Кыргыз демократиясынын атасы

- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
1990-жыл. Октябрь айы. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде президентти шайлоо жүрүп жатты. Ак Үйдүн алдында коммунисттик партиянын жетекчилеринин президенттикке келишине каршы наарызылык акциясы өтүп, ачкачылык жарыялап ийген активисттер топурайт.
Ал заманда Жогорку Кеңештин кулуарларындагы окуяларды чагылгандай таратып тургудай азыркыдай кол телефон сындуу байланыш каражаттары жок, кирип-чыккан кишилердин гана оозун карамай. Ачкачылыкта отургандардын акыбалын сурап коюу аткаминерлердин деле ойлоруна келбесе керек. Ошондо орто жаштагы, орто бойлуу бир депутат маал-маалы менен сыртка чыгып, ачкачылыкта отургандар менен тез-тез баарлашып турду. Тайманбай акыбалын сурап, Жогорку Кеңештин ичиндеги окуяларды айтып берип, дем берип турду. Компартиянын жетекчилери биринен сала бири кулап, Аскар Акаев өтчүдөй болуп тургандыгын айтып, сырттагылардын көңүлүн көтөрдү. Ал киши - жазуучу Казат Акматов эле.
Казат Акматов көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Казат Акматов Совет заманында эле коммунисттик идеологиянын талаптарын чанган, кыргыз улутунун түпкүлүктүу кызыкчылыктарын сүрөөнгө алган чыгармаларды жаратканы менен таанымал. Анын "Мезгил" деп аталган чыгармасы улутчулдуктун үлгүсү катары катуу сынга кабылып, автору куугунтук жеген.

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын этегинде Казат Акматов демократиялык баалуулуктарды кыргыз коомуна сиңирүү жаатында ишмердигин активдештирип, анын аягы Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын негизделишине алып келген. Казат Акматов ошол кыймылдын тең төрагаларынын биринен да болуп калган.
Казат Акматовдун 80 жылдык юбилейи Кыргызстандын эгемендүүлүктү алышынын 30 жылдыгына дал келүүдө.
Мына ушул мааракелердин алдында Казат Акматовдун жазуучулук жана демократия үчүн күрөшкөн ишмердүүлүгү тууралуу кенен-чонон кеп кылуунун дагы, Кыргызстандагы демократиянын тагдыры тууралуу ой толгоп, сөз кылуунун да ыңгайы жаралып турат. Демек, 2021-жыл ичи Казат Акматовдун чыгармачылыгына арналган жана ал киши кыргыз журтуна тараткысы келген саясий идеалдар тууралуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлөт деп үмүт кылабыз.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.










