"Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат": К.Жусубалиевдин чыгармачылык кечеси

Видеонун түшүндүрмөсү, “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат”
    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин "Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат" аталышындагы чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү. Уюштуруучулар түшкөн каражатка жазуучунун "Муздак дубалдар" аталышындагы чыгармалар жыйнагын басып чыгарууну максат кылууда.

Кубатбек Жусубалиев өзү шаан-шөөкөттү, расмий жыйындарды, кечелерди көп жактыра бербей турганы белгилүү. Жашы сексенге таяп калган жазуучу атайын даярдалган орундукта олтуруудан баш тартып, коноктордун катарынан орун алды.

"Мындай караганда, менин турмушка болгон мамилем өтө эле трагедиялуу. Мени окугандарга, жакшы көргөндөргө таң калам. Айрыкча адамдын турмушуна менин мамилем, менин оюм өтө эле трагедиялуу. Силердин келгениңерге мен ыраазы болуп жатам, ыракмат эй! Мендей кишиге өзү такыр жакындабаш керек!",-деди К.Жусубалиев.

Өткөн кылымдын 60-жылдарында "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген тырмак алды китеби менен адабий чөйрөгө таанылган Кубатбек Жусубалиев кыргыз адабиятынын эң мыкты үлгүлөрүн жараткан. Бирок соңку жылдары аз жазып калды.

"Бул киши тээ өткөн кылымдын 60-70-жылдары эле калыптанып жазуучу болуп бүткөн. Анан азыр ой багып, аз сүйлөп, аз жазып жүрөт. Дагы деле жазат. Бул киши тексти улам редакциялап, өзгөртүп иштеген киши эмес. Акылында, рухунда аябай бышырып келип, төкмөдөй төгөт, азыркынын манасчыларындай. Бул дагы адабияттагы жаңы көрүнүш",-дейт профессор Сулайман Кайыпов.

Жусубалиевдин буга чейин төрт китеби жарык көргөн:

  • 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек"
  • 1981-жылы "Толубай сынчы"
  • 1990-жылы "Муздак дубалдар".

Эгемендик жылдарда, 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" китеби жарыкка чыкты.

"Кубатбек Жусубалиев кыргыз адабиятында, дегеле адабиятка өзгөчө бир кубулуш, феномен. Албетте, бул кишинин чыгармачылыкка, адабиятка, маданиятка жасаган мамилеси өзгөчө. "Эл безер" болуп, Кердегейде - Алайда жалгыз жашап жатканы дагы биздин социалдык кубулуш да, коомдук кубулушта өзгөчө көрүнүш. Эң негизгиси анын чыгармалары окурмандарга кеңири жетсе жакшы болоор эле. Себеби, аз нускада басылып чыгып келди, канча жылдар жарыкка чыкпаган чыгармалары бар. Ошолордун баарын окурмандарга жете турган кылып чыгарса, дүйнөлүк адабияттагы эң мыкты үлгүлөр менен катар тура турган чыгармалар",-дейт философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев.

Жусубалиев өткөн жылы Би-Би-Сиге берген маегинде "Менин түшүнүгүмдө, бүгүнкү күнү руханий оору күчөп бара жатат" деп айтканы бар. Бул окурмандар тууралуу берилген суроого жообу эле. Балким өзү сыяктуу жазуучулардын чыгармалары элге жетип турганы, ошол дарттын бир дабаасы болуп калар.