"Персеверанс" роботу жөнөткөн Марстагы добуштар
Американын космос агенттиги - НАСАнын "Персеверанс" роботу Марс планетасында жазылган добуштарды салды.
Коркпоңуз! Робот Марста тирүү жандык тапкан жок. Бул бир гана анын темир дөңгөлөктөрү таш жана топуракка тийгенде чыккан добуштар жана шамалдын ышкырыгы жөнөтүлдү. Добуш 7-мартта робот 27 метр Марста жүргөндө жаздырылган.
Ага карабастан роботтун эң негизги максаты - Кызыл планетадагы бактериялык жандыктардын изин иликтөө. Изилдөөчүлөр үч-төрт миллиард жыл мурун Марста суу болгонун, демек тирүү жандык дагы болушу мүмкүн деп келишет.
Окумуштуулар добушту изилдеп, Марстын топурагы жана таштары канчалык катуу же жумшак экенин аныктап, бактериалык жашоо бар же жогун тактай алышат.

Сүрөттүн булагы, NASA/JPL-CALTECH
Марстын экваторуна жакын "Езеро" деп аталган кратерге конгон "Персеверанс" (англисчеден которгондо өжөрлүк) роботтун камералары, автоматтык колдору бар. Аны менен робот бургулоо иштерин аткара алат, лазери дагы бар. Андан тышкары роботко заманбап сенсорлор жана анализ жүргүзгүдөй аспаптар дагы орнотулган.
"Езеро" кратеринин спутниктен алынган сүрөттөрү аймакта бир учурда чоң көл болгонун, кийин ал дарыяга айланганын көрсөтөт. Ошол эле учурда кратерде тоо породаларынын көп түрлөрү бар. Мисалы, карбонаттар жана чопо байкалган. Ошондуктан көп жыл мурун бул аймакта жандыктар болушу мүмкүн экени айтылууда.
"Персеверанс" соолуп калган көлдүн түбүнөн анализ алып, аскаларда бургулоо иштерин жүргүзөт. Робот анализге алган таштарды таңгактап, Марстын бетине чогултуп коет.
Аларды башка аппарат алып кетет. Экинчи аппарат Марстан алынган анализдерди Жерге жеткирет. Бул Марс планетасынан көтөрүлгөн биринчи робот болмокчу.

Сүрөттүн булагы, NASA/JPL-CALTECH
Марска жетүү жарышы
Марс менен Жердин узак аралыгынан улам, миссияны жылына эки жолу гана аткарса болот. Бул учурда эки планета бири-бирине эң жакын аралыкта болот.
Кызыл планетага жетүүгө 1960-жылдары көп аракеттер болгон. Миссиялардын жарымы ийгиликсиз аяктаган. Соңку жылдары АКШ, СССР (кийин Орусия), Индия жана Европа Биримдиги Марска аппараттарын ийгиликтүү жөнөткөн эле.
Эми бул өлкөлөрдүн катарына Бириккен Араб Эмирлиги менен Кытай кошулду.

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech/ASU/MSSS
Бириккен Араб Эмирлигинин "Ал-Амал" ("Үмүт") аппараты Марстын орбитасына 9-февралда ийгиликтүү жеткен. Бир нече күндөн кийин Кытайдын "Тяньвэнь-1" планета аралык станциясы Кызыл планетанын орбитасына кирди. Эми Кытай космостук станциясынан аппаратын учуруп, Марска кондурууну аракет кылат.
2020-жылы июль айында Орусия-Европанын "ЭкзоМарс" аттуу миссиясы дагы роботун Марска жөнөтүшү керек эле. Бирок 2018-жылы башталат деген миссия эки жолу жылдырылып, 2022-жылы гана роботун Марска жөнөмөй болушту.
Демек, Марс планетасы алдыдагы жылдары назарыбызда болот.















