ДССУ: Европада коронавирус боюнча кырдаал марттагыдан дагы оорлошту

Сүрөттүн булагы, EPA
Covid-19 жайылышы боюнча Европа экинчи жогорку чекке жакындап жатат. Биринчиси март айында болгон эле. Жон Хопкинс университети дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны 30 млн. кишиге жетип, анын ичинен 944,3 миң киши каза тапканын кабарлады.
Европа март айындагы вирустун жайылышы өтө күчөгөн маалдагы көрсөткүчтү басып өттү. Өткөн аптада эле 300 миң жаңы учур катталды, деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча регионалдык директору Ханс Клюге.
"Биздин алдыбызга өтө олуттуу көйгөй жаралууда",-деди Клюге. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө акыркы айлардагы вирусту жуктургандар көрсөткүчү улам жогорулап жатат.
"Июнда жаңы учурлар эң төмөнкү чекке түшкөн. Бирок сентябрдагы сандар өтө кооптуу коңгуроо болушу керек",-деди Ханс Клюге.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Испанияда студенттер мектеп менен жогоркуу окуу жайлардагы санитардык коопсуздукту сактоо үчүн адекваттуу чара көрүүнү бийликтен талап кылууда. Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 239 киши каза тапты. Францияда акыркы суткада 10 миңге жакын киши Covid-19 жукутуруп алганы белгилүү болду. Германиядагы соңку 24 саат ичиндеги көрсөткүч апрелдеги эң жогорку чекти басып өттү.
Англияда жума күндөн тарта өлкөнүн түндүк-чыгышындагы бир катар шаарларга кошумча карантин чараларын киргизүүгө аргасыз болушту.

Сүрөттүн булагы, RDIF and Gamaleya Research Cente/TASS
Орусияда төртүнчү катарынан Covid-19 жуктуруган жаңы учурлар көп катталууда. Өлкөнүн коронавируска каршы эксперименталдык вакцинасына дарыгерлер өз ыктыяры менен гана эмдөөдөн өтө алат. Эч кандай мажбурлоо болбойт, деди саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко.
Акыркы суткада вирустун жаңы 5 762 учуру катталды. Дүйшөмбүдө 5 509, шейшембиде 5 670 болгон. Бир суткада 144 бейтап каза тапкан.










