Судандагы согуш: касташкан тараптар токточу түрү жок

Черный дым над городом

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коюу түтүн баскан Хартум

Суданда өкмөттүк аскерлер менен "Ыкчам колдоо күчтөрү" деп аталган куралдуу күчтөрдүн ортосундагы согуштан жүздөн ашык адам курман болду, жарадар болгондор миңден ашты. Россия, АКШ, Кытай жана Сауд Аравия сыяктуу өлкөлөр ишембиде дүрт эткен согуштук аракеттерди токтотууга чакырууда. Жекшембиде касташкан тараптар жайкын тургундарды эвакуация кылып алыш үчүн кыска убакытка ок атышууну токтотушту, бирок биротоло токтотчу түрлөрү жок.

"Африка" журналынын редактору Мэри Хаппер жиберген кабарга караганда, баш калаа Хартумда жана башка шаарларда атышуулар үстөкө-босток жүрүп жатат. Эл жашаган райондорду аралап танкалар жүрөт, асманда кыргыч учактардын үнү дүңгүрөйт.

Ажал айдаган бул кармаштын тамыры эки аскер жетекчисинин ортосундагы күрөштө жатат. Бири, Судандын лидери генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан. Экинчиси анын орун басары генерал Мохамед Хамдан Дагалоо. Ал айрымдар геноцид деп атап келаткан Дарфурдагы согуш убагында куралдуу кошуунду атчан баштап чыгып элге таанылган.

Генерал Дагало Судандын лидери генерал Абдел Фаттах аль-Бурханды кылмышкер деп атап, анын колго түшүп беришин талап кылууда.

Өкмөт армиясы "Ыкчам колдоо күчтөрү" тарамайынча эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт деп жатат.

Беш жыл мурда Суданда диктатор лидер Омарь аль-Баширдин бийлиги кулаган революциядан кийин абдан чоң оптимизм болгон эле. Азыр өлкө кайрадан кургуйга кулап жатат.

Улица в городе и дым от взрыва

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хартумда 56 адам курман болду, жарадар болгондр 250дөн ашты деген кабарлар келүүдө

БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы жекшембиде өзүнүн үч кызматкери курман болгонун кабарлап, Судандагы бардык операцияларды убактылуу токтотконун билдирди. Анын үч кызматкери Түндүк Дарфурдагы Кабкабиядагы кармаш убагында өлтүрүлүп, дагы эки кызматкери жарадар болду. "Рейтер" агенттиги билдиргендей, курман болгон үч адам тең судандыктар.

Люди получают гуманитарную помощь

Сүрөттүн булагы, SIMON MAINA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ишин токтотсо, миңдеген адамдарды ачарчылык басышы мүмкүн

Атышуулар убагында Хартумдун аба майданында БУУнун гуманитардык кызматынын учагы жабыркады.

Азыркы убакта кайсы шаарлар жана региондор кимдин көзөмөлүндө турганы так белгисиз. "Ыкчам колдоо күчтөрү" баш калаадагы бардык негизги объектилерди көзөмөлдөп турганын билдирүүдө. Ал эми куралдуу күчтөрдүн башчысы бул жалган дейт.

Солдаты и жители Порт-Судана

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Порт-Судандагы армиянын жоокерлери "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" эки базасын өз көзөмөлүнө алганын билдирди

Согуштук аракеттер чоң Судандын ар кайсы жерлеринде жүрүп жатат, бирок түндүк-чыгыштагы Порт-Суданда согуш токтогон өңдүү. Күбөлөрдүн айтымында, армиянын жоокерлери "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" шаардагы эки базасын өз көзөмөлүнө алышты.

Армия үч жыл мурда төңкөрүш уюштуруп, премьер-министр Хамдукту үй камагына алгандан кийин жарандык жана аскердик лидерлер бийликти бөлүшүү боюнча оор макулдашууга жетишкен болчу.

Төңкөрүштүн лидери генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан октябрь айындагы төңкөрүштү коргоп, аскердик күчтөр жарандык согуштун алдын алып калганын жана Судан жарандык башкарууга өтөрүн, шайлоо 2023-жылдын июлуна пландалганын билдирген. (КС)