“Өлүп калам го деп ойлогом”: кыз ала качуу күч алган арал

Sumba women perform rituals ahead of a cultural festival

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Лиза Тамбунан
    • Role, BBC News Indonesia

Индонезиянын Сумба аралында кыз ала качуу кеңири тараган. Эки кыздын уурдалып жатканы видеого тартылып, өлкөдө чуу чыккандан кийин өкмөт кийлигишүүгө аргасыз болду.

Индонезияын бийлиги Сумба аралындагы ала качуу салтына бөгөт коюулат деп убада кылды. Аралда эки кыздын уурдалып жатканы видеого түшүп калганы кызуу талкууга жем таштады.

Ситра (ысымы өзгөртүлгөн) жумушка байланыштуу жыйынга чакырылган. Ал жергиликтүү кайрымдуулук уюмунда иштейт. Ситрага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү деп өзүн тааныштыргандар байланышып, биргелешкен долбоордун бюджетин бир сыйра карап чыгалы деп суранган. 28 жаштагы Ситра жалгыз баруудан тартынган, бирок бул жыйын анын ишине абдан маанилүү эле.

Бир саат өткөндөн кийин эки расмий жыйынды башка жерден уланталы деп өтүнүшкөн. Ситра алардын унаасына түшпөй, бара турган жерге мотоцикл менен жетип алам деп жооп берген. Ал ачкычын издеп жатканда, артынан бирөө кармап, топтошкон эркектер унаага салып кеткен.

"Мен аларды уруп, кыйкырып жаттым. Болбой эле унаага түртүп киргизишти, алым жеткен жок. Унаанын ичинде эки эркек мени кармап турду. Эмне болуп жатканын дароо түшүндүм",-деди ал.

Ала качуу Сумба аралында kawin tangkap деп айтылат. Адам укуктарын коргогон уюмдар мындай салтты токтотууга үндөгөнү менен, Балинин чыгышында жайгашкан аралда ала качуу дагы деле кеңири жайылган.

Бирок ала качуу учурунда тартылган үрөй учурган видеолордон кийин борбордук бийлик кийлигишип, мындай салтка бөгөт коюуга киришти.

"Өлүп калам го деп ойлогом"

Унаанын ичинен Ситра сүйлөшүп жүргөн жигитине жана ата-энесине эмне болуп жатканын жазып салууга жетишкен. Ал бара турган жерге жеткенде гана үй атасынын алыскы туугандарыныкы экенин түшүнгөн.

"Абдан көп киши күтүп туруптур. Мени күч менен алып киришкенде, салтка ылайык ырымдарын башташты",-дейт Ситра.

Men at the main cultural event in Sumba Pasola, getting ready to fight

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сумба аралындагы эркектер Пасола фестивалында

Сумба аралында ислам менен христиан дининен тышкары, анимизмге ишенгендер көп. Анимизм - бардык нерселерде, кубулуштарда жашырынып жата турган жана аларды "башкара" турган жаратылыштан тышкары өзгөчө күч жана рух бар деп ишенүү.

"Сумбада бирөөнү ала качып, чекесине суу куюлса. Бул кыз кудайдан коркуп үйдөн чыкпай калат. Менин дагы чекеме суу куюуга каракет кылышты. Бирок мен ага жол берген жокмун",-дейт Ситра.

Ала качып кеткен үй-бүлө "баарыбыз эле ушинтип күйөөгө чыкканбыз", "бул үйдө багың ачылат" деп айтышкан.

"Тамагым кургап калгыча ыйладым. Колумдагы ачкым менен ичимди урдум, жерге кулаганда турбай жаттым. Аларга муну каалабайм деп түшүндүрүүгө аракет кылдым",-дейт Ситра.

Sumba island. Ratengaaro village.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сумба аралындагы салттуу үйлөр

Ситраны алты күн бою кармашкан. Башкача айтканда ал туткунда отурду.

"Токтобой ыйладым. Уктаган жокмун. Өлүп калам го деп ойлогом".

Ситра суу же тамак дагы ичпей койгон. Себеби ала качып кеткен үй-бүлөнүн тамагын жеп алса, ал макулдугун берди дегендин белгиси болуп калмак.

Women with baskets ready for rituals at the main Pasola Festival

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сумба аралында салт катуу сакталат

Ситранын сиңдиси ала качып кеткен үй-бүлөгө эжесин көндүрүүгө келдим деген шылтоо менен, тамак жеткирип берип турду. Ата-энеси болсо адам укуктарын коргогон уюмдарга кайрылып жана кызы турмушка чыгууга каалабай жатканын, сүйлөшүп жүргөн жигити бар экенин түшүндүрүү үчүн кыштактын аксакалдары менен сүйлөшүүлөрдү дагы өткөрдү.

Аялдардын укугун коргогон Peruati уюму соңку төрт жылда жети кыз уурдалганын айтты. Бирок эч ким билбей калган учурлар мындан кыйла көп. Жети кыздын үчөө гана үйүнө кайтып барган. Башкаларды күч менен турмушка чыгарышкан.

Photo showing an Indonesian woman being kidnapped and carried away by group of men.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сумба аралында эки кызды ала качып бара жаткан видео коомдук сайттарга чыгып, өлкөдө кызуу талкууга жем таштады

"Күйөөгө чыккысы келбей койгон кыздарды кемсинтишет. Эч качан балалуу болбойсуң, турмушуңа балта чаптың деп коркутушат. Кудай жалгап мен сүйлөшүп жүргөн жигитиме күйөөгө тийдим. Бир жаштагы балабыз бар",-дейт Ситра.

Эксперттердин айтымында, ала качууга тыюу салган атайын мыйзам жок. Бирок видеолор чуу жараткандан кийин Сумбанын жергиликтүү бийлиги жана диний лидерлери ала качууну токтотобуз деген убада беришти.

Women's Empowerment Minister Bintang Puspayog at declaration against bride kidnapping in Sumba earlier this month
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдардын укугун коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча министр Бинтаң Пуспайога ала качууну токтотобуз деген убада берди

Аялдардын укугун коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча министр Бинтаң Пуспайога баш калаа Жакартадан Сумба аралына барып, ала качууну токтотобуз деген убада берди.

"Аксакалдар жана диний лидерлери ала качууну жок кылуу керек экенин белгилешти. Ала качуу Сумбанын чыныгы салты эмес",-деди ал. (AT)