Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 03 Май, 2011 06:04 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Эл аралык комиссия отчетун жарыялайт

 Ош шаары
Ош шаары
Июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссия бүгүн отчеттун жарыялашы күтүлүүдө. Бул туурасында комиссия төрагасы өткөн аптада билдирген.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарында орун алган улут аралык жаңжалдын себептерин иликтеген комиссия өткөн айларда өз ишин аяктап, отчетту алды менен кыргыз бийликтерине тапшырган.

Кыргыз тарап өз кортундусун даярдоо үчүн бир ай мөөнөт алган эле.

Өткөн аптада болсо, Ош жана Жалал-Абаддагы өткөн жылкы улут аралык жаңжалды иликтеген эл комиссияныны кортундусу катары жергиликтүу агенттик бир катар маалыматтарды жарыялаган.

Анда улут аралык жаңжалга ошол кездеги убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү жоопкер экенин айтылып, жооптуу делип бир катар кыргыз генералдарынын аты аталган.

Бирок, көз карандысыз иликтөөнү жетектеген финляндиялык дипломат Киммо Кильюнен бул маалыматтар ал жетектеген комиссиянын жыйынтыгы эмес экенин, расмий билдирүү эмки аптада жарыяланаарын айткан.

Буга чейин Ош жана Жалал Абад окуяларына улуттук комиссия, адам укугун коргоо боюнча Хьюман Райтс Вотч уюму, Акыйкатчы институту жана бир катар коомдук уюмдар өздөрүнүн бааларын берген.

Андан тышкары атайын парламенттик комиссия дагы иликтөө жүргүзүп, жакында билдирүү жасашы күтүлүүдө.

СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат