|
Анжиан коогалаңын ким чыгарган? | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өзбекстандын Анжиан аймагында куралсыз демонстранттарга каршы Өзбек өкмөтү ок чыгарып, жүздөгөн кишилер кырылгандагы окуяга 6 жыл толду. Алты жылдан бери өлкө жетекчилиги Анжиан боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүгө жол бербей келет. Алты жылдан бери бул кыргында канча адам каза тапканы, элдик толкундоолордун мүнөзү кандай болгону ачык айтылбай келет. Окуяга күбө болгондордун айткандары боюнча, 2005 жылдын 13 майында чакан куралчан топ диний экстремист деп кармалган 23 ишкерди бошотуу үчүн Анжиан түрмөсүнө жана башка өкмөттүк имараттарга кол салган. Андан көп өтпөй шаардын аянтына миңдеген кишилер чогулуп өкмөткө нааразылыгын билдирмекчи болгондо өкмөттүк күчтөр элди курчап ок чыгарган эле. Ал күнү Анжианда эмне болду? Каримовдун бийлиги айткандай, диний экстремисттердин козголоңубу же элдин репрессиялык бийликке каршы чыгуусу беле? Би-Би-Си өзбек кызматынын продюсери Хайрулла Фаиз жооп берди.
Фаиз: Жалаң эле диний экстремисттер болгон деп так-кесе айтуу тура эмес. Мен өзүм ал жерде 12-майда болгомун. Үч миңдей киши соттун тышында тынч гана олтурушкан. Ал нааразылык акциясы деле эмес болчу. 23 бизнесмендин үстүнөн сот жүрүп жаткан. 13-майдагы окуяларда жаздырылган видео жана үндөрдү кайрадан угуп көрсөк, жергиликтүүлөр незигинен бийликтеги коррупцияга, элдин жошоосуна көңүл бурбаганына нааразы болгон сөздөр бар. Би-Би-Си: Каримов ушуга чейин эл аралык тергөөго жол бербей келет, ал кандай жүйөөлөрдү келтирип жатат, барысы ансыз да белгилүу дейби, же ички ишибизге кийлигишпегиле дейби? Фаиз: Бул окуянын чоо-жайы түшүнүктүү деген дагы жооп бар, Өзбекстандын ичики иши деп айтканы дагы бар. Андан тышкары Каримов бул коогалаңды чет өлкөдө уюштурушкан деп айтып келет. Эки-үч күн мурда Жакынкы Чыгыштагы окуялар дагы чет жаткан уюштурулган, күчтүү державалар газ-мунайзатка ээ болгусу келет деген билдирүү жасаган. Муну менен ал Анжианды салыштырууда. Бирок, Өзбекстанда андай чоң мунайзат байлыгы жок. Би-Би-Си: Европа менен Америка адегенде санкция орноткону менен бара бара Өзбекстан менен кызматташууга өттү, адам укуктарына көңүл бурбай калды деп эл аралык уюмдар сындап жатат. Европа менен Америка эмнге себептен Каримов менен кызматташууда? Фаиз: Айрымдар Өзбексстанга каршы кандайдыр бир жазалоочу санкцияларды колдонгондун ордуна сүйлөшүү жүргүзүү көбүрөөк натыйжа берет деп эсептешет. Калгандары геосаясатка байланыштырат. Анткени Өзбекстан Афганистанга чектеш өлкө. НАТО менен Америка Өзбекстандагы көйгөйгө караганда, Афганистанга көбүрөөк маани берип турат. Бирок, ошону менен бирге БУУ жана эл аралык адам укуктарын коргоо институттары Анжианды унутуп койгон жок. Анжиандагы кан төгүүнү кечирди деп айтууга болбойт. Би-Би-Си: Эл аралык уюмдар Анжиян окуясынан бери бүгүнкү күнгө чейин репрессиялар уланып, жүздөгөн кишилер камакка, кыйноого алынып жатканын айтышууда. Репрессия чынында эле катуу жүрдүбү? Фаиз: Куугунтук жана кыйноолор Анжиан окуясына чейин эле болуп келген. Ошол учурда, андан кийин дагы болгон. Коогалаңдын чыгып кетишине дагы ошол себептердин бири эле. Өзбекстандагы адам укуктарын коргоо боюнча активисттердин маалыматына караганда, тергөө иштерин кыйноо аркылуу жүргүзүү дагы деле уланып жатат. Маселен, биз ошол окуя боюнча тынч элди, аяол бала-чаканы аткан аскерлерди көргөмүн деп айчык айткан жалгыз аялдан маек алдык. Ал өлкөдөн чыгып кеткенде, Каримовдун бийлигинин сөзүнө ишенип, анын сиңдиси өлкөгө кайтып барган экен. Он жылга камап коюшуптур. Хюман Райтс Воч ушул сыяктуу камакка алуулар көп болоорун айтып жатат. Андын тышкары түрмөдөн туугандарынын сөөгүн алган кишилердин сөздөрү бар. Каримов бул окуяга эл аралык иликтөө жүргүзүүгө уруксат бермек түгүл, жергиликтүү деңгээлде текшерүүгө тыюу салат. Хюман Райтс Вочтун Өзбекстандагы кеңсеси жабылган. Андыктан ул окуялар жөнүндө так далилдерибиз жок, бирок, биз менен байланышкан кишилерден дээрлик күндө кабарларды угуп жатабыз. |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||