Британия дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салат

Борис Джонсон и сэр Дэвид Аттенборо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Жонсон менен сэр Дэвид Аттенборо "климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү жылын" баштады

Улуу Британиянын өкмөтү 2035-жылга барып дизель жана бензин, ал тургай гибриддик унааларга толугу менен тыюу салуу чечимин кабыл алды. Буга чейин өкмөт мындай чара 2040-жылы киргизилет деп пландаган. Өлкө толугу менен электр унаасына өтөт.

Эгерде шарт туура келсе, анда 2035-жылга чейин деле дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салынышы мүмкүн экенин эскертти Борис Жонсон.

"Климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштү канчалык артка жылдыра берген сайын, бизге ошончолук оор болот. Ошондуктан азыр өтө оңтойлуу мезгил. Биз дүйнө элин ойготууга тийишпиз",-дейт британдык белгилүү теле алып баруучу сэр Дэвид Аттенборо.

Queue of traffic

Тыюу салуу тууралуу маселе 2017-жылы коомчулукка жарыяланган. Азыр эми ага гибриддик унаалар кошулду.

Деген менен Британиядагы электр унааларынын саны салыштырмалуу көп деле эмес. Улуу Британиянын унаа өндүрүшү боюнча соода бирикмесинин маалыматы боюнча 2019-жылы 37,8 миң электр унаасы сатылган. Бул жалпы сатылган унаалардын 1,6 пайызын түзөт. Бирок өткөн жылдарга салыштырмалуу сандар өсүүдө.

Electric car charging

Британдык унаа бирикмесинин президенти Эдмунд Кинг айдоочулар абаны тазалоо, зыяндуу заттарды кыскартуу чараларын колдой турганын билдирди. Бирок алдыга коюлган максатка жетүү өтө эле оор болоорун эскертти.

Protester

Сүрөттүн булагы, REUTERS/Antonio Bronic

Ал эми SMMT аткаруучу директору Майк Хоуз өкмөттү ачык эле айыптады. Өкмөттүн унаа өндүрүшүн, жумушчу орундарын коргой турган чарасы болушу керек деген ал. (AbA)