Суданда жүк ташуучу учак атып түшүрүлдү. Ичинде орусиялыктар болушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, AFP
Регулярдуу армия менен аскерлештирилген "Ыкчам колдоо күчтөрү" (RSF) ортосундагы кармаш жүрүп жаткан Судандын Түндүк Дарфур провинциясында, Ил-76 жүк ташуучу учагын атып түшүрүштү. Экипаждын арасында орусиянын жарандары да болушу ыктымал.
Орусиянын Судандагы элчилиги бул маалыматты текшерип жатканын билдирди.
"Элчилик судан бийлиги менен байланышып бул инциденттин чоо-жайын тактоо үчүн баардык зарыл болгон аракеттерди көрүп жатат. Кыйроо болгон аймактын Дарфурдагы согуш тилкесинде жайгашканы абалды оорлотуп жатат",- деп жазылган билдирүүдө.
Авиацияга тиешелүү окуялар боюнча маалыматтарды топтогон Aviation Safety Network кызматынын маалыматына караганда, кыйроого учураган учак — Ил-76Т маркасындагы EX-76011номери менен каттоодон өткөн.
New Way Cargo компаниясы сөз болуп жаткан аба кемесинин оператору. Учак "Рас-эль-Хайма" (БАЭ) эл аралык аэропортунан Судандын коңшусу болгон Чадды көздөй Амжарас шаарына учкан.
Судандагы согушту чагылдырууга адистешкен Sudan War Monitor порталы билдиргендей, RSF согушкерлери жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттөргө жакын Ил-76 учагын судандык күчтөрдүн бомбалоочу учагы деген жаңылыш ой менен атып салган болушу мүмкүн.
"Далилдер, анын ичинде учактын сыныктарын анализдегенден кийинки алынган маалыматтар, сөз болуп жаткан учак иш жүзүндө аба көпүрөсүнүн мүчөсү болуп, Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) тарабынан каржыланып, RSF күчтөрүнүн өзүн колдоого алган күч болгонун ырастайт. Кыйрап түшкөн учактын сыныктарын тартып жетине албай жүргөн күчтөр бул учак алардын өздөрүнүн муктаждыктарын камсыздап жана ташуу, жеткирүү менен алек болгон жүк ташуучу учак экенин түшүнүшкөн жок окшойт",- деп жазды басылма.
Sudan War Monitor көңүл буруп жаткан жагдай, учак кулаган жерден тартылган видеолордун биринде кыргыздардын “Манас” аба майданынын өткөрмө кагазы даана көрүнөт, анда Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы жазылган, ал эми экипаждын экинчи мүчөсүнөн россиялык паспорт чыккан.
Портал Airline Transport Incorporation FZC компаниясы Бириккен Араб Эмираттарында жайгашканын белгилейт.
Орусиялык басылмалар экипаждын болжолдуу эки мүчөсүнүн тең аттарын атап жатышат. Курман болгондор тууралуу азырынча расмий тастыкталган маалымат боло элек.
БАЭ бийлиги буга чейин Суданга гуманитардык жүк жибергенин жана кармашып жаткан эки тараптын бирине дагы согуштук жабдууларды жеткирбей турганын билдирген.
"Манас" эл аралык аэропорту бул боюнча маалымат таратты
"Суданда атып түшүрүлгөн жүк ташуучу учакта каза болгон В.Г. “Манас” аэропортунун кызматкери эмес", -деп билдирди Би-Би-Сиге аэропорттун басма сөз катчысы Алена Хоменко.
Маалыматка караганда, В.Г. Кыргызстанда катталган Airline Transport Incorporation компаниясынын инженери болгон. Ал компания “Манас” аэропорту менен кызматташып келген.
"Жерде кызмат көрсөтүү боюнча макулдашуу болгондуктан анын аэропорттун перронуна, бортко кирүүгө уруксат кагазы болгон. Мындай уруксат кагаздары биз кызматташкан авиакомпаниялардын баарына берилет”,- деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жайында Amnesty International укук коргоо уюму, Кытайда, Орусияда, Сербияда, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана Йеменде чыгарылган курал-жарактар ири өлчөмдө Суданга импорттолуп, кээ бир учурларда кайрадан Дарфурга жөнөтүлүп жатканын иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып билдирген эле.
"Суданга куралдын туруктуу келип турушу жөн-жай тургундарды азапка салып, алардын чоң масштабдагы өлүм-житимине алып келет",- деп айтылган Amnesty уюмунун билдирүүсүндө. — Курал жеткирүү боюнча эмбаргонун азыркы учурда Дарфур аймагына гана тиешелүү болушу такыр туура эмес жана жалпы Суданга тиешелүү болушу керектиги айдан ачык".
Судан июнь айында аскерлештирилген түзүмдөргө курал-жарак ташуу жолу менен согушту ырбатып жатат деп БАЭни айыптаган. Эмираттар мындай айыптоолор күлкү келтирет деген жана "согушуп жаткан тараптардын биринин аша чабуусу" деп билдирген.
Курал ташууга коюлган чектөөгө байкоо салган БУУнун эксперттери, БАЭ RSF үчүн аптасына бир нече жолу Чаддан курал жөнөтүп жатат деп "ишенимдүү" далилдери бар экени тууралуу январь айында билдиришкен.
Абу-Даби бул айыптоолорду четке каккан жана БУУнун байкоочуларын Амжараста курулан талаа госпиталына келип кетүүгө чакырган.
Ошондой эле жаңжалдашкан эки тарап тең чет өлкөлүк учкучсуз учактарды пайдаланышканы тууралуу маалыматтар да чыккан. Би-Би-Синин журналисттери бул маалыматтарды кенен анализдеп чыгышкан.
Июнь айында АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд Вашингтондун тышкы күчтөргө карата "Суданга курал жеткирүү менен от чачууну тереңдетпей жана конфликтти чойбой, мыкаачылыкка шарт түзбөгүлө" деген кайрылуусун кайталаган.
Жарандык согуштун кеспети

Би-Би-Си соңку мезгилде эле согуш каптаган аймакка барып, ал жердегилерден кабар алып келген эле.
Сурөттө көрсөтүлгөндөр дүйнөдөгү эң начар делген гуманитардык каатчылыктын көңүл чордонунда калган үй-бүлөлөрдүн бир тобу
Суданда 26 миллион адамды олуттуу ачарчылык тооруп турат.
Порт-Судан шаарындагы жер которгондор баш калкалаган бул лагерде алар согуш майданынан алыс турганы менен жашоосу оор.
Бир нече айдан бери Судан армиясы негизги өткөрмө бекет аркылуу гумжардам жеткирүүнү токтотуп койгон мисалдар бар.
Алардын айтымында, Ыкчам колдоо күчтөрү гумжардамды уурдап, курал-жарак да ташып турган.
Жаатташкан эки тарап тең гумжардам жеткирүүгө бут тоспогонун айтууда.












