«Мал катары көрөт» - Лондондун полициясындагы расизм

Сима Котеча, Улуу Британия

Лондон полиция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Лондондогу полициянын кара өңдүү кызматкери ага кээ бир ак кесиптештери мал катары карап жатканын билдирип, расисттик жолойдо сөз айткандарга «шоона эшпеген» жаза колдонуп жатат деп полиция башчыларын айыптады.

Ал Улуу Британиянын полициясында расизм күчөп жатат деп айткан кара өңдүү жана этникалык азчылыктын он өкүлүнүн бири.

«Алар баш көтөрбөй калганга чейин сени басмырлай беришет»,-деди ал.

Баш калаадагы полициянын ишеним жана легитимдүүлүк боюнча бөлүмүнүн башчысы, комиссардын жардамчысы Пипп Миллс Би-Би-Сиге «офицерлерден мындай сөздөрдү угуу чынында абдан оор» деп билдирди.

Баш калаадагы полициянын өкүлү өзүнүн билдирүүсүндө «Биз бул окуяларга абдан кабатырбыз, баш калаанын полициясында ушундай адамдар бар экени абдан өкүнүчтүү» деди.

«Мындай болбойт, кандай прогресс болсо дагы ал баары жетишсиз».

«Алар мыскылдап күлүштү»

BBC News сүйлөп берген полиция кызматкерин жөн гана офицер А деп коелу. Ал мындай деди: «Эгер сиз кара өңдөгү адамдын чачына күлө турган болсоңуз, анда сизди «ойлонуп окуу» деп аталган жакка жиберишет. Эгер инцидентти сөз кылсаңыз, анда кайра сиз эмне кылышыңызды айтышат».

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

«Бул расисттик сөздөр үчүн катуу жаза эмес жана «болбойт» деген белги да эмес».

«Менден кечээ кечки тамакка пияз жедиңби деп сурашты»,-дейт дагы бир офицер. «Алар мени пияз жыттанып атат дешип каткырып күлүштү. Алар ушинтип беймаза кылышат».

«Бизге сырткы өңүбүзгө карап жаман көз карашын агытышты»,-дейт дагы бир офицер.

Бир нече аптанын ичинде ортоңку звенодогу бир нече офицер баш калаадагы өздөрүнүн иши жөнүндө ушундай кабатыр маанайдагы интверью беришти.

Алар расизмди көрмөксөн болуп жаткан маданиятты жана кара өңдөгү, этникалык азчылыктын өкүлдөрүнө полицияда өсүп өнүккөнгө жол жок, тоскоолдук көп деп айтышууда.

Бардык офицерлер баш калаадагы полициянын комиссары Мар Роулини дискриминацияны жоюу боюнча жетиштүү чара көрбөй жатат деп айыпташты.

Бул баронесса Луиза Кейсинин полициядагы расизм, аялдарды жек көрүүчүлүк, гомофобия көрүнүштөрүн ашкерелеген отчету жарыяланганына 18 айга чамалап калганда болуп жаткан иш.

Ал эми комиссар өз кезегинде расизм деген диагнозду моюндап, бирок «институционалдык» деген терминди колдонгон жок.

Ал полицияга жаңы кабыл алынгандардын 25% - этникалык азчылыктардын өкүлдөрү экенин белгилеп, көп маселеде жылыш бар экенин айтты.

Бирок Азия тектүү бир офицер мындай деди: «Расизм мурдагыдан да жаман болуп баратат, анткени аны жоюуга эч кандай конкреттүү чаралар жок, аны көрмөксөнгө салышууда. Ал эми азчылыктын офицерлери кесиптик милдеттерин аткаруудагы проблемалардан улам куугунтукка алынууда, полициянын ичинде тымызын расизм гүлдөп жатат», -деди.

2019-жылы Полиция башчыларынын улуттук кеңеши (NPCC) этникалык азчылыктан чыккан полиция кызматкерлери ак кесиптештерине караганда мыйзамсыз аракеттер боюнча эки эсе көп айыпталарын аныктаган болчу.

Бирок азыркы убакта кара өндөгү канча полиция кызматкери жана этникалык азчылыктын канча кызматкери тартиптик жазага тартылганы тууралуу статистикалык маалымат жок.

Жакында эле Лондондун полициясы кадрларды тандоо, кабыл алуу боюнча жаңы өнөктүк баштаган. Он жыл аралыгында полициядан 5000 офицер иштен кеткен жана азыркы убакта 1400 полициячы жана аялдар жетишпейт.

Алардын өздөрүнүн айтымында жогорку наамдагы 28 офицер - командирдин экөө этникалык азчылыктын өкүлү.

Жаңы өнөктүктүн жарнамасында «Жаңыланууга сиз керексиз» деп айтылат жана этникалык азчылыктан чыккан кээ бир полиция кызматкерлеринин сүрөтү көрсөтүлөт.

Офицер А мындай деди: «Жаңы кабыл алуу — бул оюн-тамаша. Эгер адамдар дискриминация эмне экенин билгиси келсе, борбор шаардын полициясына кириши керек”.

«Ошондо сиз дискриминация эмне экенин билесиз... бул аябай жаман уюм...»

Ал этникалык азчылык өкүлдөрүнө полицияга кирүүгө кеңеш бербей турганын айтууда.

Полиция Лондон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы өнөктүктүн жарнамасында «Жаңыланууга сиз керексиз» деп айтылат жана этникалык азчылыктан чыккан кээ бир полиция кызматкерлеринин сүрөтү көрсөтүлөт.

«Сен сүйлөп атканда эч ким укпайт»

«Алар адатта сени расалык сөздөр менен атабайт, кордобойт, бирок сени мал катары көрөт».

«Эгер алар сиздин прогресске умтулуп жатканыңызды сезип калышса, тоскоолдук кылуунун толтура жолун табышат».

Офицер А дагы мындай дейт: «Сиз сүйлөп жатканда сөзүңдү бөлүп токтотушат, эч ким укпайт».

«Мына ушундай учурларда адамдын ишеними түгөнө баштайт».

Дагы бир кызматкер: «Өзгөрүүлөр жетекчиликтин ичинде жана бардык деңгээлде, жогортон төмөн карай жүрүшү керек» дейт.

Офицер А Кейсинин отчету жарыялангандан кийин кырдаал дагы начарлап кеткенин айтты:

«Комиссар расизмди көйгөй деп тааныбайт, — ал эми кээ бирлери муну көрмөксөн болуп өз билгенин кылып атышат».

2020-жылы АКШда бир полицей Жорж Флойдду атып өлтүргөн окуядан кийин NPCC Англияда жана Уэльсте дискрминацияга каршы күрөштүн планын жарыя кылган эле.

Бул иштин башында Лондондун полициясынан чыккан комиссардын жардамчысы Элисон Хейдари турат.

«Токсикалык чөйрө»

Бир нече апта мурун эле кара өңдөгү полициячылардын улуттук ассоциациясы (NBPA) бул планды колдогон чечимин кайра чакырып алып, тартип коргоо тармагы - кара өңдөгү жана азия тектүү офицерлерге коопсуз иш эмес деп билдирди.

NBPA президенти Энди Джордж «Биз бул иш чөйрөсү кооптуу деп эсептейбиз, ал эми кара өңдөгү жана азия тектүү адамдар менен жарандык коом уюмдарынын тажрыйбасын, көз карашын коомчулук укпайт жана баалабайт. Бул NBPA колдоого ала турган иш эмес».

Ал баш калаадагы администрация расалык басмырлоого каршы күрөштүн улуттук планын кабыл алганын, бирок аны аткарууга аз каражат каралганын айтты.

Офицер А мындай деди: «Лондондо иш-аракеттер планы боюнча эчтеке жок. Бул курулай сөздөр».