|
Эл аралык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад аймактарында былтыр июнь айында 470 адам набыт болгон улут аралык кагылышуу боюнча эл аралык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Анда өзбек улутундагыларга болгон чабуулдар адамзатка каршы кылмыш, деп эсептелиниши ыктымал экени айтылган. Ошону менен бирге, кыргыз өкмөтүнө карата сындар айтылган. Финляндиялык парламентарий Киммо Кильюнен жетектеген иликтөө 750 күбөлөр менен болгон маекти, миңдеген сүрөт жана далилдердин анализине негизделген. Иликтөөдө өткөн жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон улут-аралык зомбулуктардын кеңири сүрөттөмөсү берилген. Зомбулуктар учурунда жүздөгөн киши набыт болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап качкан. Докладда кыргыз, өзбек - эки тарапта тең жоготуулар болгону, бирок көбүнэсе өлүмдөр өзбектер арасында экени айтылат. Мындан тышкары, талкаланган үч миң үйдүн дээрлик көбү - өзбектердики бул тыянактын эч бир шек калтырбагандыгын сот чечиши керек, деп айтылат докладда. Анда, ошону менен бирге, кыргыз коопсуздук кызматтары, милиция жана армиянын бул окуяларга катышы бар экени да жазылган. Жазуу түрүндө берген жообунда кыргыз өкмөтү докладдын тыянактарынын көбүн кабылдабасын билдирип, бул иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кетирилген олуттуу кемчиликтер өлкөдөгү улут-аралык чыңалууну ырбатышы мүмкүн, деп айтылган. |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||