|
Анжиан коогалаңына алты жыл | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Өзбекстандагы Анжиан окуясынын алты жылдыгына бир күн калганда эл аралык адам укугун коргоо уюму Human Rights Watch (HRW) Ташкентке карата АКШнын жана Европанын жүргүзгөн саясатын кескин сынга алды. Уюм бул өлкөдөгү адам укуктарынын кордолуп жатканына карабатан, Батыштын аны менен карым-катышты бекемдегенин белгилөөдө. Анжианда 2005-жылдын 13-майында аскерий күчтөр нааразылык акциясына чыккан кишилерге ок чыгарган.
Күбөлөр жана адам укугу боюнча активисттер жүздөгөн кишилер көз жумганын айтышкан. Өзбек бийликтери болсо, аны исламчыл экстемисттерге каршы күрөш караты мүнөздөп, өлгөндөрдүн санын азыраак экенин билдирген. Европа биримдиги Өзбекстандагы адам укуктары боюнча диалогду жандантуу үчүн Анжианга байланыштуу санкциаларды 2009-жылы алып салган. Бирок, HRW бул иш-аракеттер жетишсиз деп эсептейт. Би-Би-Си уюмдун Борбор Азия боюнча директору Рейчал Денберге кайрылып, Анжианга байланыштуу Ташкентке мындан ары дагы кысым көрсөтүү өлкөнү адам укуктары боюнча кепке келбеген Орусияга карай түрпөйбү деген суроону узаттык: Жооп: Бул нерсени ачык айтып коюшубуз керек. Биз Америка менен Европа Өзбекстан менен байланыш курбаш керек деп айтып жаткан жокпуз. Тескерисинче карым-катыш куруп, Америка болобу, Европа болобу, же башка өлкөлөрбү Өзбек өкмөтүнө жылыштарды жасоого түркү болушу абзел. Биз Өзбекстан менен жакшы ымала куруу үчүн биринчи кезекте Өзбек өкмөтү айрым талаптарга жооп бергидей иштерди жасашы керек деп ойлойбуз. Мен Европа биримдиги менен АКШ Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын жакшыртууга жетиштүү аракет көрдү деп эсептебейм. Ал үчүн терең дипломатиялык иштер жүргүзүлүшү чоң мааниге ээ. Андан тышкары Өзбекстан менен адам укуктарын жакшыртуу боюнча диалог болушу керек. Экинчиден, Германия Өзбекстандагы Термез базасын колдонуу үчүн абдан ири суммадагы каражаттарды берүүдө. Германия муну менен Афганистандагы аскерлерин колдоон укөздөгөнүн түшүнөбүз. Бирок, эмне үчүн Германия өкмөтү башка мүмкүнчүлүктөрдү издебейт, эмне үчүн каардуу режимди колдоого жол берет?- деген суроолор туулат. Суроо: Бирок, Афганистандын айланасындагы башка өлкөлөр деле адам укуктары боюнча жакшы абалда эмес да. Маселен Пакистан же башкаларды алалы? Жооп: Ооба. Ал туура. Бирок, биз Германия Термез базасын колдонууну чечкенде кандай жүйөөлөргө таянганын билбейбиз. Биз аны билишибиз керек. Суроо: Адам укуктарына байланыштуу маселелер боюнча Өзбекстандын бир өңчөй жоопторуна карай турган болсок, бул өлкөнүн абалды жакшыртууга ынандыруу мүмкүн деп эсептейсизби? Себеби, БУУнун адам укуктары боюнча институттары менен Өзбек өкмөтүнүн ортосундагы диалог узун жана эч натыйжа бербеген документтер менен коштолуп жаткансыйт. Жооп: Мунун баары Өзбек өзбек өкмөтүнүн эркине барып такалат. Европа же Американын катышы маселени толук чепейт. Андан соң Өзбекстандын Европадагы өнөктөрүнүн иш-аракеттери дагы мааниге ээ болот. Анткени алар мындай режим менен иштешкенде кандайдыр бир жоопкерчиликти сезиши керек. Маселен, Анжиан окуясынын кийин Германия төрагалык кылган Европа биримдиги Өзбекстанга санкцияларды киргизген. Бирок, бул санкциялар иштеген жок. Эки тараптан тең олуттуу кабылданбай калды. Еврога барууга тыюу салынган чиновниктердин бири Германияга барып дарыланганда, Өзбек өкмөтү үчүн бул санкциялар анча деле олутуу эмес деген ишаарат болду. Өзбек өкмөтү эч кандай талаптарды аткарбаса деле, санциялар жыл сайын жеңилдей берди. Албетте, мындай шартта эч кандай натыйжа чыкпайт. Суроо: Ушундай эле санкциялардын айрым түрлөрү Жакынкы Чыгышта дагы колдонулган. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы азыркы окуяларды эске алганда, Өзбекстан менен байланыштарды кандай баалоого болот? Жооп: Абдан кызыктуу маселе. Азыр Европа расмийлери куугунчул режимдер менен башка кызыкылыктарды эске алып, узак мөөнөттүү кызматташуу аймактагы бейстабилдүүлүккө алып келгенин моюндап жатышат. Жакынкы чыгыштагы өзөрүүлөр менен Борбор Азиядагы абалды салыштурууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Менин оюмча Европа саясатчылары менен лиделери муну ойлонушу керек. Абдан репрессивдүү режимдерди колдоого алуунун арты стабилдүүлүктү сактай алабы деген суроолорду өздөрүнө бериши керек деп ойлойм. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||