"Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм". Спикер ынтымак маселеси тууралуу айтты

Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңеште "Министрлер кабинетинин күнү" өтүүдө. Анда өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер талкууланып жатат. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда. Бирок депутаттар Адылбек Касымалиевдин өзү эмнеге келбегенине кызыгышты.

"Ушундай өкмөттүк саатка кийинкиде өзү келсе. Себеби, бул кварталда бир өтө турган маселе. Анан өкмөт менен депутаттардын ортосунда кайым айтышуу, пикир келишпестик болуп жатат. Депутаттык топтун башчылар, тажрыйбалуу депутаттар менен орун басарлардын, бөлүм башчылардын кайым айтышуусу болуп жатат. Тартип маселесин да жакшылап сүйлөшсөк болмок", - деди депутат Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайга иш-сапарга барып келүүнү суранган. Ошондой эле спикер бийлик бутактарынын ортосундашгы маселени президент менен сүйлөшкөнүн билдирди.

"Мен кечинде урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм. Бул маселелер боюнча биз талкууладык. Кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек. Элдин бакубаттуулугу жана мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн баарыбыздын максатыбыз бир. Ал эми аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда анча-мынча көз караштардын келишпестиги, анча-мынча кайым айтышуулар мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлйом. Бирок татаалдаштырбаш керек", - деди спикер.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламенттин 4-февралдагы жыйынында айдоочулук күбөлүк маселесин парламентте көтөрүү популисттик кадам болбогонун, элдин үнүн аткаруу бийлигине жеткирип жатышканын айткан. Сулаймановдун сөзүнөн кийин бийлик бутактарынын ортосунда сый болушу керектигин Нурланбек Тургунбек уулу да билдирген. Бул билдирүүлөр президент Садыр Жапаровдун депутаттардын дарегине айткан сынына жооп катары кабыл алынды. Президент 3-февралда "Унаа" ишканасына барган учурда автомектептердин маселесин көтөргөн депутаттарга кайрылып, маселени терең изилдөөгө, андан соң гана сын айтууга чакырган.

3-февралда болсо, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Акылбек Түмөнбаев менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу Ысык-Көлдөгү оорукананын курулушуна байланыштуу катуу кайым айтышкан. Ага чейин да "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Мамлекеттик курулуш агенттигиндеги айлык акылардын тегерегиндеги талкууну парламенттин күн тартибине чыгарууну талап кылган. Депутат Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин кызматкерлердин 500 миң сомдук айлыгы тууралуу билдирүүсүн тактоо зарыл деген маселени көтөргөн. 5-февралдагы парламенттеги "Министрлер кабинетинин күнү" жыйынында ушул маселе да кароо киргизилген.

"Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Министрлер кабинетинин күнү" орун алып, ыш менен байланышкан экологиялык абал, коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүшү, тигүү тармагын колдоо чаралары, курулуш тармагындагы баалардын жогорулашы, ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө карата баа түзүү сыяктуу маселелер талкууланууда" деп айтылат парламенттин маалыматында.