"Орус мафиясынын" арам акчасын адалдаштырган топ кармалды

Сүрөттүн булагы, EUROPA PRESS
Испаниянын Улуттук полициясы орус мафиясынын акчасын адалдаштырган деген шек менен 23 кишини камакка алганын кабарлады.
Өлкө бийлиги бул акыркы он жылдагы Чыгыш Европадагы мафияга каршы өткөн эң ири операция болгонун айтты. Маалыматта айтылгандай, шектүүлөр юристтердин, чиновник, саясатчылардын, бизнесмен жана хакерлердин көмөгү менен Испаниянын негизги экономикалык тармактарын көзөмөлдөөгө аракет кылышкан.
Апта башында Испаниянын бир катар ири шаарларында, анын ичинде Мадридде, Аликантеде, Таррагона жана Ибица аралында 18 жайда тинтүүлөр болду. Анын жыйынтыгы менен ок атуучу куралдар, 300 миң евро накталай, андан тышкары баалуу буюмдар жана криптовалюта алынган.
Иликтөө иштери 2013-жылы башталган экен. Ал кезде испан бийлиги орус мафиясы өлкө аймагында ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп, мурдагы СССР курамындагы кылмыштуу топтордун акчасын адалдаган аянтча катары колдоно баштаганын байкаган.
Адалданган акчалар Испаниядагы мыйзамдуу бизнеске салынган: көңүл ачуу, ресторан жана кыймылсыз мүлккө.
Улуттук полиция кылмыштуу топ адам уурдоо, өлтүрүү, карактоо, мыйзамсыз баңгизат жана курал соодасы сыяктуу оор кылмыштарга дагы катыштыгы болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Кылмыштуу топ Европа, Түштүк Америка жана АКШ аймагында аракеттенген.
Мындан үч жыл мурун америкалык Каржы министрлиги евразиялык транс улуттук кылмыштуу топторго таандык, "Мыйзамдагы ууру" саналган он кишиге санкция салган эле.
"Кара тизмеге": Тайванчик деген ысым менен белгилүү Алимжан Тохтахунов, Захарий Калашов (Шакро Молодой) Василий Кристофоров, Камчыбек Көлбаев, Лаша Шуханашвили, Владислав Леонтьев, Юрий Пичугин жана Владимир Тюриндин ысымдары киргизилген .
"Мыйзамдагы ууруларды" аталган мекеме, "мурдагы Советтер Союзунун, Европа жана АКШнын аймагында кеңири жайылган уюшкан кылмыштуу топ" катары мүнөздөп, акчаны адалдоо, опузалоо, карактоо жана паракорчулук менен алектенет деп белгилегени бар.













