Ош: каптаган сел, сестенген эл

Сүрөттүн булагы, Social Media
Селден улам Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. 14-июлда Ошто көнөктөгөн нөшөрдөн улам сел жүрүп чогулган суулардан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, шаардын аймагындагы базарлардын бирин жайпап кетти. Анда эл ичинде жайма базар деп таанылган аймакты сел алганын көрүүгө болот. Аркыраган суу автоунаалардан бери агызып, кичи автобустардын кап ортосуна чейин каптап калганы тартылган видеолор желдей тарап жатат. Мындан сыркары Оштон Ноокат, Баткен, Алай тарапка кеткен жолдор жабылганы айтылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү убакыт боюнча кечки бештер чамасында 420 киши коопсуз аймакка чыгарылганын билдирди.
Дрондон тартылган видеолордон дарыяны бойлой жайгашкан бир топ жерди аркыраган суу каптаганы көрүнүп турат.
Алдын ала маалыматка караганда, сел жалпысынан жети автоунааны агызып кеткен. Аларды төртөө табылып, үч унаа изделүүдө.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Селден кийин төрт киши изделүүдө
"Ошто селден кийин эс алууга барган төрт киши изделип жатат. Ак-Буура дарыясынын нугунда ташып кетет деген кооптуу жери деле болгон эмес. Башынан катуу келгендиктен бак-дарактарды агызып келип, ташыды окшойт. Жазында үч айлык жарыяланган учурда дарыянын нугу тынымсыз тазаланып турган. Дарыяда мындай суу келгенин мурда көргөн эмесмин. Бийик экенине карабай кишилер базарды көздөй өткөн 2-3 көпүрөнү алып кеткенине таң калдым. Буга чейин шаарда таза суу көйгөйү курч эле. Кенедей жамгыр жааса ылай суу агып же токтоп калчу. Суу кампа, суу маселеси боюнча чоң иштер жүргүзүлгөндөн кийин азыр андай маселе жок. Бирок учурда шаардын кээ бир аймагында суу түтүктөрүнө да зыян келгени тууралуу кабар алып жатабыз. Кошумча маалымат берилет",- деди Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын башчысы Жумамидин Сулайманкулов.
Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн камазга элди жүктөп жатып, камаз жылып кетип 1 кишини тебелеп кетип, ошол жерден каза тапты. Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.

Сүрөттүн булагы, Ала-Тоо 24 каналы тарткан видеодон
Сел кайсы жерлерди каптады? Расмий маалыматтын негизинде:

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Ош - Гүлчө - Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды.
Бүгүн, саат 14:30 чамаларында Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел Ош – Гүлчө – Эркечтам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки авто унаа жолдоруна кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.
1 даана Автожүктөгүч техникасы тартылып жумуш башталды. 9-чакырымынан ылдый карай тазалоо иштери жүрүп жатат.
Андан сырткары турак-жайлардын короо-сарайларына жана жертөлөлөрүнө сел суулары кирген.
Кара-Суу району боюнча ӨКБнүн өздүк курамына жана Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланды
Базарлар менен эс алуучу жайдагылар эмне болду?

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Оштун Бөрүбай-Ата жана борбордук базарында эс алуу жайындагыларды куткаруу иштери.
"Базардын ичи бассейн эле болуп калыптыр. Эми эмне кылаарыбызды билбейм. Бул эми жуусак кетеби? Бул жердегилер өзүбүз аман калганыбызга шүгүр деп турушат. Суу чоң келди. Агып баратып эптеп чыгып кеткендер да болуптур",- деди базардагы сатуучуларды бири Би-Би-Сиге.
Саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарында сел жүргөн.
Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. Жалпы 46 куткаруучу тартылды.
Мындан сырткары Ноокат районунда саат 13:30дар чамасында Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 57-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду ачууга техника тартылды.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Жыл башынан бери каптаган кел кеминде 15 кишинин өмүрүн алды. Көбү жаш балдар. Жакында эле Ноокат районун каптаган сел оор кесепеттерге кептеп койду. Алдын алуу иштери толук кандуу жүргөнбү, алдын алууга болот беле, климаттын өзгөрүүсү буга канчалык таасирин берди деген сыяктуу суроолор турат. Селдер жыл башынан бери карай эле кеминде 100 миллион сом чыгым алып келгени айтылууда.








