"Жерибизди бербейбиз": Бүтүндөй бир облусту бага турган долбоорго эмнеге каршылык болуп жатат?
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Ат-Башы районунун эли менен жолугуп логистикалык борбор куруу маселесин талкуулап келсе, бул аптада жергиликтүү элдин ичинде бул демилгеге каршы акциялар башталды. Каршы болуп жаткандар эл жайытсыз калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Ат-Башыда логистикалык борбор курууга каршы болгондор кечээ да, бүгүн да чыгышты. Кечээ жыйырма чакты адам болсо, бүгүн андан азыраак чыкканын Би-Би-Сиге жергиликтүү кабарчылар билдирди.
"Жерибизди бербейбиз" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү жана колдочуулары экенин билдирген тургундар логистикалык борбор курууга каршы ар кандай жүйө келтирип жатышат.
Бир апта мурда президент Садыр Жапаров Ат-Башыга иш сапар менен барып, жергиликтүү эл менен жолугушуп, логистикалык борбор куруу маселесин талкуулап келген. Садыр Жапаров инвесторлор Ат-Башыга логистикалык борбор салууга каражат сала турган инвесторлор бир топ өлкөлөрдөн чыгып жатканын, эгер бул долбоор ишке ашса 30 миңге чейин жумушчу орун түзүлөт, бул бүтүндөй Нарын областын бага турган долбоор болот деп айткан болчу.
Ошондой эле эгер жергиликтүү эл каршы болсо, анда логистикалык борбор башка аймакта салынат деп да айткан. Президент менен жыйынга катышкан эл соода-логистикалык борбор куруу сунушун колдоого алганы кабарланган.
Биринчи жолу логистикалык борбору куруу иштери 2019-жылы декабрда башталып, ошол убактагы премьер-министр М. Абылгазиев өзү барып, болочок борбордун пайдубалына капсула салып катышып келген. Бирок андан көп узабай эле жергиликтүү эл каршы болуп, өкмөт өзүнүн сунушунан баш тартып, курулуш иштери башталып башталбай жатып токтоп калган эле.

Сүрөттүн булагы, official
Түбү Ат-Башыдан болгон журналист Тынчтык Алтымышевдин айтымында, мурда каршы болгондор кайра эле чыгып жатат:
"Кичинекей эле топ. Бирок 2020-жылы ошол кичинекей эле топ жеңип албадыбы. Өкмөт элге түшүндүрүу иштеринен аксап калды. Ватсап-группалар менен иштеп жатып эле удуртугуп таштаган. Мында деле ошол эле чакан топтор эле элди көтөрүп атат, патриотизмге такап, эл кетет, жер кетет, кытай басып алат, тышкы карыздын эсебинен алат коет, анын зыян болот, химикат, таштанды учат деп".

Сүрөттүн булагы, official
Президент Садыр Жапаров логистикалык борбор курууга кызыкдар инвесторлор көп өлкөлөрдөн чыгып жатканын кабарлаган. Анын ичинде бир эле Кытай эмес башка өлкөлөрдү да атаган.
Азыр каршы болуп жаткандардын бир жүйөсү жайыттар бузулат деген кооптонуу болуп жатат. Чынында Ат-Башынын калкынын негизги карманган байлыгы мал, ошондуктан жайыт маселеси абдан маанилүү. Эгемендик жылдары мал көбөйүп, жайыт жетишпей жатканы президент менен жолугушууда дагы өзүнчө айтылган эле.
Элдин каршылыгы мурункуда бир эле логистикалык борбордун өзүнө эмес, кытай инвесторуна каршы маанайда күчөп кеткен эле. Себеби Кыргызстан боюнча, анын ичинде Кытайга коңшулаш Нарын областында кытай инвесторлоруна каршылык маанай эл ичинде күчтүү.
Нарын районундагы Солтон-Сарыда алтын кенин иштетип жаткан кытай ишканасы экологияны бузуп жатат деген негизде анын геологиялык лагерин жергиликтүү тургундар ээлеп алып, мүлкүн талап кеткен. Ошондон бери анын дагы иши токтоп турат.













