чектөө жакын арада алынат деп үмүт кылам", - деди өз кайрылуусунда элчи.
Миграция боюнча чечим
Жаңы администрациянын өкүлдөрү билдиргендей, Байден кызматына киришкенден кийин Конгресске миграция боюнча мыйзам долбоорун сунуштайт. Ага ылайык, болжолу 11 млн. чамалуу мыйзамсыз жүргөн мигранттар сегиз жыл ичинде мыйзамдуу макамга ээ болот жана ошол эле учурда жарандык алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз мигранттар полициянын текшерүүсүнөн өтөт. Салык төлөмдөрү, кылмышка аралашпаганы текшерилет. Ушундан беш жылдан кийин туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн кайрыла алат. Сегиз жылдан кийин жарандык алууга кайрылса болот.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону катаалдаштырган жаңы эрежелерди ишке киргизгенин билебиз. Катаалдаштырган эреже биринчи кезекте, өлкө аймагына кирген мыйзамсыз миграциянын агымын бууп, мурда АКШда соттолгон мигранттарды, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткандарды өлкөдөн чыгарууга багытталган эле.
Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин дароо эле мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн Мексика менен чек арасына 3200 километр дубал тургузуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Ошондой эле Байден коронавирустун тарашын алдын алуу үчүн чукул чараларга барып, тест алуунун күчөтүп, жарандарды беткап менен жүрүүгө милдеттендирет. АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыгып кетүү чечимин жокко чыгарат деп күтүлүүдө. Трамп коронавирус пандемиясына байланышкан талкуулардан кийин бул уюмдан дагы чыгып кете турганын билдиргени бар. (AbA)













