Италиялыктар депутаттардын санын кыскартуу үчүн добуш берди

Italian Foreign Minister Luigi Di Maio (C), rips a banner with photos of MPs' armchairs exhibited by the M5S parliamentarians in front of the Chamber of Deputies in Rome, 8 October 2019

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төмөнкү палатанын депутаттар саны үчтөн бирге кыскарат

Италиядагы референдумдун алдын ала жыйынтыгына ылайык, өлкөнүн парламенти үчтөн бирге кыскарат.

Добуш берүүчүлөрдүн 67 пайызы референдумда өзгөрүүлөрдү колдоду. Ошондо Төмөнкү палата 634 орундан 400гө кыскарат. Сенатта болсо 315 орун 200гө төмөндөйт. Жалпысы болуп депутаттар менен сенаторлордун саны 945 орундан 600гө түшөт.

Референдумду бийликтеги коалицияга кирген "Беш жылдыз" кыймылы демилгелеген. Бул кадам аркылуу кыймыл акча үнөмдөөнү көздөп турат. Депутаттардын санын кыскартуу "Беш жылдыз" кыймылынын негизги убадалардын бири эле.

Италиянын парламенти мурда эле кыскартууларды колдогон. Бирок бул кадам конституцияга каршы келгендиктен, референдум өткөрүү муктаждыгы пайда болгон. Өзгөрүүлөр 2023-жылдагы парламенттик шайлоого чейин ишке ашат.

"Беш жылдыз" кыймылынын өкүлү, Италиянын Тышкы иштер министри Луижи Ди Майо референдумдун жыйынтыгын "тарыхый" деп мүнөздөдү.

"Күчтүү парламент түзүлөт, аларга берилген артыкчылыктар кыскартылат, учурда депутаттар саны 345ге азайды",-деди ал.

A woman casts a vote in the election

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуш берүүчүлөрдүн 67 пайызы референдумда өзгөрүүлөрдү колдоду

Былтыр, октябрь айында "Беш жылдыз" кыймылы депутаттардын саны кыскартуу аркылуу он жылдын ичинде бир миллиард евро үнөмдөсө болорун далилдешкен. Италиядагы AGI агенттиги өткөн жылы бир депутатка жылына 230 миң евро, ал эми сенаторго 249 миңден ашуун евро бөлүнүп жатканын тастыктаган. Ошондо референдумдан кийин бюджеттен Төмөнкү палатага жыл сайын которулган 52.9 миллион евро, Сенатка жөнөтүлгөн 28.7 миллион евро үнөмдөлөт.

Бирок сынчылар бул кадам демократия жүрүмдөрүнө коркунуч жаратып, лобби топторунун таасири күчөйт деп айтышууда.