|
16-жылы каза болгондорго эстелик койдурган Малик ата | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыздар жокчулукка чыдайт, бирок, адилетсиздик үчүн жан бергенге даяр дейт 83 жаштагы карыя Малик Үмөр уулу. Ал 16-жылкы үркүндү, 38-жылкы репрессия учурундагы кыргыздардын кырылганын иликтеп чыгып атайын китеп чыгарган. Бир жыл мурдагы 7-апрель окуясында атылган окко төшүн тоскондорду да адилетсиздик үчүн жан берген деп эсептейт карыя. Эгемен мамлекетке ээ болуу чакан калк үчүн асмандан түшкөн кут жана мамлекеттүүлүктү акыркы кыргыз калганча сактоо керек дейт Малик Үмөр уулу.
Эки көзү көрбөй калса да, жүз жыл мурда болгон Үркүн окуясына катышкан адамдардын ысымдарын жатка билет. Өз айылындагы Абатбек аттуу киши 16-жылы 13 жашта экен. Анын айтып берүүсү боюнча, Малик ата каза болгон кырк адамдын ысымдарын тактап, атайын эстелик койдурган экен. Ар кандай маалыматтар боюнча, 150 миңден 300 миңге чейин адамдын өмүрүн алган андай кыргын кыргыз тарыхында болгон эмес дейт карыя. Өз жери үчүн, адилетсиздик үчүн күрөшкөн адамдар бөөдө өлүп кетти дейт ал. Элдин башына мүшкүл түшкөндө арасынан суурулуп эрлер чыккан кыргызда боло келген көрүнүш деп сөзүн улады Малик ата. Өткөн тарыхта болобу, азыркы заманда болобу кыргыз жокчулукка канча болсо да чыдайт, бирок адилетсиздик үчүн төшүн окко тоскондон кайтпайт дейт ал. Ал өзүнүн Үркүн жөнүндөгү китебиндеги Сагынбай жана Жангазы баатырлардын окуясын айта кетти. Миң жылдык тарыхыбызда көптү көрдүк дейт карыя. Бирок, улуттун негизги бактысы эгемен мамлекетке ээ болгону дейт ал. Ал эми Кыргызстан кубаттуу мамлекетке айлана албай, ички-тышкы саясатындагы мүчүлүштүктөргө, бир эмес эки ажонун качканына карыя абдан кейийт. Бирок, эчен кыргын башка түшкөндө да үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган эрлер чыккан деп келечек муунга үмүт артат карыя. |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||