|
83 жаштагы карыянын кайрылуусу | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
83 жаштагы Малик Үмөр уулу жаныбарлар жок болуп баратканына жаны ачып, президент Отунбаевага кайрылуу жолдоду. Ителги менен бүркүттүн кармашы жөнүндөгү окуяны Малик карыя тажабай айтып берет. Баласын жеп койгон бүркүттү өзүнөн он эсе чоң экенине карабай ителги асмандан тээп өлтүргөнүн өз көзү менен көргөн экен. Малик ата көп жыл мугалим болуп иштеген, кесиби боюнча тарыхчы. Убагында жаратылыштын жабыркаганын көрүп, мектепти таштап корукчу болуп кеткен экен. 10 жыл мурда эки көзү тең көрбөй калган, андан кийин кемпиринен айрылат. Бирок, булардан да жаратылыштын кыйрап жатканына катуу кайгырганын айтат:
“Эчки-теке деген мурда жүздөн, эки жүздөн болуп журчу эле. Азыр калбады, аркар-кулжа андан бетер жоголду. Акыркы жейренди менин көз алдымда өлтүрүшкөн, 70-жылдары эле. Майда-бара илбээсиндер жок. Кыргызстанда гана бар илбирстен 150дөй гана калды дейт. Бул бир түр жоголсо, бүт адамзатынын жоготуусу эмеспи”. Өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары сезген карыя бүт ааламга өзүн жооптуудай эсептейт. Ар бир таш, ар бир кумурска да жапа чекпесе экен деп тилейт. Көзү көрбөсө да, жүрөгү менен туйган карыя акыры мамлекет башчысына кайрылууну чечкен экен. “Президент Роза айымга кайрылат элем, 49 жылга мергенчиликке тыюу салса, андан башка жапайы жаратылышты коргоого арга калган жок. Илимий мергенчилик деген бар, азыр изилденбеген эч нерсе калган жок, ага да тыюу салыш керек. Мылтык жокто деле адамдар айбанаттардан коргонуп келбеди беле”. Кыргызстан жаратылышы уникалдуу өлкө. Дүйнөдө жок жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар. Бирок, адамзаттын катуу кийлигишүүсүнүн астында соңку элүү жылда көп түрлөр жоголуп кеткени маалым. Ар кандай коруктарды уюштуруп, жапайы жаныбарларды көбөйтүү аракети да көрүлүүдө. Бирок, алар жапайы жаныбарлар касиеттеринен өтө алыс болуп, эң эле жөнөкөй жаратылыш тең салмактуулугу, жашоо үчүн күрөш сыяктуу мыйзамдарды өздөштүрө алышпайт дешет адистер. Мин долларга саткан теринин ордун кийин миллиард долларга да толтуруу кыйын экенин түшүнгөндөр аз сыяктанат. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||